Сүрөттө калган Исфана жана жаштык илеби

Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн кыркка жакын эмгектери коюлган. 

Көргөзмө Бишкектеги "Артемис" галереясында өтүп жатат. 

Франциялык сүрөтчү Софи Имрендин эмгеги. Софи Имрен негизинен комикс жанрында эмгектерди тартат.

Сүрөтчүлөрдүн бири Ислам Дооров көргөзмөгө өзүнүн автопортерти, кичи мекени Исфана тууралуу эмгектери коюлганын айтты. Ал Исфана (азыркы Раззаков шаары-ред.) өзүнө гана таандык кооздукка ээ шаар экенин, ошону көрүүчүлөргө жеткиргиси келгенин айтты. 

 

Сүрөтчү Абай Насиридиндин "Алтынчы күнү" кечинде картинасы. 

Жаш сүрөтчүлөр өзүнүн эмгектери менен жаштыктын илебин көрсөткүсү келгенин билдиришти. 

Ислам Дооровдун эмгеги. 

Франциялык сүрөтчү Софи Имрендин (сүрөттө) Кыргызстанга келгенине эки ай болгон. Бул анын Кыргызстандагы үчүнчү көргөзмөсү. 
 

"Менин үйүм", Абай Насиридин. 

Ислам Дооровдун сүрөтчүлөр дүйнөсүндөгү псевданими Данко. Ал бул ысымды алып калышы тууралуу буларга токтолду.

"Окууну бүтүп Исфанага кайтып барып, бир мектепте сүрөттөн сабак берет элем. Бир күнү мектептин директору чалып "сен мугалим болуп туруп, кантип жылаңач адамдын сүрөтүн тартасың, сенин имиджиңе туура келбейт. Инстаграмыңды жогот" деп айтты. Мен ошондо социалдык тармактагы атамды Данко деп өзгөрттүм. Бирок бул жардам берген жок. Акыр-аягы арыз жазып кетүүмө мажбурлашты. Бирок Исфанада өткөн бир жылда мен туулган жерим тууралуу жакшы эмгектерди жарата алдым". - дейт Ислам Дооров. 

"Кыргызстанга жаңы келгенде мен орусча да, кыргызча да билчү эмесмин, бир жерге бара турган болсом дароо сүрөт тартып көрсөтүп, жол таап барганды үйрөндүм. Айтор кыргыз жарандары менен сүрөт аркылуу сүйлөшүп жүрүп, ушул эмгектерим жаралды", - деди Софи Имрен. 

Көргөзмө 11-декабрга чейин уланат.