Чет элдик студенттерди кооптондурган коопсуздук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларда миңдеген чет элдик студент билим алат. Алар Ооганстандагы акыркы кырдаалдан улам коопсуздугунан бир аз чочулай башташкан. Андан сырткары, социалдык тармактардын жергиликтүү сегментинде чет өлкөдөн келген жарандарга карата терс пикирлер көп жазылууда.
Эми милиция шаарда окуп жаткан чет элдик студенттер менен жолугуп түшүндүрүү иштерин баштады. Жалал-Абадда Индия жана Пакистандан келип билим алгандар көп.