Табиятты сактоого чакырган сүрөтчүнүн галереясы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

16-сентябрда сүрөтчү Нурбек Жолбунов жаратылышты сактоого үндөгөн жана улуттук баалуулуктарды чагылдырган кол эмгектеринин көргөзмөсүн уюштурду. Иш-чара Нарын шаарындагы искусство галереясында өтүп, сүрөтчүнүн чийге, ташка жана кийизге түшүрүлгөн эмгектери эл алдына коюлду. Көргөзмөгө тынчтыкты сүрөт менен чагылдыргысы келген өнөрпоздун 70тен ашык эмгеги коюлган.