Италиядагы кыргыздар: элчилик, паспорт көйгөйү

Гүлнара Арыкбаева, Италиянын Неапол шаарындагы "Манас" маданий жамаатынын (ассоциациясынын) жетекчиси, Прага шаарындагы Карл көпүрөсүндө. 2008-жылдын 16-ноябры. ТЧ. "Азаттык" үналгысы.

Италияда болжол менен 5-6 миңдин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Бул өлкөдө Кыргызстандын эч кандай расмий өкүлчүлүгү жок.
Италиядагы кыргыз жамаатынын лидерлеринин бири, «Манас» ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Арыкбаева алды менен өнүгүп келаткан дүйнөнүн жарандары эмне үчүн Италияга көп келген себебин мындайча түшүндүрдү:

- Италияда жашаганга оңойураак, мында көзөмөл солгунураак. Андыктан документсиз, тилсиз бул жерге келип иштегенге ыңгайлуу шарттар бар. Кыргыздар бири-бирине жардам берип, ушул жерде калышат дагы документтерин тууралап, тил үйрөнүп алып анан башка жактарга кетишет. Кыргыздар Сардиния аралында, Рим, Милан шаарларында, Венеция, Неаполдун тегерегинде, айтор, жердин баарында эле көп.

Азаттык: Италияда Кыргызстандын элчилиги дагы, консулдугу дагы жок. Сиз айткандай көп кыргыздар жашайт экен, келип-кетип турушса да керек. Маселелер болсо кимге кайрыласыңар?

- Азыр, образдуу айтканда, Италияда кыргыздар ыйлап турган кези. Мына менин эле келгениме жети жыл болду. Ошол жети жылдын ичинде ушунчалык көп сөздөр айтылды, көп маалыматтар болду. Мурунку бийликтин тушунда канча кат жаздык, Жогорку Кеңешке кайрылган учурларыбыз дагы болгон. Бирок баягы бойдон эле эч өзгөрүү болгон жок. Чындыгында Европада эң көп кыргыз Италияда гана бар.

Азаттык: Негизги эң чоң көйгөйүңөр эмне?

- Бул жакта паспортун жоготуп койгон, мөөнөтү бүтүп калгандар абдан көп. Жок дегенде Швейцариядагы элчиликтин алдында Италияда консулдук ачып койсо гана!.. Жалаң эле документтердин проблемасы бул жерде. Ал эми Италияда өзүбүздү өзүбүз легалдаштырып, чечип жаткан проблемаларды биз эч кимге айтып, эч кимге догурунган жокпуз.

Азаттык: Италияда мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн полицияга кармалып, же кайсы бир себеп менен абакка түшүп калган кыргызстандыктар барбы? Болсо андай учурда аларга ким жардам берет?

- Жок дегенде моралдык жардам берип турган биздин элчилик болсо абдан жакшы болот эле. Анан паспортубузду жаңылап, документтерибизди карап турган консулдугубуз дагы жок – анан эмнени айтасыз? Ошондуктан андай кырдаалга кабылып калган балдар-кыздар болсо бири-бирибизге моралдык колдоо эле көрсөтөбүз, башка эмне кыла алмак элек. Бизде кыргыздарда анчалык кылмыш кылып, колго түшүп калган эч ким деле жок.

Азаттык: Италияга келип иштесем деп максат кылган кыргызстандыктар үчүн эмне кеңешиңиз бар?

- Эки жылдан бери Италияда иш дээрлик жок калды. Мурунку отуруп калгандардын болсо иши, документи бар, тил үйрөнүп алган. Алар бири болбосо бири иштеп кетип жатат. Айрыкча түндүк жакта, Миланда, Венецияда. Накта Европа деген ошол жакта.

Азыр ушул күндө дагы Кыргызстандан 50-55 жашка чыккандар ишке келүүдө, аларды көргөндө жаман жүрөгүң ооруйт. 18-20 жашар балдар келип жатат. Кыргызстандан болсо "барып эле миңдеген акчаларды табасыңар" деп жалган маалымат берип жатышат. Документи жок болсо кантип табат бул жактан? Эгерде тилин үйрөнбөсө кантип табат? Алардан мурда келген биз турсак.

Азыр Италияга келгендер абдан көбөйдү. Согуш болуп жаткан Ливиядан, берки Тунистен, башка Африка өлкөлөрүнөн абдан көп киши Италияга кайыктар менен келип, үйүлүп жатышат. Алардын баары Италияда калып, биздин ишибизди талашып жатпайбы.

Тээ Кыргызстанда отуруп алып "турист катары" 2-3 миң долларга Европага мигрант жибергендер эми кызматын 4 миңге жеткириптир. Ошолорго балдар-кыздардын акчасын алдатыптуруп жибербегилечи дээр элем. Анткени бул жакка келгенден кийин эмне болушат? Карыз менен келип, кайра үстү-үстүнө карыз болуп отуруп калып жатышпайбы.

Азыр Шенген виза менен эптеп эле Европага кирип, анан Италияга келишет. Көптөрү Литва аркылуу келүүдө. Келишсин, иштешсин. Анткени Кыргызстанда айла жок болуп жатат. Мен эч нерсе дей албайм. Бирок азыр эки эсе кыйын болуп калды. Эгер кыйынчылыкка чыдайбыз десеңер тилди үйрөнүп келсеңер жакшы болот эле дээр элем.

Азаттык: Италияга мыйзамсыз келип, анан мыйзамдашуунун жол-жобосун кыскача айтсаңыз.

- Ушул Италия жергесинде 5 миң кыргыз бар десек, ошолордун 2 миңи документ жасата алдык. Биз дээрлик бардыгыбыз документсиз келгенбиз. 100% тил билбей келгенбиз. Ошолордун ар бири өз жолу менен иштеген иши аркылуу мыйзамдашты.

Иштеген иштин ээси менен контракт түзөбүз. Биз үйдө, карылар үйүндө, ресторан-бар, базарларда гана иштей алабыз. Жогорку билимибиз менен ушундай жумушту аткарууга мажбурбуз. Алар бизди башка жумушка кабыл албайт.

Анан ошол бизди жумшаган кишинин жылдык кирешеси 200-300 миң евро болсо гана ошол үй бүлө өзүнө иштеп жаткан адамды мыйзамдаштыра (легалдаштыра) алат.

Абдан көп документтер топтолуп, толтурулуп, анан прокуратурага берилет.

Жумушка алынып жаткан киши абдан катуу текшерилет, кылмыш кылган эмеспи, бардыгын казып чыгат.

Бардыгы канаттандырарлык болсо анан легалдаштыруу башталат. Иш жактырылып келсе анан биз прокуратурага барып, калган документтерди бүтүрөбүз. Анан 3-5 айдын ичинде жооп келет, ошондо контракт түзүлүп, кол коюлат.

Андан кийин дагы 1-2 ай күтөбүз. Анан кайра чакырып, манжа тактарды алат. Бардык маалымат компьютерде сакталат. Европанын кайсы жеринде болсом дагы мени оңой эле таап алышат. Мындан 1-2 айдан кийин өздөрү телефон чалып “Permessi Decision” (калууга уруксат бергне чечим) даяр болду деп чакырат.

Азаттык: Ал документ кандай укуктарды берет?

Бул "убактылуу паспорт" деген сөз. Бул документ эки жылга берилет. Мен аны пайдаланып Европада ээн-эркин жүрө алам. Андан тышкары Кыргызстанга дагы барып келе алам.

Гүлнара Арыкбаева, Италиянын Неапол шаарындагы "Манас" маданий жамаатынын (ассоциациясынын) жетекчиси, Прага шаарындагы айтылуу Эски шаарда. 2008-жылдын 16-ноябры. ТЧ. "Азаттык" үналгысы.

Эки жылдан кийин контракт түзгөн киши дагы эки жылга келишимди узарта алат. Ал дагы мыйзамдын алдында жоопкерчиликтүү, мен дагы.

Менин документим аркылуу өкмөткө дагы акча түшүп турат, анткени мени менен контракт түзгөн киши айына 105-110 евродон өкмөткө салык төлөп турат.

Италияда бир жагынан чет элдиктерди мыйзамдаштырууга өкмөт дагы кызыкдар, экинчи жагынан иштеп жаткан үй, же контракт түзгөн тарап дагы кимди иштетип жатканын билип көңүлү тынч болот.


Анткени эки жыл мурун мыйзам чыккан, эгер үйүңдө иштеп жаткан киши мыйзамсыз болсо, анда үй ээси айып пул төлөйт.Үчүнчүдөн, бул жакта мыйзамды абдан сыйлашат. Төртүнчүдөн, биздин аркабыздан өкмөткө акча түшүп жатат.

Бешинчиден, Италия бийлиги өз аймагында жүргөн чет элдиктерди көзөмөлдөп турат.

Бизге болсо бул документ паспорт катары эле кызмат кылат, кенен кесири жүрөбүз. Анан дагы көзүбүздөн учкан балдарыбызга, Мекенибизге учуп каттап турабыз.

Азаттык: Сизге чоң алкыш айтабыз жана ийгиликтер каалайбыз!


Гүлнара Арыкбаеванын "Азаттык" үналгысына курган маеги. 04.05.2011.GA.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гүлнара Арыкбаеванын "Азаттык" үналгысына курган маеги. 04.05.2011.GA.