Азил анкета өрнөгү

Сын түгүл жазаны да тоотпогон аткаминер. Кимбайкенин азил сүрөтү. 07.6.11.

Өзүн “Асмат” деп атаган замандаштын тамашалуу анкетасы.

Туулган жылы - илгери, чоң атасы пенсияга чыккан жылы, алашалбыртта төрөлгөн

Уруусу - сол канаттын жыга чабар деген уругунан

Санжырасы - токсон тогуз атасын билет жана сүйлөшүп турат

Атактуу аталары ким - алтымыш атасы Баатыр болгон, отуз атасы Олуя болгон, алты атасы манап, бир атасы жалчы, бир атасы камунист, өз атасы алиментчи болгон

Үй-бүлөсү - биринчи катынынан үч кыз, экинчи катынынан эки кыз, үчүнчү катынынан үч аборт, төртүнчү катынынын боюнда бар

Ишенгени - катынынын курсагы

Ишенбегени – УЗИ-ачыктын көргөзгөнү

Кызыкканы - үч катынынын кийинки күйөөлөрү

Таң калганы - биринчи катыны эгиз эркек төрөгөнү

Күйүнгөнү - экинчи катыны удуу-удаа эки уул тууп салганы

Сүйүнгөнү - үчүнчү катыны такыр төрөбөй калганы

Жактырбаганы – айыл өкмөт

Жактырганы – айыл өкмөттүн аялы

Саясатчысы - Ленин

Урааны - окуу, окуу жана окуу!

Ичимдиги - арак, арак жана арак

Майрамы – 8-март, 9-март… жана 11-март

Хоббиси - бөтөлкө чогултмай

Бош убагын кантип өткөзөт - гезитке чыккан некрологдорду окуйт

Келечекте ким болгусу келет - президенттин кудасы болгусу келет

Билдирүүнү түзөткөн: Asmat: 20.02.2008

Булак: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=7961&st=40