Иранда президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси жактырылды. Эми ал жума күнгө чейин расмий жарыялануусу керек.
Тегерандан түшкөн соңку кабарларга караганда, Сакчылар кеңеши мурдагы президент Али Акбар Хашеми Рафсанжанинин жана азыркы президент Ахмадинежаддын башкы саясий өнөгү Эсфандиар Рахим Машаинин шайлоого катышуусуна тыюу салган. Муну менен эми президенттик жарышта жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге ыктаган ашынган консерваторлор үстөмдүк кылган болот.
Аял талапкерлер электен өтпөйт
Бийликте диний консерваторлор үстөмдүк кылган Ирандагы эреже боюнча президент болууга талаптангандар оболу шайлоого катышуу ниетин билдирген арыз тапшырат.
Арыздарды кабыл алуу боюнча беш күнгө созулган жараян аяктагандан кийин жалпысынан 686 талапкер катталганы, алардын арасында аялдар да бардыгы расмий кабарланган.
Кайра эле эреже боюнча талапкерлердин президенттикке жарар-жарабасын өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жеке өзү дайындаган Сакчылар кеңеши аныктап, акыркы тизмени бекитет. Ички иштер министрлигине берилүүчү тизме ушул жума күндөн кечиктирилбей расмий жарыялануусу керек.
Сакчылар кеңешинин мүчөсү Мохаммад Язди быйыл аялдардан да арыз түшкөнүн комментарийлеп, Ирандын мыйзамы тыюу салгандыктан алар президент болгусу келген аялдарды электен өткөрбөй турганын дароо эле ачыктаган.
Ошондой эле быйылкы шайлоонун башталышындагы интригалардын бири катары мурдагы президент Али Акбар Хашеми Рафсанжанинин президенттик шайлоого кайрадан аттанганы айтылган.
АКШда жашаган ирандык журналист Рузбе Миребрахиминин пикиринде, жарышка кирүү менен Рафсанжани Тегерандагы истэблишменттин пландарын бузду:
- Рафсанжанинин талапкерлиги Хаменеинин шайлоого катышуу боюнча деңгээлди көтөрүү боюнча максатына шайкеш келет. Бирок добуш берүүнү тынч өткөрүп, бийликке тил алчаак президентти алып келүү боюнча пландын ишке ашышы үчүн проблема жаратат.
Байкоочулардын жана билермандардын айтымында, жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин айланасындагы күчтөр 78 жаштагы Рафсанжанини ал реформачыларга да, консерваторлорго да кайрыла алгандыктан олуттуу коркунуч катары санашат. Анын үстүнө Рафсанжани реформачылардын 2009-жылкы шайлоодон кийинки нааразылыгы күч менен басылышын сындаган.
“Мерседес минбеш керек”
Сакчылар кеңешинин өкүлдөрү тарабынан акыркы күндөрү Рафсанжанинин дарегине терс пикирлер айтылган.
Кеңештин төрагасы Ахмад Жаннатти өткөн аптадагы жума намазда сүйлөгөн учурунда Рафсанжанинин ысымын түздөн-түз атаган жок, бирок анын бай адам экенин ишара кылып, болочок президент Мерседес минбеши зарылдыгын эскертти:
- Ал жөнөкөй жашоонун башында турушу абзел. Эң биринчи кезекте өзүнөн баштап, кийими жөнөкөй, үйү жөнөкөй, эмереги жөнөкөй болушу керек. Башка сөз менен айтканда, Мерседес менен жүрүп, ошондой турак-жайы, эмереги болуп туруп, элден карапайым жашоону күтө албайт.
Тегерандан түшкөн маалыматтарга караганда, талапкерликке арыз берүү үчүн келгенде Рафсанжани көгүш Мерседес минип жүргөн.
Бул ирет Ирандын президенти болгусу келгендер арасында аятолла Хаменеиге ымалалаш жана жакын саясатчылардан Тегерандын мэри Мохаммад Бакер Калибаф, мурдагы тышкы иштер министри Али Акбар Велаети, парламенттин мурдагы төрагасы Голам Али Хаддад Адел жана өзөктүк маселе боюнча башкы сүйлөшүүчү Саид Жалили бар.
Аналитиктердин болжолунда, аятолланын адамдары алдыда бир талапкерлердин айланасына баш кошуусу мүмкүн.
Тегерандагы истэблишмент эң соңунда токтой турган талапкер катары айрымдар өзөктүк маселе боюнча башкы сүйлөшүүчү Саид Жалилини атап жатышат.
14-июндагы шайлоодо жеңе турган саясатчы Ирандын азыркы президенти Махмуд Ахмадинежадды алмаштырмакчы. Жарышка койо берилген талапкерлерде үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө үч аптадай эле убакыт бар.