Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттар: бийликтин жообу, коомдогу сын

Өзбекстанга башкарууга берилген "Рохат НБУ" пансионаты.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди. Анын алдында Мамлекеттик мүлк фонду да билдирүү таратып, "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет деп билдирген.

Кыргыз бийлиги 2016-жылы өз ээлигине алган пансионаттардын кайра Ташкентке башкарууга берилиши талкуу жаратты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстандын башкаруусуна берилиши тууралуу талкууулар күчөп турган маалда өзү да комментарий берди.

18-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде пансионаттарды 2016-жылдагы Кыргызстанга кайтарып алуу популисттик кадам болгон деп билдирип, мунун айынан соттошуулар жүргөнүн белгиледи.

"2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: "Тынчтык жолу менен чечели, силерге төрт пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула", - деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, "анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, төрт-беш жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик".

"Рохат НБУ" пансионаты Ысык-Көлдүн күнгөй тарабындагы Кара-Ой айылында жайгашкан. Анын жалпы аянты 19,05 гектарды түзөт.

Президент Жапаров ошондой эле бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпасын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени туура болорун белгиледи.

"Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес, 4 миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле? "Кемпир-Абад кетти" дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук", - деген Садыр Жапаров.

"Дилором" пансионаты да Кара-Ой айылында 21,77 гектар жерди ээлеп турат

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында толук белгилүү болду.

Ага ылайык, "Дилором", "Алтын кум", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары узак мөөнөткө - 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында Өзбекстанга берилет. Ата айтканда"Алтын кум" пансионатын "Ташкент механикалык заводу", "Дилором" пансионатын "Асакабанк" компаниясы, "Рахат" эс алуу жайын "Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкы", ал эми "Бустонду" "Узпромстройбанк" банкы башкарууга алат.

"Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт", - деп жазылган маалыматта.

"Золотые пески" пансионаты Бостери айылында жайгашкан. Анын жалпы аянты 28,35 гектарды ээлейт.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Кыргызстандын өкмөтү 24 жылдан бери Өзбекстандын карамагында болгон бул төрт пансионатты 2016-жылы апрелде өзүнө өткөрүп алган. Анын алдында кыргыз-өзбек мамилеси кескин начарлап, Аксыдагы Үңкүр-Тоо, Чала-Сарт аймактарына байланыштуу чек ара боюнча талаш курчуп кеткен. Ал кезде Алмазбек Атамбаев президент, ал эми Темир Сариев премьер-министр болуп турган.

Кийинчерээк Ташкент Кыргызстандагы төрт пансионатты Өзбекстандын менчиги катары талашып, эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы белгилүү болгон. Бирок Өзбекстандын бийлик башына Ислам Каримовдон кийин Шавкат Мирзиёев келгенде эки өлкөнүн алака-катышы жакшырып, 2017-жылы эле алгач Алмазбек Атамбаевдин, кийин Сооронбай Жээнбековдун тушунда да Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Өзбекстанга кайрадан өткөрүүнү караган келишим даярдаган. Анын долбоору парламентте да талкууланып, келишимде пансионаттардын имараттары Өзбекстандын менчиги катары таанылып, ал жер Кыргызстандын ээлигинде болору айтылган. Бирок бул өз ара макулдашуудан жыйынтык чыкпай калып, Өзбекстан Эл аралык арбитраждагы доосунан баш тарткан эмес.

Бул пансионаттарды союз учурунда Ысык-Көлдүн жээгине курулуп, аны Өзбекстан пайдаланып келген. Алар 1992-жылы 9-октябрда бекитилген өкмөт аралык келишимге ылайык Кыргызстанга өтүүгө тийиш эле. Анткени ал макулдашуу боюнча союздук республикалар курган мүлк, объектилери кайсы жерде турса, ошол мамлекеттердин ээлиги катары таанылышы зарыл болчу. Бирок мүлктөрдү өткөрүп алуу иши 24 жылдан ашуун убакыттан бери аткарылбай келген.

Эс алуу жайларына байланыштуу маселеден улам саясат талдоочу Орозбек Молдалиев буларды айтты:

Орозбек Молдалиев

"Бул жерде Сариев эч кандай популизм кылган эмес. Советтер союзу тарап, менчиктерди бөлүштүрүү мезгилинде келишимге кол коюлган. Ага ылайык мүлк кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн менчиги болот болчу. Ошондуктан Казакстандын, Өзбекстандын пансионаттары биздин менчикке өтүшү керек эле. Бирок өтпөй жүргөндүгүнөн жана чек арадагы абал курчуганы менен пайдаланып, келишимге ылайык Кыргызстанга өткөрүп алган. Эми азыр болсо өтө эле ийкемдүүлүк кылып кетип атабыз. Пансионаттарды 49 жылга ижарага бердик деген сөздүн өзү "биз убагында менчикке туура эле өткөрүп алганбыз" дегенди билдирет. Биздин менчик болбосо, биз аны кантип ижарага берет элек, күлкү келерлик сөз. Сариев "популист" болсо, пансионаттарды жөн эле кайра кайтарып берип коюшпайбы анда. Өзүнүкү болбогондон кийин ижарага алган оокатты эч убакта жакшылап жасап бербейт. Инвестиция салып ийери күмөн".

Кыргызстан менен Өзбекстан отуз жылдан ашык убактан бери чечилбей келген чек ара маселесине былтыр чекит коюп, чек ара сызыгын толук тактап бүткөн. Расмий Ташкент менен Бишкек эки өлкөнүн учурдагы мамилесин өтө жогорку деңгээлде деп баалап келишет.

Кыргыз өкмөтү мындан сырткары, көл жээгиндеги "КазГу", "Олимп", "Казакстан" жана "Самал" пансионаттарын 2006-жылдары 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү жаатында ири долбоорлор ишке ашары жазылган. Бирок ошол эле келишимде талаптар аткарылбаса кандай чаралар көрүлөрү жазылган эмес.

Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган төрт пансионат Казакстандын башкаруусунда турат. Бирок аларда ремонт иштери болгону тууралуу маалымат жок.