“ИМ - динге жамынган кылмышкерлер"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттар Уюму “Ислам мамлекети” тобун адамзатка каршы кылмыш жана геноцид үчүн айыптады. Миңдеген адамдардын өмүрүн кыйып, адамзаттын тарыхый баалуулуктарын бүлүндүрүп жаткан бул радикал топтун катарында кыргызстандыктар да согушууда. Сирия менен Ирактагы басып алган аймактарын "шарияттын негизинде башкарылчу халифат" деп жарыялаган “Ислам мамлекети” тобу ислам динине канчалык көлөкө түшүрүүдө? Ага каршы өкмөт, коом кандай чараларды көрүшү керек? Чикагодогу Ислам коллежинин президенти, доктор Али Йурдсевер “Азаттыкка” маек курду.