Дары чөп картөшкөдөн кирешелүү

Дары чөп өстүргөн көлдүк айымдар календула гүлдөрү менен.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп райондорунда дары чөптөрдү өстүрүп, сатуу кеңири жайылууда.

Дыйкандардын айтымында айрыкча мышык тамыр (валерьяна), календула, жалбыз өңдүү чөптөргө чет өлкөдө суроо-талап көп болуп, ал өз кезегинде дыйкандарга киреше алып келүүдө.

Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн айылынын үч жылдан бери мышык тамыр өстүрүп келген тургуну Бермет Касымова анын пайдасы тууралуу айтып берди:

- Үч жылдан бери айдап жатам. Буюрса пайдасы да жакшы болуп атат. Сепкендердин кирешеси да жакшы экен. Биринчи жылы 33 сомдон баштаганбыз. Андан кийин 38 сомдон болду, азыр 50 сомдон болуп жатат. Буюрса жакшы, мага абдан жакты. Айдаса болот муну. Азыр картошка арзан. Ойлоп көрсөм бир эле валерьянанын килограммы 50 сомдон болуп атат. Пайдасы чоң экен. Мисалы беш сотыхка айдасак эле 55 миң сом таап атам. Беш сотых жерге картошка айдасак, бир тонна картошка албайбыз.

Мышык тамыр.

Мышык тамырдын кирешеси жакшы болгондуктан, аны өстүрүүнү каалагандар көп.

Алгач анын тамырын өстүрүп, эки жыл караш керек, андан соң түшүм бере баштайт. Дыйкандар буга жумшалган эмгек бир жылда акталарын айтышты. Дары чөптөрдү өстүрүүнүн жолдорун Жети-Өгүз районунун тургуну Гүлнура Бактыбекова түшүндүрүп берди:

- Анын тамырын жакшы көбөйтүш керек экен. Суу менен, анан кык менен тынбай, курттатпай жакшылап караш керек. Мен 200 түп алып отургузгам. Андан 2,5 миң сом пайда таптым. Көчөтү бир сомдон сатылат. Быйыл валерьянканы миң түпкө көбөйтөлү деп ойлонуп жатабыз.

Жети-Өгүз районунун Липенко айылынын тургуну Гүлшат Кабылбекованын айтымында, мышык тамыр жүрөк оорусуна миңдин бири. Жалбыз менен календуланын да касиети күчтүү экенин айтып отурду.

- Дары чөптөрдү багуу ден соолукка да жакшы экен. Мисалы, валерьянаны жүрөгү ооругандар отоп, сугарып, түптөп жүрүп саламаттыгын чыңдап алышты. Календуланы айдап, сепсең дагы анча-мынча оорудан алыс болот экенсиң. Эки-үч жыл болду, сасык тумоо дегенден балээден алыспыз. Жалбыз болсо баш ооруп же стресс болуп турганда кадимкидей жардам берет.

Сонунгүл Жылтырова.

Ысык-Көл облусу боюнча дары чөптөр кластеринин төрайымы Сонунгүл Жылтырованын айтымында, дары чөп өстүргөн дыйкандар жылдан-жылга көбөйүүдө.

Быйыл Ысык-Көлдө дары чөптөрдү айдоо аянты 20 гектарга жеткен.

Былтыр көлдүк дыйкандар кыргызстандык жопкерчилиги чектелген "Галенфарм" жана германиялык "Швабе" фармацевттик фирмалары менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде Германияга 30 тонна дары чөп экспорттошкон.

- Былтыр 30 тонна болгон. Быйылкыга келишим түзө элек. Азыркы күндө биз Индия менен да сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Өткөндө Индияга барып келдим. Индиядан, Өзбекстандан, Казакстандын Шымкент шаарынан, Орусиядан сурап жатышат, - деди Сонунгүл Жылтырова.

Суроо-талап көбөйгөн сайын дары чөп өстүргөн дыйкандар бир кластердин алдында биргелешип атайын окууларды өткөрүп келет.

Дары чөптөрдү өстүрүү боюнча кластер 2013-жылы облус аймагында түзүлгөн. Дары чөптөрдү негизинен Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунда эгип жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.