Жалал-Абадда «Бактылуу балалыкка ачык жол» акциясы өтүп жатат

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин иш-чарасы.

Жалал-Абад облусунун аймагында Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан бир айлык кеңири масштабдагы «Бактылуу балалыкка ачык жол» аттуу профилактикалык мүнөздөгү акция жүрүп жатат. Бөлүмдүн үгүт иштери боюнча инспектору Айбек Сатыбалдиев «Азаттыкка» билдиргендей, иш-чара балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөйт.

- Учурда жер-жерлерде жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жалпы билим берүү мекемелеринде башталгыч класстардын окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, балдардын жолдогу коопсуздугун чогуу камсыз кылууда, – деди Сатыбалдиев.

Мындан сырткары Ала-Бука районундагы кызматкерлер окуучулар арасында спорттук иш-чараларды да уюштуруп жатышат.

Облус аймагында быйыл жыл башынан бери жаш балдар катышкан 134 жол кырсыгы катталып, 13 жаш өспүрүм каза болгон. Былтыр болсо 145 кырсыктан 16 өспүрүмдүн өмүрү кыйылган. (RsK)