Жалал-Абад: Күндүзгү стационарга кайрылгандар арбын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунда кырдаалга байланыштуу 1200гө чукул стационардык жардам көрсөтүү орундары түзүлдү. Алар негизинен мектептерде жана спорттук жайларда ачылып жатат. Мында илдеттин алдын-алуу жана жайылтпоо максатында талаптагыдай шарттар түзүлгөн. Күндүзгү стационарга жардам алганы келгендердин катары 100дөн ашууда. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик жугуштуу оорулар бөлүмүн да кеңейтүүгө киришти.