Шейх: Жаңы жылды шариятка каршы койбогула

Бишкек.

Өзбекстандын Ислам цивилизациялык борборунун башчысы, Өзбекстан мусулмандарынын муфтийинин орунбасары шейх Абдулазиз Мансур «жаңы жыл майрамы шариятка каршы келбейт» деген билдирүү жасады.

Бирок бул пикир Интернет колдонуучулардын арасында ар кандай талаш-тартышка жем таштады.

Өзбекстандын Ислам цивилизациялык борборунун башчысы, Өзбекстан мусулмандарынын муфтийинин орунбасары шейх Абдулазиз Мансур UZA.uz. мамлекеттик маалымат агенттигине Жаңы жыл майрамы шариятка каршы келбейт деген пикирин жарыялады.

- Өзбекстандын мусулмандары 1-январда бири-бирин жаңы жылы менен куттуктап, белек берип, жакшы каалоо-тилегин айтышат. Миллиондогон мусулмандар үчүн Жаңы жыл майрамы адаттагы эле көрүнүш болуп калды. Ошол жаңы жылды майрамдаганы үчүн эле мусулмандар христиан же каапыр болуп калышты дегенибиз акылга сыябы? Жаңы жылды майрамдаганы үчүн мусулман адамды каапыр же башка деп кесе сүйлөөдөн, өз алдыбызча өкүм чыгаруудан мурда чыныгы исламдын негиздерин түшүнүп алышыбыз керек.​

Дагы караңыз Майрамды жектеген бейбаштык

Дүйнө эли жыл сайын 1-январда белгилеген календардык Жаңы жыл майрамы Борбор Азия мамлекеттеринин баарында советтик жана светтик майрам катары калыптанып калган.

Шөкөттөлгөн балаты, дасторкон толо чүйгүн тамак, шампан менен коштолгон куттуктоолор жана жыл оошуп жатканда жаңырган ыр-күү майрамдык салтка айланган.

Өзбек аалымы Абдулазиз Мансур жаңы жылдык балатыга диний өңүттөн кароонун кереги жок деген пикирде.

- Балатынын ийнесинде эфир майы, шекер жана башка органикалык заттар бар. Андан өпкөнү жумшарып, какырыкты чыгаруучу, ашказандын иштешин жакшыртуучу дарыларды жасашат. Мына ошондон улам балдар балатыга жакын барсын, ойносун, балатынын дарылык касиетин өзүнө сиңирсин деп шактарына таттууларды илип коюшат. Мунун динге эч кандай зыяны жок.

Кыргызстандагы айрым дин өкүлдөрү маал-маалы менен Жаңы жылдык майрамга каршы чыгып, сындап келет. Бул светтик көз караштагы адамдардын ачуусуна тийип, социалдык тармактарда кызыл чеке талаш жараткан учурлар болгон.

Дагы караңыз Аяз атага каршы чыккандар арбыды

Бирок Ош мамлекеттик университетине караштуу теология факультетинин деканы, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажыматов майрамда каалоо-тилегин билдирүүдөн өөн нерсе көрбөйт.

- Жаңы жылды биздин динге туура келбейт деп, чоң көйгөйгө айландыруунун кереги жок. Жаңы жыл жалпы эле дүйнө элдеринде календардык жыл алмашуу катары кабыл алынган. Биз да ошол дүйнө колдонгон календарды кабыл алгандай эле жаңы жылды календардык майрам катары кабыл алып келе жатабыз. Ошондуктан жаңы жылды кадимки календардагы жыл алмашуу катары карап, бири-бирине жакшы каалоо-тилегин айтып койсо, динге каршы иш болбойт. Бирок мен бул майрамдагы ашыкча ысырапкерчиликти, абаны булгап, жардыргыч заттарды колдонгон көрүнүштөрдү сындап келем.

Жаңы жылды майрамдаганга каршы чыккандар негизинен «бул христиандардын диний майрамы» деген аргументке таянышат. Бирок калкынын басымдуусу христиан динин тутунган Европа өлкөлөрү жаңы жылды 25-декабрда белгилешет. Бул күндү алар Рождество же Ыйса пайгамбардын туулган күнү деп билишет. Ал эми христиан дининин православ агымын тутунган жүздөн ашык өлкө жаңы жылды ошол эле Ыйса пайгамдардын туулган күнүн 7-январда тосуп алышат.

Дагы караңыз Иса пайгамбар, Мариям кыз жана музыка

Учурда колдонулган Григорийдин же Юлийдин календары боюнча жыл 1-январда жаңырат. Мына ошол календардык жыл алмашууну белгилеген жаңы жыл майрамын Рим императору Юлий Цезарь биздин заманга чейинки 46-жылы майрам деп бекиткенин тарыхый булактар ырастап турат.

Соңку жылдары Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда айрым диний агымдардын өкүлдөрү жаңы жылды майрамдоого каршы. Айрымдары пикир айтуу менен эле чектелбей, адам өмүрүнө кол салууга чейин барган учурлар катталган. Маселен, 2012-жылы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында аяз атанын тонун кийип, туугандарын куттуктаганы бараткан жигитти «Сен каапырсың!» деген кыйкырыктар менен көчөдө тепкилеп өлтүрүшкөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​