Ит турмуш: өзүмчүл болуп бараткан пенде балдары

Иллюстрация сүрөт.

Айры бут пенде баласынын боорукердиги анын жаныбарга карата мамилесинен билинет. Шайлообек Дүйшеевдин “Күчүк” аңгемесинде мына ушул омоктуу ой сюжеттик негиз катары алынган. Кыргыз аңгемесинин классикасынан айтылуу сөз чеберинин таасирдүү баяны тууралуу кеп кылабыз.

Таштанды челек

Карышкырды үйрөтүп, үйралдырып, анын адамдын жакын досуна айланышынан бери канча миллион жылдар, эчен суулар агып, күн алдындагы жер турмушу эчен ирет өзгөрүлгөндүр. Мезгил дегениң агын суудай токтобой чалкар деңизге куюлуп, андан кайра жерге жамгыр болуп төгүлүп, жашоо өтө берет. Жан-жаныбар макулуктун баары күн алдында өзүнө ылайык тирилигин жөндөп, сааты келгенде жарык дүйнөгө келип, убактысы бүткөндө анысын таштап, Күн гана арыбай-талыбай жарыгын чачып, баарына жылуулук берип, ага байланган жарыкчылык арабасы кылдырап сапарын улайт тура. Мына бул ой Шайлообек Дүйшеевдин саясат менен глобалдык маселелерге башын ооруткан коомдогу пенде баласынын баамына такай илине бербеген илмийген бир макулуктун турмушу тууралуу жазган чакан аңгемесинен улам келип туру.

Ээси таштап дейди турмушка айласыз көнгөн иттер канча? Адам жашаган жердин түгөл баарында андайлар толтура. Айрым аймактарда кароосуз калган иттер кайра жапайы турмушуна көчүп, жапайы инстинкти ойноп, каршы чыгар душманы жок бүтүндөй бир континентке бүлүк салган кашабаңга айланып кеткен. Австралияда жапайылыкка өтүп кеткен динго иттин үй жаныбарларына капсалаңын азайтыш үчүн мээнеттен качпаган малчы-дыйкандар континенттин бир четинен экинчисине эринбей тор зым тартып чыгышкан. Мунун баары адам өзүнө үйүр алдырган жан-жаныбарлардын баарына жооптуу деген сөздүн акыйкаттыгын ырастап турат.

Ал эми “Күчүк” аңгемесиндеги жашоо-тирдик азыркы заман, болгондо да шаар четиндеги айыл турмушу. Бир кезде бул жерде аяк-башы көрүнбөгөн жүзүм аянты болчу. Эгемендик алдында жүзүмдүн баары кыйылган, ичимдикке тыюу салынып, ачкыл сууга каршы күрөш күчөгөн чакта баары жок кылынган. Кийин бул жерди эптүү жигиттер ээлеп пияз, чеснок эгип, анысын Казакстан менен Орусияга сатып байып алышкан болчу. Антип эбин таба албагандар байдын эгинин карап, кызматын кылып жашап калышкан. Аяк-башы мелмилдеген кең өрөөндө мандикер жалдап иштетип, калкы бай-кедейге бөлүнүп, эгемендик деген эс-мас кылган заманда жашап атышкан. Арасында аңгеменин баш каарманы дейди ит да ырыскысын таштанды челектен таап, күн көрүп аткан.

"Алажон аман-эсен тууп алганы менен алты күчүгүнүн үчөөнү ажалдан алып калалбады. Бүгүн да шимшилеп, көчөнүн аркы өйүзүндөгү таштанды челекке келип, тумшугуна илинген бирдемелер менен өзөк жалгады. Ышталган балыктын башы чыгып турган желим баштыкты сүйрөп түшүп, кылканына карабай аптыга сугунуп, азуусуна салып ырахаттана чайнады. Так ушул маалда муштумдай таш кулак түбүнөн зуулдап өтүп темир челекке барып согулду. Аз эле жерден итке тийбей калды. Тийсе соо коймок эмес. Мындайдын далайын көргөн Алажон оң жакты карай будалана ыргып, артын жалт карады. Караса өзүнөн эки эсе чоң чаар баштык көтөргөн, кара шалтак сөөмөйү менен бармагын кыпчуур кылып, бир жак таноосунун жүнүн жулгулап, башына өңү өчкөн калпак кийген кыргыз бомж таштанды челекти көздөй тарпып келаткан экен. Кыргыз жыйырма беш жылдан бери ушул таштанды челектин “кожоюну”. Эч нерсе жасагысы келбеген жалкоолугу менен ичкилиги, бир кезде “Ленинчил жаш”, “Ала-Тоо” деген гезит-журналдарга жарыяланып, ошонусуна көөп, анда-санда ыр жаза калма жылаңач кыялы түбүнө жетип, акыры аны ушундай жанга айландырып тынган. Келип эле чаар баштыгын кое салып, челектин ичин үңүп, белине чейин кирип кетти”.

Дагы караңыз Асыл жарды азгырган чыккынчы дос

Ушундай турмуш. Пролетариат жазуучусу Максим Горький сүрөттөгөн “түпкүрдөгү” ит турмуш. Жегенге тамагы жок бу шордуунун оозун караган алты күчүктүн жарык дүйнөгө келип калганын айтпайсызбы. Адамбы, жаныбарбы - Күн астында баарынын жашоого акысы бар. Алажон да кудайдан үмүтүн үзбөй үч күндөн бери мурдагы жүзүмзарга суусу агып келчү бетон ноонун түбүндөгү күчүктөрүнө келет. Башка убакта тумшугуна илинер бир нерсе издейт, же анысы тез эле табыла койсо гана.

Күчүктөр

Бомж экөөнүн аңдыганы - таштанды төгүлгөн чоң темир челек. Жумуруна жук болор эч нерсе табалбай, өлгөндөн калган үч күчүгүн аман алып калуунун аргасын издеди. Байкуш күчүктөрү көзүн жаңыдан ачып кандай жерге келишкенин билише элек. Аларды эл өткөн жерге жакыныраак алып келүүнү көздөп аткан. Алы жок араң кыймылдаган күчүктөрүнүн издегени - энесинин эмчеги. Үч күндөн бери эч нерсе таба элек энесинин эмчегинен сүт чыгар бекен?

“Күчүктөр бирин бири тепсеп, энесинин боорун көздөй тырмышып, өрүктүн кагындай чүрүшүп, карарып катып, куурап бараткан үрптөрүнүн улам бирин жанталашып соруп кирди. Соргон сайын сүт чыкмак тургай кан аралаш ириң чыгып, жагымсыз даамдан ооздорун алакачып, баштарын чулгуп, ыйлап-ыңшып, энесинин боорунан томолонуп кетип кайра жабышып, кайра түрткүлөп, дарт чалган эмчектерди кайра-кайра жалмалап, таңдайына сала коюп чойгулап ызпыз түшүп атты. Алажондун болгон сегиз эмчегинин жетөөнү таш кесек алып кетип, бирөө гана соо калган эле. Эми ал, жападан жалгыз эмчегин адегенде Акшыйрагына, анан Агаласы менен Караласына улам кезек менен эмизгенге өттү. Өз жатынынан чыккан мына ушул карачечекейлеринин мындан аркы тагдыры кантээр экен? Бүгүн ал бүтүндөй жанын таштап, сүт чыкпай калганына карабастан мээнип-мекчип, акыркы жолу эмизип жатты”.

Жарыкчылыкка жаңыдан келген күчүктөр жашоо-турмуштун ушунчалык катаалдыгын биле элек. Энесинин сүтүнө тойсо торолуп, тың басып кетишмек. Андай болбой жатпайбы. Энеси тумшугун көккө сайып айга жеткире улуса да жумуруна жук болорлук азык таба албады. Ушунча чоң шаардын бир бурчунан ага тиешелүү ырыскы буйурбаптыр.

Дагы караңыз Курч акын, шайыр акын, даана акын 70те

Автор жаныбардын турмушу аркылуу адам жашоосун, бири-бирине кайдыгер, өзүмчүл болуп бараткан пенде балдарынын кыйын замандагы көйгөйүн гротеск аркылуу ачып берет. Тамак издеп шимшилеген макулук бир кезде, мүмкүн адам болгондур? Киши көрсө жалтаң-жалтаң карап уруп иеби, тээп жибереби, деп коркок билиш болуп калган бул макулук тороюп өлүп калса күчүктөрү кантет? Анын жаны асманга учуп кетсе ит турмуштун азабын аябай тарткан байкуш кийинки жашоосунда наристе бала же балык болуп келер. А балким, булак болуп агып калар?

“Бул ит чынында эле мурунку бир жашоосунда жанагы бомж кыргыздын чоң энелеринин бири болгонун, дүйнөдөгү жан бүткөндүн баары жашоого улам бири менен бири алмашып келип турарын, бир жашоосунда ал байлык менен бийликтин кумарынан көзү ачылбай, көр дүйнөгө көмүлүп жашаган байдын же хандын жаны болсо, бир жашоосунда азып-тозгон кайырчынын же азаптуу оорудан башы арылбай өткөн бечаранын жаны болгонун, жан деген ушинтип бир жашоодо гүлгө айланса, бир жашоодо күлгө айланып, бир жашоодо түрлөнгөн төргө айланса, бир жашоодо түбү жок көргө айланып, бирде итке айланса, бирде кушка айланып асмандап сызарын, эгер жан деген улам биринен бирине оошуп, ушинтип түбөлүк айланып турарын билгенде Кудай алдында эч ким эч кимди тебелеп-тепсебей, эч ким эч кимдин канын ичип, жанып кыйбай, бирин бири сыйлап жашап, бирин бири урматтап жашап, бирин бири түшүнүп жашап, аяп жашап өтүшмөгүн ит дагы, бомж дагы, деги эле эл бул дүйнөдөгү жан бүткөндүн баары билген жок”.

Дагы караңыз Бизди узатып дүйнө калат бири кем...

Башкалар жанындагысынын ит жашоосун билбеши мүмкүн. Антейин десең учурунда гезит-журналдарга жазгандары байма-бай жарыяланып, кагазга түшкөн тексттин доору жүрүп турганда аты чыгып, сөөлөт күткөн капкара бомждун көргөн күнүн Алажон иттин жашоосунан мыкты деш кыйын. Эки жолбун бир таштанды челекти талашып ит турмуштун акыркы сааттарын санап күн көрдү болуп атышпайбы.

Ит да болсо эртеңкинин камын көрүп Алажон күчүктөрүн адамдар көп басчу жолго жакын алып келип, үмүт кылып өзү коңулдан карап отурат. Адамдар жолдон өтүшөт, алардын кимиси ай талаада кароосуз калган күчүктөрдү алып кетер экен? Балабы, чалбы, кишиби, аялбы?

Маңдай чачын тегиз кырктырып, кыңылдап ырдап келаткан сулуу бийкеч жол жээгинде жаткан күчүктөрдү көрүп токтоп, олтура калып эки бөйрөгү аппак күчүктү колуна ала койду. Эмчек издеген бечара күчүк кыздын тизесин жалап ийди. Кытыгысы келген кыз күлүп жиберип күчүктү ордуна койду да артын кылчак-кылчак карап келаткан жолун улантты. Күчүктү тез эле унутуп кыңылдап ырын ырдап кетип баратты.

Кыздан кийин келген буурул сакал киши ээси жокпу дегенсип эки жагынан элең-элең карап, анан алсамбы-албасамбы деп бир топко ойлонуп турду да келаткан жолун улады.

“Сумка асынган бала келип токтоду. Күчүктөрдүн улам бирин кармалап көпкө айланды. Анан биринен бири татынакай күчүктөрдүн ичинен бир кулагы ак, бир кулагы кара күчүктү китеп сумкасына салган бойдон “дыр” койду. Кубанычы койнуна батпай чуркап бараткан баланын бултаңдаган сумкасы жамбашын чапкылап баратты.

Алажон күчүктөрүнүн жанына токтой калган ар бир кишинин кыбыр эткенинен бери жаздым кетирбей байкап-багып, көздөрүн жалжылдатып карап жатты. Эгер ага адамдакындай тил бүткөндө:

- Кудай, кудуретиңден кагылайын, мына бул аркы-терки өтүп жаткан адам баласынын жүрөгүнө мээр төгө көр, жүрөгүнө боорукердиктин нурун себе көр, көөдөндөгү көзүн ача көр, көкүрөгүндөгү отун жага көр!”

Тил бүткөндө тумшугун көккө созуп ушинтип озондомок. Те Бөрү энесинен бери келаткан арыз-арманын көккө айтмак. Бөрүлөр ызгаардуу бороондо, чыкылдаган аязда, айласы куруп турган чагында тумшугун көккө сайып арыз-арманын асманга айтат.

Дагы караңыз Кердегейдин "Гимнинин" чекити жана Дүдү

Адам ата Обо эне бейиштен кубалангандан бери пенде баласына өбөк-жөлөк болуп келаткан мынабул байкуш антип улуй албайт, жер үстүндөгү кыска турмушу аягына чыгып баратат. Ошону сезип, ошону туюп күчүктөрүн жолго таштап отурбайбы. Бир күчүгү жамандык менен иши жок күчүктөй таптаза баланын колуна тийди. Калган экөө эмчек издеп айласы куруп жол жээгинде турушат. Ким билет Алажон итке тил бүтсө адамдарга эмне деген сөздөрдү айтмак. Ит адам баласын бир да жолу сатпаганын, достукка бекемдигин айтар беле. Иттин ээси болсо, карышкырдын кудайы бар дегени чын белем, Алажондун эки күчүгү да кишисин тапты.

“Күн уясына батып бараткан маалда баягы таштанды челектин “кожоюну”, Алажондун кайсы бир өткөн жашоодогу чоң апасынын баласы, Алажондун азыркы кездеги эски таанышы, башына орою кеткен кыргыз калпак кийген, күнгө эмес, таштандынын жыты менен аракка күйгөн бети гилкилдеп, бетиндеги жол-жол бырыштары ириң кара болгуча карарып кеткен, өзүнөн эки эсе чоң чаар баштык көтөрүнгөн бомж чөпкө оролуп, кыңылдап эмчек издеп жүргөн эки күчүктү көрөрү менен ойлонбой туруп баштыгына салды да, Күн баткан жактагы жалгыз бакты көздөй култуңдап кетип баратты.”

Бечара бомж кечке темселеп көрүнгөн жерди чукулап отуруп таап келген ырыскысын эки күчүк менен бөлүшүп, үчөөлөп ит турмушун улантышат.

Дагы караңыз «Май ташыган араба»