Ноокендеги мисте фестивалы

Фестивалга көптөгөн ишкерлер катышты. Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токою бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.

"МистеLAND" ишканасы мистеден сырткары кийинки жылы жапайы токойдогу алмаларды элден сатып алып, экспортогону жатат.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мисте токойлорун жергиликтүү эл токой чарбалардан ижарага алып иштетет.

Ноокендин токойлорунда өскөн мистелер көргөзмөгө коюлган.
 

Мисте

Фестивалда мистенин ондогон түрү коюлду. Алар А-85, А-93, А-3. Каргач-Булак 1,2. Үч-Тескей 1,2. 

Сатуучулар бир саатта алып келген мистелеринин көп бөлүгүң сатып алышты. Негизинен куурулган мисте көп сатылган.

Ноокендик Төрөкул Надырбеков токой чарбадан 6 гектар мисте токоюн ижарага алып, бир тонна мисте терген. 

Фестивалга Жогорку Кеңештин депутаттары, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары катышты.

Фестивалдын алкагында бизнести өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум өттү. Анда мистени сактоо, экспорттоо жана ар түрдүү оорулардан коргоо боюнча талкуу болду. Илимпоздор, жергиликтүү бийлик жана чет өлкөлүк адистер онлайн катышты.

Мисте менен кооздолгон патыр нандар. 

Көргөзмөдө аймакта өскөн мистенин түрдүү сортторунан тышкары жаңгак, өрүк-мейиз жана башка жашылча-жемиштер, айыл чарба азыктары, кол өнөрчүлүк буюмдары да коюлду.

Фестиваль концерт менен коштолду. 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда мисте токойлорун жергиликтүү эл токой чарбалардан ижарага алып иштетет. Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токою бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.