Чынара Жантөшева өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан бейтаптар менен иштейт. Ал анестезиолог-реаниматолог. Чынара 11 жылдан бери эмгектенген мамлекеттик ири ооруканалардын бири Рашид госпиталынын реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө бир эле убакта мынча оорулуу түшүп көрө элек болчу. Учурда бул бөлүмдө 180ден ашуун бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруучу апаратка туташтырылган. Ар кимисинин абалы ар кандай.
«Мынчалык адам көп өлгөнүн өз тажрыйбамда көрө элек болчумун. Албетте, ар кандай жугуштуу оорулар каптап, эл ооруканага көп түшкөн учурлар болгон. Бирок оору ушундай тездик менен жайылганын биринчи жолу көрдүм», - деп оор улутунган Жантөшева өмүрүн сактап кала албаган ар бир адамдын элеси көз алдында экенин кошумчалайт.
«Пандемия жаңы башталганда Дубайга жыйынга келген камерундук жигит коронавирус менен ооруканага түштү. Ал абдан олбурлуу, бою узун, кең далылуу, спорттук формадагы жигит болчу. Жашы кырктан бир аз ашкан. Үч күн жатып эле ширеңкедей күйүп кетти. Өмүрүн сактап калыш үчүн колубуздан келишинче баарын жасадык. Сактап кала албадык», - деген журтташыбыз күн сайын жоготуулар болбосо экен деген тилек менен ишке киришет.
Госпиталдын дарыгерлери вирустан коргоочу тиешелүү каражаттар менен кенен камсыздалган. Аларды туура колдонууну, өз эрежелери менен кийип-чечүүнү да алдын-ала үйрөнүшкөн. Жакындарына жугузуп албаш үчүн COVID-19 илдетине чалдыккандар менен түзмө-түз иштеген медкызматкерлер убактылуу мейманканаларда турушат.
Жалпысынан Бириккен Араб Эмираттарында коронавируска чалдыккан адамдардын саны 34 миңге чамалады. 260тан көп киши бул илдеттен каза болду.
«"Алтын виза" алам деп күткөн эмесмин»
2019-жылы Бириккен Араб Эмираттары чет элдик инвесторлорго жана баалуу адистерге өлкөдө жашоого уруксат берген беш жана он жылдык «Алтын виза» бере баштаган. Алгачкылардан болуп мындай визага белгилүү индиялык ишкер, Эмираттарда 45 жыл жашаган Юсуф Али ээ болгон. «The National» басылмасынын жазганына караганда, анын байлыгы 4,7 миллиард долларга барабар.
Мындай байлар ээ болуп жаткан визаны алуу Чынара Жантөшеванын түшүнө да кирген эмес. Ошондуктан алгач калаа администрациясынан паспортун сурап чалышканда ишенбегенин айтты:
«"Сизге шейх Мохаммедден ыраазычылык катары "Алтын виза" бериши мүмкүн" деп паспортумду сурашканда нес эле болуп калдым. Документимди алып барып бердим. Бир нече күндөн кийин колума он жылдык «Алтын виза» тийди».
55 жаштагы Жантөшева тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып, ал эми Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулу телефон чалып куттуктаган. Мекендешибиз бул ага Орозо айында күтүлбөгөн жагымдуу белек болгонун айтат. Жантөшева баарынан да Кыргызстандын аты чыкканына сүйүнгөнүн кошумчалады. Жалпысынан мындай сыйлыкка 212 чет элдик дарыгер татыды.
«COVID-19га чалдыккандарды ар кандай жолдор менен дарылайбыз»
Коронавирустун өзүн жок кыла турган препарат жок болгондугуна байланыштуу, ар кайсы мамлекет бул оорунун симптомдоруна же белгилерине каршы күрөшүү үчүн ар кандай дары-дармектерди колдонуп жатканын маалымдап келишет. Көп өлкөлөрдө аны малярияга, СПИДге же Эбола вирусуна каршы препараттар менен дарылап жатышканы кабарланууда. Чынара Жантөшева алардын ооруканасында COVID-19га кабылгандарды дарылоо кандай жүрүп жатканын айтып берди.
«Башында хлорохин, гидроксихлорохин препараттарын, азитромицин антибиотиги менен кошо берип жаттык. Кийинчерээк гидроксихлорохин жүрөккө таасир берерин байкадык. Ошондуктан өлчөмүн азайттык, кээ бирөөлөр үчүн бул препарат такыр токтотулду. Биз ар бир бейтапка белгилерине жараша ар башка дарыларды берип жатабыз», - деген мекендешибиз аялдарга караганда эркектер көп түшүп жатканын айтты.
Чынара Жантөшеванын айтымында, көз жумган бейтаптардын көбүнүн каны коюлуп кеткени байкалган. Кан коюлуп, майда кан тамырларга уюп калганда үзүлүп кеткен оорулуулар көп болгон. Ошондуктан мунун алдын алыш үчүн да атайын препараттарды берип жатышканын кошумчалады.
Дагы караңыз COVID-19: Немистердин ийгилик сыры эмнеде?«Вирус кайдан чыкканы биз үчүн баары бир»
Күндө жумуштан чарчап келсе да Жантөшева Кыргызстандагы абалга көз салып турат. Мурдагы кесиптештери, жакындары менен ар дайым байланышта. Кыргызстанда медицина кызматкерлери коронавируска көп кабылып жатканына кейийт. Ал коргоочу формаларды эрежелерге ылайык чечип-кийүү алдын-ала үйрөтүлүшү керек эле деп эсептейт. Жантөшева иштеген Рашид госпиталында үч медкызматкер коронавирус жугузуп алган. Алар убагында дарыланып, кайра ишке чыгышкан. Бөлүм-бөлүм менен ооруп калгандар жок. Ошондой эле пандемия башталганы Дубайдагы медициналык кызматкерлердин айлык акысы эки-үч эсе көтөрүлгөнүн айтат.
Жантөшева бул ооруну олуттуу кабыл албай, эрежелерди сактабай жаткан мекендештери үчүн да өкүнөт.
«Мага да ар ким жазып, «бул ойлонуп табылган вирус, аны тиги же бул адам ойлоп тааптыр» деп айтып жатышат. Чындыгында мени дарыгер катары бул вирус кайдан чыкканы кызыктырбайт. Коронавирус бар, аны менен ооруп, кыйналып жатышат, андан өлгөндөр көп. Биз бейтаптарды дарылашыбыз керек».
Чынара Жантөшева Бириккен Араб Эмираттарына 2001-жылы таанышыныкына конокко барып, ал жактан иш карап көрүүнү чечкен. Башка мамлекеттердегидей эле бул өлкөдө да медициналык кызматкерлерди тиешелүү лицензиясыз алышпайт. Аны алыш үчүн атайын экзамен тапшырыш керек.
Жантөшева ага чейин Кыргызстанда Бишкектеги Улуттук хирургия борборунда, Республикалык төрөт үйүндө бир нече жыл эмгектенгендиктен, тажрыйбасы мол эле болчу. Анткен менен экзаменди англис тилинде тапшырыш керек болгондуктан, 2-3 ай тилди жакшыртканга кеткен.
Ал сынактан биринчи, экинчи тепкичинен ийгиликтүү өтүп, эңсеген лицензиясын колуна алат. Көп өтпөй жеке менчик клиникалардын бирине ишке орношот. Ал жакта сегиз жылдан ашуун иштегенден кийин мамлекеттик Рашид госпиталынан чакыруу алып, азыркы эмгектенип жаткан ооруканага которулган. Жантөшеванын айтымында, иш англис тилинде жүргүзүлөт. Ал эми жергиликтүү бейтаптар менен араб тилинде сүйлөшүшөт.
Жантөшева өзү да дарыгерлердин үй-бүлөсүнөн чыккан. Ата-энеси экөө тең тиш догдурлар болушкан.
Бириккен Араб Эмираттарында ар кандай эсептер боюнча 3-5 миңдей чейин кыргызстандык бар.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.