ЖККУнун мааракелик саммити мамилени сынайбы?

ЖККУ лидерлери Москвадагы мааракелик саммитте. 16-май, 2022-жыл.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Москвада бул саясий-аскердик бирикменин мааракелик жыйынына чогулду.

Бул Орусия Украинага кол салып, эл аралык абал чыңалгандан берки уюмдун мүчөлөрүнүн биринчи бетме-бет жолугушуусу. Саясий чөйрөдөгүлөр жана талдоочулар Кремл уюмга мүчө мамлекеттерден колдоо алуу үчүн басым көрсөтүшү мүмкүн экенин да жокко чыгарышпайт.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мааракелик саммити Орусиянын Украинадагы “атайын аскердик операциясы” үч айга аяк басып, блицкриг планы ойрон болгон учурга туура келди.

Путин эми НАТОнун кеңейишине кооптонбойт

Кремлдин басма сөз кызматы кабарлагандай, президент Путин жыйынга чейин ЖККУга мүчө алты мамлекеттин ар бир лидери менен өз өзүнчө жолукканы айтылып, бирок эмне тууралуу сөз болгону айтылган жок.

Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүккө арыз бергенине жана Украинадагы соңку кырдаалга карата Кремлдин позициясы эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган учур.

Бирок президент Владимир Путин муну коркунуч катары кабыл албастыгын, ал эми Украинадагы кырдаал боюнча жабык маалымат берерин билдирди:

Владмир Путин, Орусиянын президенти. ЖККУнун мааракелик саммитти. 16-май, 2022-жыл.

“Эми Финляндия жана Швеция сыяктуу жаңы мүчөлөрдү алуунун эсебинен альянстын кеңейип жатканы жөнүндө... Мен сиздерге, урматтуу кесиптештер, маалымдагым келет. Орусиянын ал мамлекеттер менен эч кандай маселеси жок. Ошондуктан бул жагынан алганда, аталган мамлекеттердин эсебинен анын кеңейүүсү Орусия үчүн түздөн-түз коркунуч жаратпайт. Бирок, бул аймактарга аскердик түзүмдөрдү жайгаштырууга сөзсүз биздин реакция болот. Ал эми кандай жооп болорун, бизге туулган коркунучтардын негизинде гана карайбыз. Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясына келсек, биз албетте, аны талкуулайбыз. Мен толук маалымат берем. Бирок, албетте аны жабык режимде жасайбыз”.

Дагы караңыз Согуш Финляндия, Швецияны НАТОго кирүүгө түрттү

Путин НАТОнун чыгышка карай кеңейишин алдын алуу деген жүйө менен быйыл 24-февралда Украинадагы “атайын аскердик операцияны” баштоого буйрук берген эле.

Бул жолу саммитте Путин ЖККУ лидерлерине “атайын аскердик операция” качан аяктай турганын айткан жок.

Саясат талдоочу Эдил Осмонбетов Украинадагы соңку кырдаал эл аралык абалдын өзгөрүшүнө алып келип, Москва өнөктөштөрдөн ачык колдоо издеп жатканын белгиледи:

“Орусия буга чейин “биз Украина менен эмес, НАТО менен согушуп жатабыз” деп айтып келбеди беле. Бүгүнкү күндө эл аралык абал аябай эле оор. Азыр Кавказдагы жана Борбор Азиядагы мамлекеттер дагы өздөрүнүн эгемендигин жана болочогун ойлошот. Анан алар санкциялар деген эмне экенин билишет да. Ошондуктан аларга бул маселеде биринчи кезекте өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын эске алууга туура келет”.

Дагы караңыз Донбасста орус армиясы алдан тайдыбы?


Кремл Украинадагы аракеттерин актаган менен анын Беларустан башка өнөктөштөрү бейтараптуулукту карманышууда. Саммиттин ачык бөлүгүнүн жүрүшүндө эл аралык абалга кабатырлануу айтылганы менен ЖККУ мүчөлөрүнүн Орусиянын Украинадагы "атайын аскердик операциясынын" жүрүшү же жыйынтыктары тууралуу ачык-айкын талкуу болуп, тикелей сөз болбоду.

ЖККУ менен БУУнун бейпилдик миссиясын айкалыштыруу

Президент Путин өз сөзүндө ЖККУ Казакстандагы жыл башындагы кандуу окуяны жөнгө салууда башкы ролду ойногонун бир нече жолу баса белгиледи.

Бирок ал саясий өнөктөштөрдүн Украинадагы азыркы кырдаалга карата мамилесине токтолгон жок.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн БУУнун тынчтыкты сактоочу миссиясы менен айкалыштыруу демилгесин көтөрдү:

Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын президенти.

“Уюмдун артыкчылыгы анын бейпилдик күчтөрүнүн дараметин өнүктүрүүдө. Азыр бардык инструменттердин бардыгы калыптанып бүттү. Ошондуктан биздин оюбузча, Жамааттык коопсуздук күчтөрүн БУУнун тынчтыкты орнотуу ишмердиги менен байланыштыруу милдети азыртадан коюлушу керек. Мындай кадам ЖККУнун укуктук жагын бекемдеп, уюмдун тынчтыкты сактоо боюнча эл аралык бейпилдик иштерине катышуу практикасын камсыздайт”, - дейт Токаев.

Дагы караңыз Кыргыз-казак мамилесин сынаган геосаясий жагдай

Өнөктөштөр ынтымагы: "өгүз өлбөсүн, араба сынбасын"

Беларус лидери Александр Лукашенко эл аралык абалга карата ЖККУ бирдиктүү турумун иштеп чыгып, ынтымагын көргөзүш керек деген маселени көтөрдү. Бирок ал муну менен эмнеге ишарат кылып жатканын айтпады.

Президент Садыр Жапаров эл аралык абал оорлошуп кеткенине бушайман болуп, Орусияга киргизилген санкциялар кыргыз экономикасына дагы оор кесепеттерин тийгизип жатканын айтып, кырдаалдан чыгуунун бирдиктүү жолдорун издөөнү сунуштады:

Садыр Жапаров, Кыргызстандын президенти.

“Бизди санкциялар согушу абдан тынчсызданырат. Кыргыз экономикасы коронавирус пандемиясынан оңоло электе, азыр эми түзүлүп жаткан санкциялык кырдаал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулук менен социалдык туруктуулукка коркунуч жаратууда. Мындай шартта биздин өлкөлөрдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулап, анын начарлашына жол бербөө жана санкциялардын кесепеттерин жумшартуу жолдорун бирге иштеп чыгуу зарылдыгы турат”, - деди Жапаров.

Дагы караңыз ЖККУда кайсы өлкө “көзөмөлдөөчү” болот?

Соңку мезгилде украин аскерлери контрчабуулга өтүп, орус армиясы Харьковдон чегингени кабарланууда. Ошол эле кезде Орусия тынымсыз аба соккуларын улантып жатканы айтылды. Бул жагдайда Москва ЖККУ мүчөлөрүн Украинадагы согушка тартпайбы деген кабатырлануу бар.

“Эркин Эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков бул маселеде Москванын басымы болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:

“Москвада өткөн ЖККУнун жыйыны бизди эле эмес, бардык Борбор Азия өлкөлөрүн кабатыр кылып турган учур. Президенттин позициясын бекем колдоп, бейтараптуулук макамын сактайбыз жана кандайдыр бир басымга жол бербейбиз деген коомчулук тарабынан белги болушу керек эле. Ошол эле кезде президент биздин мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын көздөп, ЖККУ алкагында туура эмес милдеттемелерди алуудан карманып, өлкөнү бул геосаясий тирешке, согушка аралаштырбоосун суранат элек. Бул биздин согуш эмес”.

Дагы караңыз Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири

Саммиттин соңунда ЖККУнун коопсуздук кеңешинин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду. Анда жаңы чакырыктарга каршы туруу жана жамааттык коопсуздукту чыңдоо маселеси көтөрүлдү. Атайын кызматтын ардагери Таалайбек Жумадылов Орусия жалпы саясий-стратегиялык тилектештикти камсыздоого гана кызыкдар экенин, бирок ал ЖККУдан тикелей аскердик жардам сурабай турганын белгиледи:

“Ошондой сунуш берүүгө эч кандай негиз жок. Анткени Орусиянын өзүнүн эле армиясы 1 миллиондон ашат. Ал аскердик резервин толук колдоно элек. Ошондуктан ЖККУ мүчөлөрүнөн аскердик колдоо сураганга зарылдык жок”.

Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы Ташкентте кол коюлуп, бирок кийин Өзбекстан, Азербайжан, Молдова жана Грузия андан чыгып кеткен. Орусия, Беларус, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан 2002-жылы келишимди улантып, аны саясий-аскердик уюмга айлантуу боюнча макулдашууга жетишкен.

ЖККУнун уставында максат ага кирген өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн тышкы агрессиядан, эл аралык терроризмден, ошондой эле ири жаратылыш кырсыктарынан коргоо деп көрсөтүлгөн.

ЖККУ өзгөчө учурда жардам сурагандан башка учурларда мүчө өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпей турганы белгиленген.