Изилдөө: ашыкча иштөө өлүмгө жеткирет

Иллюстрациялык сүрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы баяндамасында аптасына 55 сааттан көп иштөө жүрөк дартынан же инсульттун себепкери болуп, эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылат. Адистер COVID-19 пандемиясы жумуш убактысын көбөйтүүгө алып келген тенденцияны күчөтүшү мүмкүн деп эсептешет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Эл аралык эмгек уюму жүргүзгөн изилдөө 17-майда "Environment International" басылмасына жарыяланды. Адистер аптасына ашыкча иштөөнүн ден соолукка тийгизген таасирин глобалдык алкакта биринчи жолу иликтеп чыгышкан.

2000-2016-жылдарды камтыган баяндама жүз миңдеген киши катышкан буга чейинки ондогон изилдөөгө негизделген.

“Жумасына 55 же андан көп саат иштөө ден соолук үчүн абдан зыяндуу. Бардыгыбыз - өкмөттөр, жумуш берүүчүлөр менен жумушчулар ашыкча саат иштөө эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн деген фактыга көңүл бурушубуз керек”, - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айлана-чөйрө, климат жана ден соолук департаментинин директору Мария Нейра.

Баяндаманын авторлору 55 же андан ашыкча саат иш аткаруу 35-40 саатка караганда инсульт же мээге кан куюлуу тобокелдигин 35 процентке, жүрөктүн ишемиялык оорусунан көз жумуу ыктымалдыгын 17 процентке жогорулатат деген тыянакка келишти.

Изилдөө көргөзгөндөй, 2000-2016-жылдар аралыгында аптасына нормадан көп саат иштөөдөн келип чыккан жүрөк дарттары 42 процентке өскөн. Инсульттун учурлары болсо 19 процентке көбөйгөн.

2016-жылы эле дүйнө жүзүндө 488 миллион киши жумасына жумуш жеринде 55 сааттан ашык өткөрүүгө аргасыз болгон. Жүрөк ооруларынан ал жылы 347 миң, мээге кан куюлуудан 398 миң киши дүйнө менен кош айтышкан, - деп айтылат баяндамада.

“Узун жумуш күн стресске алып келет, чарчап-чаалыгарыбызды бардыгыбыз билебиз. Албетте стресс абалында жемиштүү иштей албайбыз. Экономикалык кризистер учурунда иш сааттарды узартпай, жумуш күндү чектеп туруу зарыл”, - деп билдирди Женевадагы пресс-конференцияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айлана-чөйрө, климат жана ден соолук департаментинин адиси Франк Пега.

Өлүмдөрдүн көбү 45 жана 74 жашында аптасына 55 сааттан көп иштеген 60-79 жаш курактагыларга туура келет.

Баяндамада белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы жумуш убактысын узартууга алып келген тенденцияны күчөтүшү мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсустун айтымында, пандемия көптөгөн кишинин иш шарттарын өзгөрткөн.

“Аралыктан иштөө бир топ тармакта көнүмүш болуп калды. Көп учурда үй менен жумуштун чек арасы билинбей калат. Мындан тышкары көптөгөн компаниялар акча үнөмдөө үчүн ишмердигин чектеп же таптакыр токтотуп коюшту. Кыскартылбаган жумушчулар көбүрөөк иштөөгө аргасыз”, - деген Гебрейсус бир дагы иш жүрөк оорусуна же инсультка кабылуу коркунучун актабайт деп кошумчалады.

Ушундай эле пикири менен Франк Пега да бөлүштү: “Улуттук карантин киргизилгенде иш сааттары болжол менен 10 процентке узаргандыгын көргөзгөн далилдерибиз бар. Балким бул аралыктан иштөөнүн кесепети. Бул жагын жакшылап изилдей элекпиз, бирок ошондой эле болсо керек. Экономикалык кризис учурунда үйдөн иштеген адамдар көп болууда. Санарип доорунда үйдөн иштегенде дайыма жумушка туташып турасың, компьютер же башка жабдыктарды өчүрүп коюу кыйындайт болушу керек”.

Баяндамада айтылгандай, Тынч океанынын батышындагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы, арасында Жапония, Кытай, Австралиядагы эркектер жана улгайган кишилер ашыкча саат иштөөдөн өзгөчө жабыркашат.