Президент кырдаалды жөнгө салууга кадам таштады

Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялады.

Муну менен ал өлкөдөгү чыңалууну жөнгө салып, мыйзамдуу бийлик органдарын ишке киргизүү милдети турганы менен байланыштырып, тиешелүү жарлыктарды чыгарууга даяр экенин билдирди.

Ал эми башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрү президенттин мындай кайрылуусун кырдаалды жөнгө сала турган кадам катары кабыл алып, тез арада Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакыруу зарыл экенин билдиришти.

Ал арада өзүн депутаттар тобу тарабынан өкмөт башчысы болуп дайындалганын айткан Садыр Жапаровдун тарапташтары парламенттин жыйыны программа менен өкмөттүн курамын бекитип, аны легитимдештирүү гана калганын айтышууда.

Ал эми төрт партия премьер-министрликке Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көргөздү.

Президенттин кайрылуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрга караган түнү өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун таратты.

Анда президент өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал улам курчуп жатканын белгилеп, аны жөнгө салыш үчүн бир катар кадамдарга баруу зарыл экенин айтты.

Кайрылууда президент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, жаңы парламенттик шайлоо дайындала турганын жана бул чаралар учурдагы саясий тирешүүнү басаңдатарына ишенерин билдирген.

Президент саясий кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн кызматтан кетирип, кийинки жаңы дайындоолорго мыйзамдуу жол ачыш керек экенин көрсөткөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков президенттин соңку бул кадамын кубаттай турганын билдирди:

Рыскелди Момбеков.

«Президент мыйзамдуу өкмөт түзүлгөн соң гана, кырдаал жөнгө салынгандан кийин гана кызматын тапшырып кете турганы - азыркы кырдаалдан чыгууга анын эң негизги салымы. Президенттин Жогорку Кеңештин токтомун күтүп жатканын айтканы, анда «өкмөт башчылыкка ким талапкерлигин койсо да утуп чыккан адамга жарлык чыгарып, бекитип берип кетейин» дегени туура болду. Бул кайрылууну бардык саясий күчтөр абалдан чыгуунун жолу катары кабыл алышы зарыл. Президент өз ыктыяры менен кызматтан кете турганын айтып жаткан соң, ага импичмент жарыялоого негиз жок. Анан өкмөт башчынын кызмат орду кызуу талашка түшпөшү керек. Ар бир талапкерди фракциялар көрсөтүп, башкаруучу коалиция, анан парламенттик азчылык көрсөтүп, эки талапкердин атаандаштыгынын негизинде гана шайлоо өтсө туура болот».

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кайрылууда жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештириш үчүн Жогорку Кеңештин токтому менен президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл экенин, ал мындай жарлыктарды чыгарып берүүгө даяр экенин жана Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтүп жатканын белгилеген.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылыш үчүн укук коргоо органдары алардын коопсуздугун камсыз кылышы керек экени көрсөтүлгөн.

Премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазып, ага президент кол койгону маалым болду.

Укуктук алкакка кайтуу жолу

Депутат Рыскелди Момбеков бул жагдай парламент жыйынын чакырып, укуктук алкакка кайтууга негиз түзө турганын айтты:

«Кезексиз жыйынды төрага өзү чакырат. Бирок ал азыр жок. Ошондуктан 40тан кем эмес депутаттар кол топтоп же болбосо бир фракциянын сунушу менен жыйын чакырыш керек болуп турат. Президенттин бүгүнкү кайрылуусун анын сунушу катары кабыл алуу зарыл. Президент ошентип кайрылган соң, дымагы ашынып жаткан саясатчылар да ойлонуп, укуктук алкакка киришибиз абзел».

Буга чейин Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына көрсөткөн «Мекенчил» партиясынын өкүлү Бакыт Аманбаев мамлекет башчынын бул кайрылуусу бурмаланып жатканын айтып, азыр парламент жаңы жыйынга чогулуп, өткөндө шайланган премьер-министрдин программасы менен өкмөттүн курамын гана бекитиши керек деген позициясын билдирди:

Бакыт Аманбаев.

«Жакын арада парламент чогулуп, өкмөттүн курамын жана өкмөт башчынын программасын беките турган гана жыйын болушу зарыл. Анткени өкмөт башчы менен спикер тандалган. Парламент өзүнүн кадамын өткөндө эле жасады. Анан Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы өткөндө эле парламентте угузулган. Мыйзам бузулган жери жок. Эмдиги жыйында президенттин арызы каралат. Анан президенттин милдетин аткаруучу болуп турган төрага премьер-министрди бекитүү боюнча жарлыкты кабыл алат».

Буга чейин 6-октябрда Садыр Жапаровду парламенттеги депутаттардын бир тобу өкмөт башчылыкка көрсөтүп, шайлаганы жарыяланган.

Бирок юристтер Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө Баш мыйзамдын бир нече беренеси бузулганын жарыялашкан. Анда президент жаңы премьер-министрди бекитүүдөн мурун мурдагы өкмөттү кетириши керек экенин, Конституция боюнча өкмөттү президенттин милдетин аткаруучу спикер эмес, толук укуктуу президент гана кызматтан кетире ала турганы белгиленген.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү Айданбек Акматов жаңы өкмөттү тандоодо мыйзамдуулукту сактап, саясий кырдаалды эске алуу керек экенин эске салды:

«Президент Жээнбеков кырдаалды татаалдаштырбай, аны жөнгө салууга чара көрүп, ушундай чечимге келип, кайрылуу таратканы туура болду. Эгерде калган саясий күчтөр эми акылга келип, бейтарап адамдын талапкерлигин тандап, аны шайлоо аяктаганга чейин премьер-министрликке шайлап алса, анда кырдаал бир топ жакшырат. Анда бардыгы шайлоого барып, андан жеңип келген тарабы кийинки жаңы өкмөттү түзөт. Бирок эгерде талапкерге токтоло албай, бийлик үчүн күрөш күчөсө, анда абал татаалдашат. «Мекенчил» партиясы Садыр Жапаровду премьерликке тандаса, калган төрт партия Бабановго токтолуп, ал эми Ошто жээнбековчулар Мелис Мырзакматовдун айланасына топтолуп жатышат. Ошол эле кезде Атамбаевдин тарапташтары да өз алдынча топтолуп, өзүнчө митинг өкөрүп жатышат».

Дагы караңыз Президент импичмент маселесин талкуулоого даяр

Ал арада Садыр Жапаровдун тарапташтары анын өкмөт башчылыгын мыйзамдуу деп табууну талап кылып митинг уюштурууда. Ал эми «Республика», «Ата Мекен», «Реформа» жана «Бир Бол» саясий партиялары Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдогон чечимге кол коюшту.

«Реформа» саясий партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова бул чечим кырдаалды эске алуу менен кабыл алынганын билдирди:

«Бул өкмөт шайлоого өткөнгө чейин гана. Кырдаал абдан оор болуп турат. Биз жаштар бийликке келсин дегенбиз. Бирок азыр тажрыйбалуу саясатчы убактылуу бийликти башкарып, шайлоо өткөнгө чейин гана турсун деген чечимге келдик».

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жагдайдан улам эл толкуп, анын негизинде бийлик боштугу пайда болгон.

6-октябрда «Достук» отелинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу кезексиз жыйынга чогулуп, анда спикер алмашып, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги бекитилгени жарыяланган.

Бирок Жогорку Кеңештеги башка саясий күчтөр буга макул болбой, жыйын чакыруу жана өкмөт башчысын тандоо тартиби бузулганын айтып, парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүп, анда төраганы жана премьер-министрди альтернативалуу негизде шайлоо боюнча маселе көтөрүшкөн.