Мырзакедеги диний лагер

Балдардын 70и медресенин жатаканасында жашайт. Калгандары үйлөрүнө барып-келип шарият амалдарын үйрөнүүдө.

Эки кабат заманбап көрүнүштөгү бул диний мекемеде окуу программалары аяктап, учурда жайкы диний лагер ишин баштаган.

Имам аль Бухарий атындагы Ислам институтуна караштуу Абдырайым кары медресесинде учурда жүздөн ашуун бала тарбияланууда.

20 күндүк лагерде жеткинчектерге жергиликтүү молдолор менен кошо Сирия жана Тажикстандан келген адистер билим берип жатышат.

Диний лагердеги күн тартиби 21 бөлүктөн турат. Анын 10 бөлүгү шарият амалдарын үйрөнүүгө жана намаз окууга ылайыкталган. Калган 11 бөлүгү бош убакыт, сейилдөө жана спорттук машыгууга арналган.

Диний лагерге катышып жаткан балдар Ош облусунун ар кайсыл райондорунан келишкен. Жакын жердегилерин ата-энелери келип, баласынын жашоосунан кабар алып турушат.

Кайыргүл Оркошева Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылынын тургуну. Анын 8 жаштагы Ислам аттуу уулу азыр лагерде тарбияланууда.

Диний сабактан бошогондо балдар топ-топко бөлүнүп, футбол, волейбол жана теннис ойношот.

Кичинекей дарбазачы.

Оюн кызыган маал.

Кайсынысын окусам?

Балдарга араб тилин үйрөтүп жаткан бул жигиттин ысымы Али ал-Зарзаур. Теги сириялык. Төрт айдан бери Абдырайым кары медресесинде эмгектенет. Облустук казыяттан Али муфтияттын чакыруусу менен келгенин айтышты.

Арабча кат тааныгысы келген бала

Медресенин босогосу