Быйылкы көктөм...
Жамгыр куят кара жерге чабылып,
Аба таза… жазды ээрчитип ашыккан.
Жаанды тыңшап, жолбун ойду качырып,
Мага бүгүн үйдө олтуруу бакыттай. (Зинакан Пасаңова)
Жаздын алтын...
Эртеңкиси, күүгүмү!
Жаздай сүйсөм, барлык көрөөр күнүмү!
Чөнтөгүмдөн сууга түшкөн дүйнөмдөй
Кулагымда шылдырт эткен бир үнү... (Алыкул Осмонов)
Таңын, кечин тасмалындай төгүлгөн,
Таш жолдорун тарамыштай өрүлгөн.
Тамчыларын мөлтүлдөтүп талдагы
Таранчынын көздөрүнөн көрүнгөн.
Чагылганы мизинде ойноп жалындын,
Күн күркүрөп, жер солк эткен айылдын.
Жаалы—мөндүр, жашы—жамгыр, жаны—сел,
Жасалмасыз накта жазын сагындым!.. (Шайлообек Дүйшеев)
Алча гүлү.
Байчечекей жаздын жарчысы.
Жүрөгүмдөн дүпүрөтүп ойлорду,
Жүрөгүмдөй дүпүлдөтүп жолдорду.
Поезд өтөт түнкү 12:00, түнкү жаз...
Бүгүн түнү жазда мендей ойгообу?
Укчу жазым бүгүн мынча буулуктум,
Тамырлашым айтайынчы төгүп муң. (Афина Бакирова)
Үшүп турган жып жылаңач дарактар,
Көл- шал түшүп, куюлганча тердеди.
Көптөн берки актай турган барактар,
Толуп катка сүйгөнүң таап бер деди.
Көрсө бүгүн келген тура жаз күнү,
Катып калган тоңдууларды эритип.
Каңыл жаарды жарып жыттуу жаз гүлү,
Турган өңдүү кыш ызгаарды демитип. (Мирлан Самыйкожо)
Бук болгон шамал көшөрүп,
Булутун жонго көтөрүп.
Жакага түшкөн жол менен
Жаз келе жатты жөтөлүп.
Айдоолор жашын агызган
Ак туман көчүп аңыздан.
Адырды артып баратат,
Алаңдап карлар алыстан. (Шайлообек Дүйшеев)
Жашоо үчүн күрөш.
Калаа ортосундагы бак.
Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып. (Зайырбек Ажыматов)
Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап,кандай сулуу,кандай шаттуу!... (Алыкул Осмонов)
Грек мифологиясында нарцисс гүлү бир кезде сулуу жигит болгону тууралуу айтылат. Өзүн өзү суудан карап, суктанып жатканда ага суу периси ашык болуп калат. Бирок жигит анын сүйүүсүн четке какканы үчүн кудайдын каарына калып, гүлгө айланып калган экен. Психологияда нарциссизм терминин өзүн өтө жакшы көргөн, өзүмчүл адамдарга карата колдонушат.
Көңүлүң жашарткан,
Жаз кайра жакындоодо.
Таланттардын мейманы –
Жаз мезгили.
Ысыган абаны ээрчитип,
Учуруп көпөлөгүн,
Жер жарып чыккан чөптөрү менен,
Жаз баратат, сага
Жаз баратат! (Венера Бөлөкбаева)
Эй, Көктөм!
Бери кара, жүзүң кандай?
Мен сени бала күндөн жакшы көрөм,
Мезгил да Көктөм эле мен төрөлгөн.
Чырайлуу айымзаттын алкымындай,
Чалкалап жаңырса да жаңырган ай
Ээритип тоң дүйнөнү келер эле,
эрини Жаз перинин табийгат ай! (Азамат Кыязов)