Сахна ханышасы Жамал

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1986-жыл) Жамал Сейдакматова 1939-жылы Ысык-Көлдө туулган.

1970-жылы ага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген.

Жамал Сейдакматова театрга 1957-жылы келип, 60 жылдан ашуун өмүрүн кино жана театрга арнаган.

Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Отко таазим», «Мен - Тянь-Шань», «Эрте жаздагы турналар», «Ак илбирстин тукуму», «Толкундар жээкте өлүшөт», «Курманжан датка» жана башка жыйырмага чукул кинотасмада, Кыргыз драма театрынын жана "Тунгучтун" сахнасында жүздөн ашуун ар түрдүү образдарды жараткан.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул сыйлыгынын лауреаты, актриса Даркүл Күйүкова менен. 

Сейдакматова 1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилет.

1989-жылы он чакты чыгармачыл адамдан топ кыргыз драма театрынан бөлүнүп топ түзүп, алгачкы жолу жеке менчик “Тунгуч” жаштар театрын түптөйт. Мына ошондон бери Жамал Сейдакматова аталган театрды жетектеп, жаш актерлерду тарбиялап келген.

Бул сүрөттө айтылуу режиссерлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов да бар. 

Кино жана жана театр ханышасы Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.


 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жашында оорудан улам дүйнө салды.