Жаркын маанай чачкан журналист түбөлүк жайга кетти

Туулган жерге суктануу. Маркум Жаркын Темирбаева.  

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен баарлашуу (архивден). 

Жаныбек казынын уулу Маматураимге кездешкен учуру, 1993-жыл.

Жаныбек казынын уулу Маматураим белгилүү коомдук ишмер Cалижан Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башка замандаштары менен вице-президент Феликс Куловдун кабыл алуусунда. 1993-жыл.

Жаныбек казынын уулу Маматураим жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен. 1993-жыл. (Бул кезигишүүнү уюштургандардын бири - Жаркын Суран кызы эле). 

Жаркын Суран кызы "Аруужан" уюмунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованы кепке тартып жаткан маалы (архив). 

Жаркын Суран кызы абактагы Тахмина Амантаевага барып, маек куруп жаткан учуру, 19-ноябрь, 2009-жыл. 

Жаркын Суран кызы Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, өлкөнүн Түркиядагы элчиси Медеткан Шеримкулов менен "Азаттыктын" студиясында. 17-январь, 2005-жыл.

Кыргызстандын мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаков камалганда, Жаркын Суран кызы анын жубайы Дарика Оморова менен маек куруп жатат.  25-январь, 2010-жыл.

Жаркын Суран кызы өлкөдөгү бою эң узун жигит Жеңишбек Райымбаевге барып, ден соолугун сурап, "Азаттык" үчүн маек куруп жатат.  16-февраль, 2010-жыл. 

Жаркын Суран кызы Кыргызстандын башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев менен "Азаттык" үчүн маек куруп жатат. 10-сентябрь, 2007-жыл.

Ардактуу журналист Жаркын Суран кызы кесиптештеринин арасында (архив).

"Азаттык" үналгысында көп жылдар бою эмгектенип жүрүп, эс алууга чыккан журналист жана коомдук ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан көз жумду. Анын жаркын элеси өзү жарыялаган жана обого чыгарган эмгектеринде, замандаштарынын жүрөк толтосунда жана сүрөттөрдө калды.