Cадыр Жапаров БУУда климат, жакырчылык, куралдануу көйгөйлөрүн көтөрдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөп жатат, 24-сентябрь, 2024-жыл

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясындагы сөзүндө глобалдык көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун биримдигин күчөтүүгө чакырды.

Ал Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна берилгендигин баса белгилеп, Уюмдун эл аралык коопсуздукту камсыз кылуудагы жана адам укуктарын коргоодогу аракеттерин толук колдоорун билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугуна болгон коркунуч жана глобалдык теңсиздик сыяктуу чакырыктарды чечүү үчүн дүйнөлүк мамлекеттердин биргелешкен аракеттери абдан зарыл.

Садыр Жапаров дүйнөдө каражатты куралданууга эмес, өнүгүүгө жумшоого үндөдү

Дүйнө өлкөлөрү куралданууга, ар кандай согуштарга жумшап жаткан каражатты өнүгүүгө, айрыкча жардамга муктаж өлкөлөрдүн абалын жакшыртууга жумшаганы туура болмок. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Ал былтыркы жылы дүйнө жүзүндө куралданууга «чексиз чыгым» жумшалганына токтолуп, бул акыркы ондогон жылдагы эң жогорку көрсөткүч болгонун айтты:

«Биз согушка, кыйроолорго жана өлтүрүүгө кетип жаткан акчаны жаратмандыкка же бүткүл адамзат үчүн глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, глобалдык миграциянын алдын алууга, жакыр мамлекеттерге жардамга колдонсок жакшы болмок».

Адамзат жылдан жылга туруксуз жана татаал болуп бараткан дүйнөдө жашап жатканын белгилеген Кыргызстандын лидери алдыда мурун болуп көрбөгөндөй чакырыктар турганын белгиледи. Алар, Жапаров атап өткөндөй, «глобалдык климаттык катастрофа, континеттерди бөлгөн экономикалык теңсиздик жана элдердин келечекке болгон тынчтык үмүтүн жок кылган кагылышуулар».

«Дүйнөдө куралдуу чыгымдар жыл сайын өсүп жатканын көрүүдөбүз, ошол эле учурда жакыр жана аялуу өлкөлөр өнүгүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга жетишпей жатат».

Стокгольмдогу эл аралык Тынчтык изилдөө институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөдө куралданууга кеткен чыгым 6,8% өсүп, рекорддук 2,5 триллион долларга жеткен. Бул глобалдык ички дүң өнүмдүн 2,3% барабар.

Садыр Жапаров 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштады.

«Кыргызстан шайланган учурда, Коопсуздук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ошондой эле анын курамын аймактык өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун эске алуу менен кеңейтүү ишин улантат. Африка өлкөлөрүнүн Коопсуздук Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн жетишсиздигин оңдоо жана Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө мамлекеттин эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланбагандыгын эске алып, тарыхый адилетсиздикти жоюу убактысы келди», - деди Жапаров.

Кыргызстандын лидери ар бир өлкө эл аралык чыңалууну азайтууга умтулушу зарылдыгын баса белгилеп, куралданууга кеткен чыгымды азайтууга, кагылышуулардын күчөшүнө жол бербөөгө, бардыгы үчүн адилеттүү, коопсуз жана гүлдөгөн дүйнөнү курууга үндөдү.

Коопсуздук Кеңеши БУУнун негизги алты органынын бири болуп саналат. Кыргызстан буга чейин туруктуу эмес мүчөсү болгон эмес. Кезектеги шайлоо 2026-жылдын июнь айында Нью-Йоркто өтөт. Кеңештин 15 мүчөсү бар, алардын арасынан Кытай, Орусия, Британия, АКШ жана Франция туруктуу макамга ээ. Калган 10 мүчөсү эки жылдык мөөнөткө шайланат.

Тышкы карызга - "Жашыл мураспы?"

Планетанын жашоосуна коркунуч келтирген эң кооптуу чакырыктардын бири болуп турган климаттын өзгөрүшү Кыргызстандан үч эсе аракетти талап кылууда. Бул тууралуу 24-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Мөңгүлөрдүн тез эриши, табигый кырсыктардын көбөйүшү жана тоолуу экосистемалардагы суу ресурстарынын азайышы терең тынчсызданууну жаратып жатканын белгилеген мамлекет башчы мунун баары элдин жашоосуна коркунуч жаратарын, жакырчылыктын жайылышына, инфраструктуранын начарлашына алып келерин, андан экономика олуттуу зыян тартарын айтты.

“Кыргызстан үч чакырык алдында турат – бул өнүгүүгө инвестиция салуу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо муктаждыгы менен көмүртек нейтралдуулугуна жетүү. Бул багыттардын ар бири биздин өлкө жана аялуу жамааттар үчүн климаттык туруктуулукту камсыз кылуу контекстинде өзгөчө каржылоону талап кылат. Биз өнөктөштөрүбүз менен биргее иш алып барып, ийгиликке жетүүгө бекем ниеттенип жатабыз. Кыргызстан карызды "жашыл экономикага" алмашуу механизмин күчөтүп, бардык жерде жайылтууну сунуштайт”, - деди Жапаров.

Кыргызстандын президенти белгилегендей, бул өнүгүп келе жаткан жана азыраак өнүккөн өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам берет.

Жапаров Кыргызстан тышкы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин сунуштап, тоолуу аймактардагы экологиялык долбоорлорду каржылай турган Климаттык трасттык фонд түзүү боюнча иш алып барып жатканын кошумчалады.

Былтыр жыл башында Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.

2021-жылы Шотландиянын Глазго шаарында өткөн глобалдык климаттык саммитте Кыргызстан 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдарды 44% кыскартып, 2050-жылга чейин көмүрдөн толук баш тартып, гидроэнергетикага өтөрүн жарыялаган.

Садыр Жапаров юуга чейин да Бириккен Улуттар Уюмунун 79-сессиясынын алкагындагы "Келечек" саммитинде сүйлөгөн сөзүндө климаттын өзгөргөн шартындагы өзгөрүүлөргө көңүл бурган.

Ал учурдагы көйгөйлөр деп мигранттардын санынын өсүшү, климаттык коркунучтардын күчөшү, ошондой эле ресурстардын жана байлыктардын адилетсиз бөлүштүрүлүшүн атады.

"Биз жетишкен ийгиликтер көбүнчө коомдун аялуу катмарларына жетпейт. Көп тараптуу башкаруубуз үчүн адилеттүүлүккө таянган жаңы ыкмалар керек. Ошондуктан тез арада чечкиндүү аракеттерди баштоо керек – күтүп отуруунун убактысы бүттү. Кыргыз Республикасы бул улуу ишке өз салымын кошууга даяр", - деп билдирди.

Президент климаттын өзгөргөн шартында жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызын кечүү жаатындагы сунушун кайталады. Жапаров "жашыл экономикага" өтүү жаатында Кыргызстан ийгиликке жетишкенин билдирип, эл аралык уюмдар жакырчылыкты жоюуга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана глобалдык чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга көмөктөшүп, кирешеси төмөн өлкөлөргө маанилүү жардам көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Дагы караңыз Жапаров Нью-Йоркто Кыргызстан "жашыл" экономикага өтүүдө ийгиликке жеткенин айтты


"Сунуш жакшы, ишке ашыруу аракети жок"

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш быйыл Кыргызстанга келген кезинде өлкөдөгү жарандык коомдун өкүлдөрү аны менен жолугушуп, Кыргызстанга каржылай жана башка жардам берерде анын демократиялык өлкө катары өзүнө алган милдеттерин аткаруусун талап кылуу зарылчылыгын айтышкан.

Алардын бири - "Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мамлекеттик карызды "жашыл долбоорго" алмаштыруу демилгеси колдоого аларлык экенин белгиледи.

Бирок ошого жараша өлкө дүйнө коомчулугунун алдында өз милдеттерин аткарууга тийиштигин айтты.

Төлөйкан Исмаилова

"Эл аралык уюмдардан, каржы институттарынан бир нерсени суранып, карызды "жашыл долбоорлорго" алмаштырууну өтүнгөнү жакшы. Бул жалпы дүйнө жүзүндө колдонулган тажрыйба. Бирок жөн эле жашыл реформага акча алабыз да, токойлорду жаңыртабыз дегенден алыс болушу керек. Бул үчүн стратегия улуттук деңгээлде такшалып, парламенттен өтүп, эл түшүнүп, Эгемендикке ээ болгондон берки уран калдыгынан жабыркаган 90дон ашуун адам да "чыныгы реформа болуп жатат" деп айткыдай болушу керек. Стратегияга журналисттердин, жарандык коомдун, элдин катышуусу сөзсүз камтылышы керек. Журналисттерге, жарандык коомго кысым кылбай, басмырлоочу мыйзамдарды кабыл албай, сөз эркиндигине жана жалпы эгемендигибизге зыян келтирбеш керек. Бул тууралуу биз Гутерриш мырзага да айтканбыз, ал түшүнгөн. Кыргызстанга карыз берген өнүктүрүүчү банктар жарандык коомсуз иштей албайт. Биз жарандык коом, журналисттерге мамилени жакшыртуу маселесин да көтөрүп жатабыз", - деди Төлөкан Исмаилова.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик карызды "жашыл" долбоорлорго алмаштыруу сунушун буга чейин да бир нече ирет эл аралык жыйындарда айтып келген. Мисалы, 2021-жылы Глазгодо өткөн саммитте, быйылкы Астанада өткөн "Германия + Борбор Азия" саммитинде да айткан.

Дагы караңыз Карыздын санаасы: Кыргызстан ЭВФ менен Дүйнөлүк банкка кайрылды

"Факты керек"

Тышкы мамлекеттик карыздын эсебинен климатты жакшыртуу сунушун 2015-жылы Париж саммитинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да көтөргөн.

Муну белгилеген айрым эксперттер кыргыз бийлиги жашыл долбоорлорду баштап, ташталган кадамдар бар экенине дүйнөлүк коомчулукту ынандырууга тийиштигин айтып келет. Андай долбоорлорго мисал катары 2022-жылы президент демилгелеген "Жашыл мурас", Бишкек, Ош шаарларын электробустар менен жабдуу, электр кыймылдаткычы менен жүргөн автоунааларды алып келүүдө жана эксплуатациялоодо берилген жеңилдиктер, электр энергиясын өндүрүүгө жана жылытуу системасына табигый булактарды колдонуу сыяктуу кадамдарды белгилешүүдө.

Эколог жана жашыл жаратылыш үчүн күрөшүп келген активист Гамал Сооронкулов мамлекет башчы өлкөдө климатты жакшыртуу максатында жасалып жаткан иштер тууралуу дүйнөлүк бийик трибунадан маалымат бергени жакшы болмок деген пикирин бөлүштү.

Гамал Сооронкулов

"Кыргызстанда, кудайга шүгүр, жашылдандыруу, көмүр кычкыл газын азайтуу аракеттери жүрүп жатат. Биздин дүйнө жаратылышына, экологиясына келтирген зыяныбыз ансыз деле минималдуу. Анткени бизде түтөп аткан завод-фабрикаларыбыз деле жок, болгону бир эле ЖЭБ бар. Муну белгилеп, андан тышкары акыркы убактарда жашылдандыруу, "Жашыл мурас" программасынын алкагында бак-дарак тигип, токойлорду көбөйтүү менен кычкылтекти көбөйтүп, абаны тазалап жатканыбызды айтышыбыз керек эле. "Биз мынча жылда мынча гектар жерге мынча түп бак отургуздук. Көмүр кычкыл газынын абадагы үлүшүн мынча пайызга азайтып, кычкылтекти мынча пайызга көбөйтө алдык" деп так цифралар менен маалыматтарды бере алса, дүйнөлүк коомчулукка ынанымдуураак болмок", - деди эколог.

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылы "Жашыл мурас" программасы кабыл алынган. Анын алкагында дээрлик жыл сайын миңдеген бак-дарактар отургузулат.

"Жашыл мурас" программасынын сайтындагы маалыматка караганда, 2024-жылы 1434.4 гектар жерге 788066 даана түп дарак отургузулган. Жалпы программа кабыл алынгандан бери 7 миллион бак-дарак отургузулуп, 4,3 гектар аянттагы бак көрктөндүрүлгөн.

Дагы караңыз Тышкы карыз: бийликтин билгени барбы?

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн доллар. Мунун ичинен 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, ал эми 1 млрд 860,14 млн доллары ички карыз болуп эсептелет.