Эл уулунун эмгеги унутулбайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

13-ноябрь күнү Ош шаарында мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чара ал өзү бир топ жыл бою жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болду. Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500 кишиден ашты. Алардын арасында өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары болду.