Уруят Ташматова Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарында алты жылдан бери эмгектенет. Ал буга чейин Түркияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын эмгек визасын алуу боюнча иш-чараларга активдүү катышып келген. Өзгөчө мигрант кыз-келиндердин көйгөйлөрүн көтөргөн активист Уруят Кыргызстандагы соңку саясий окуялар үмүт жаратканын билдирди.
«Баарыбыз эле мамлекетибиздин абалын көрүп-билип турабыз. Өзгөчө мекенден алыс жакта жүргөндөр кейип турат. Президент Сооронбай Жээнбеков абийирдүүлүк кылып, "элимдин бир тамчы каны акпасын" деп иштен кетти. Ал эми жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамында акырындап жаштардын келгенин көрүп отурам. Элдин да, бизге окшогон мигранттардын да талабы ошондой эле. Анткени акыркы үмүтүбүз жаштарда болчу. Билинбегени менен 30 жыл ичинде көптөгөн кыргыз жаштары чет өлкөлөрдө татыктуу билим алды деп ойлойм. Эми ошол жаштар келип жаңы өкмөттүн катарына кошулса, элибизди ушул кырдаалдан алып чыгат деген үмүтүм бар. Ушул үмүтүбүздү Садыр Жапаров баш болуп, жаштар менен биргеликте актайт деп ишенип турам».
Dokuz Eylül университетинин докторанты Дастан Разак уулу Түркиядагы шайлоо тажрыйбалары Кыргызстандагы азыркы кырдаалга мисал боло алат деп билдирди.
«Кыргызстандагы абал баарыбызды эле тынчсыздандырды. Өлкөнү жоготуп алуу коркунучу пайда болду. Дагы жакшы, саясий күчтөр ынтымакка келип, мыйзамдуу өкмөттү шайлап алышты. Азыркы бийлик мурдагынын кемчиликтерин кайталабай, туура иш алып барат деп үмүт кылабыз. Мен кандайдыр бир саясий топтун тарапташы эмесмин. Бирок өлкө кризис абалында турганда мыйзамдуу өкмөттүн келиши туура болду. Ал эми эки шайлоонун бир өтүшүн колдойм. Анткени 2018-жылы Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо бир өткөн. Анан ушул нукта жакшы кетип баратат. Ошондой эле люстрация дегенди толугу менен колдойм. Жаңы өкмөт чет өлкөдө окуган жаштарды тартыш керек деп ойлойм. Ал өлкөлөрдүн тажрыйбаларын колдонуп Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөт деген ойдомун».
Кыргызстандагы саясий кырдаалга саресеп салган мигранттардын арасынан 20 жылдан бери Түркияда котормочу болуп иштеген Нурланбек Усубакун парламенттик шайлоонун айынан чыккан бул кырдаалды эске алып, алгач депутаттардын санын азайтууну сунуш кылды.
«Жакында эле парламенттик шайлоону өткөрдүк. Анда эмне болду? Жалаң эле акчалуулар, көпөстөр, тигинин, мунун тууганы акча берип өтүп жатат. Ал эми билимдүү, иштерман кыргыз жаштары көлөкөдө калып кетти. Чет өлкөдө жашаган кыргыздардын сөздөрүн баамдасам, бизге 40-50 эле депутат жетет экен. Кыргызстандан ар бир райондон бирден депутат шайланса ошол туура болот го деген оюм бар. Буга чейин элдин 120 депутатты бакканы жетишет».
Стамбул шаарында көп жылдардан бери эмгектенип жүргөн Кундуз Мамбетова жалпы мигрант энелердин атынан буларды айтты.
«Биз 10 күндөн бери Кыргызстандагы абалга тынчсызданып Интернеттен карап отурдук. Тилегенибиз ошол эскилердин баары кетип, ордуларына билимдүү, жигердүү, иштерман жаштар келсе дейбиз. Өзгөчө министрликтерде жаштарды көргүбүз келет. Өлкөбүз өсүп, өнүксүн. Ар дайым тынчтык болсун. Кан төгүлбөсүн».
Анкара шаарындагы ТЕД университетинин доценти Мирбек Турдуев мурунку менен азыркы бийликтин айырмасы жоктугун белгилеп, келечекте Кыргызстанда кескин өзгөрүүлөрдү күтпөгөнүн айтты.
«Кантип эле кыргыз элинде бийликке татыктуу адам жок? Карапайым эл азыр жаңы келген премьер-министрди колдоп жатышат. Бирок ал деле убагында депутат болчу. Ошол убакта деле конкреттүү өзгөрүүлөрдү киргизе алган жок. Азыр деле өзгөрүүлөр боло турганын күмөн санап жатам. Себеби анын менен чогуу келген адамдар эски жүздөр болуп жатат. Эски аткаминерлер Садыр Жапаровду тегеректеп алып мурунку кыңыр иштерин уланта берет деп ойлойм. Кыргызстанда бир аз өгөрүүлөр болушу мүмкүн, бирок азыркы абалда кескин өзгөрүүлөр болот деп ишене албайм».
Түркиядагы журтташтардын арасында вандык кыргыздар да өлкөдөгү окуяларга кайдыгер калбаганын билдиришти. Рахманкул хандын небереси Курманбек Кутлу Кыргызстандагы абал тууралуу буларга токтолду.
«Бул окуялардан абдан кооптонуп жатабыз. Анткени башаламандык абдан жаман. Биз бул жактан баарын көрүп аябай тынчсыздандык. Президенттин деле белгилүү бир убакытка чейин туруп турганы жакшы болмок. Ал эми азыркы бийликтин кандай болоорун билбейбиз. Жапаровду анча тааныбайт экенмин, бирок келечекте кандай иштерин убакыт көрсөтөт эмеспи. Мени бул окуяларда жаштар таң калтырды. Социалдык тармактардан жаштардын Бишкектеги талап-тоноолорду токтоткону, күнү-түнү «элим-жерим» деп иштеген жаштарды көрүп сүйүндүм».
Түркиядагы кыргызстандыктар социалдык тармактарда Кыргызстандагы акыркы кырдаал боюнча өз пикирлерин байма-бай билдирип, өлкөдө тынчтык жана стабилдүүлүк орношун көздөп жатканын билдирип келишет. Өзгөчө мигрант кыз-келиндер Кыргызстан тез-арада бутуна туруп, экономика өнүксө мекенге кайткысы келген эмгек мигранттар көбөйөрүн айтышат.
Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. Ошондой эле Түркияда эки миңдей кыргызстандык студент билим алат.