Испания: Демонстранттар ырчы Пабло Хаселди бошотууну талап кылышууда

Дубалда "Пабло Хаселге боштондук!" деп жазылган жана аны мурдагы падыша Хуан Карлос өчүрүп жаткандай тартылган. Автор - Синта Видал айым. Кардедеу кыштагы. Каталония. 2021-жылдын 15-февралы.


Испанияда катары менен алты күн бою солчул радикал рэп ырчы Пабло Хаселдин камакка алынышына каршы нааразылык чаралар улантылды. 21-февралда кечкурун демонстранттардын бир бөлүгү Барселона шаарындагы дүкөндөрдүн терезелерин кыйратышты. Борбор калаа Мадридде, Малага, Кордова, Севилья жана башка шаарларда да өкмөткө каршы демонстрациялар болду.

Евробиримдиктин мүчөсү болгон Испанияда басаңдабай жаткан нааразылык жыйындарынын катышуучулары солчул рэпер Пабло Хаселди колдоп, аны дароо абактан бошотууну талап кылып жатышат.

Каталониянын полициясы маалымдагандай, 21-февралда, жекшемби күнү бул аймактын борбору Барселона шаарында тынч жыйындар кечкурун тополоңго айланды да, башаламандык учурунда көптөгөн белгилүү дүкөндөр, алардын ичинде Nike, Versace, Tommy Hilfiger, Hugo Boss жана Diesel сыяктуу бир катар белгилүү бренддердин дүкөндөрү тонолгон. Андан тышкары демонстранттар тарабынан чукул курулган баррикадалар өрттөлүп жиберилген.

Айтылуу "Versace" брендинин дүкөнүнүн Хаселдин тарапташтары тарабынан сындырылган терезеси. Барселона шаары, Каталония, Испания. 2021-жылдын 20-февралы.


Ишембиде, 20-февралдын кечинде болсо бир нече миң киши Барселонада полициянын башкы кеңсесин карай жүрүшкө чыгышкан. Андан соң кагылышуулар болуп, тартип сактоочуларга карай бөтөлкөлөр, банкалар жана фейерверктик жардыргыч заттар жаадырылган.

Тополоңчулар, мындан тышкары, бир катар тарыхый имараттарга, анын ичинде Барселона баалуу кагаздар биржасына жана ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Каталониянын Музыка сарайына зыян келтирилген. Бүткүл Каталония автономиялык аймагында нааразычылык учурунда бир катар демонстранттар кармалды.

Рэп жанрындагы ырчы, акын, жазуучу жана саясий ишмер Пабло Хасел. 11.10.2011.


Рэп жанрындагы ырчы рэпер, акын, жазуучу жана саясий ишмер, 32 жаштагы каталониялык Пабло Хасел (Pablo Hasél) Испаниянын падышалык үй-бүлөсүнө жана мамлекеттик мекемелерге акаарат келтирген деп айыпталып, тогуз айлык абак жазасын өтөй электиги үчүн 16-февралда (шейшембиде) кармалган. Эки күндөн кийин Хасел башка иш боюнча – сот ишиндеги күбөнү коркуткандыгы үчүн 2,5 жылга соттолгон.

Пабло Хаселди бошотууну талап кылган нааразылык жыйын. Мадрид шаары. 2021-жылдын 17-февралы. Жарнакта "Хасел жана ар ким бошотулсун!" деп жазылган.


Тополоң Испаниядагы бардык демократиялык партиялар тарабынан айыпталды, бирок өлкөнүн солчул коалициялык өкмөтүнүн курамына кирген популисттик «Подемос» партиясы бул нааразылык чараларын колдоп чыкты.

Бул партиянын лидери жана өкмөттүн вице-премьер министри Пабло Иглесиас мырза ырчы Хаселди өз чыгармачылыгында сөз эркиндигине болгон укугунан пайдаланды деп эсептеп, аны бошотууну талап кылды.

Жалпысынан, жекшембидеги жети кишини кошкондо, 100дөн ашуун киши полиция менен болгон кагылышуулардан соң камакка алынды.

Бирок бийликтер Хаселге ырайым кылуу талабын четке кагууда.

Испан тилинде чыгуучу беделдүү «Эл Мундо» гезитинин кабардашынча, Испаниянын сот бийликтери (анын ичинде ырчыга карата 9 айлык абактык мөөнөт тууралуу өкүмдү тастыктаган Жогорку сот дагы) Хаселди жазалоо акыйкат болгон, деп белгилешет.

Дагы караңыз Каталониянын жикчил лидерлери соттолду


Алар өз турумун далилдөө үчүн сөз эркиндигине карата жарандык укук зомбулукка чакыруу менен шайкеш эместиги тууралуу жүйөөнү келтиришүүдө. Хасел төккөн рэп жанрындагы ырларда террорчулукту актоо, көз карашы кайчы келген либерал саясатчыларды жана журналисттерди өлтүрүүгө чакыруу, зомбулук аракеттерге үгүттөө саптары камтылган, дешет испандык сот бийлигинин өкүлдөрү.

Бир катар доолор боюнча Хасел 2015-жылы эле эки жылга шарттуу кесилген, бирок андан бери туура жыйынтык чыгара албай койгондугунан улам эми нагыз абакка кесилип жатат, деп белгилейт «Эл Мундо» басылмасы.