Борбор Азия Евразиянын чок ортосунда, соода жолдору тогошкон чөлкөмдө жайгашканы менен геосаясий жактан бир топ эле кысымда калган.
Ооганстандагы бейстабилдүүлүктөн улам түштүк соода жолу дээрлик жабык турса, Иранга каршы киргизилген санкциялар айынан Европага кетчү жол жабык. Батыштагы Каспий деңизи болсо анын тегерегиндеги мамлекеттердин укуктук чырына байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнө кеңири соода потенциалын ача албайт.
Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунун өкүлү Алекс Ватанканын айтымында, учурда Борбор Азия өлкөлөрү түндүктөн Орусия, чыгыштан Кытай менен гана кеңири соода жүргүзө алат.
- Борбор Азия өлкөлөрү, тагыраак айтканда, Казакстан менен Түркмөнстан Орусия менен Кытайга соода жагынан көз карандылыкты азайтуу үчүн Ирандын геосаясий потенциалына кызыкдар.
Лондондо жашаган көз карандысыз ирандык эксперт Хусейн Ариан Иран Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө жол ачып, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн соода динамикасын өзгөртүшү мүмкүн. Өзгөчө бул энергетика тармагына байланыштуу деп эсептейт.
- Иран эң алгач энергетика жаатында санкциялардын алынышын талап кылууда. Анткени дал ушул тармакка Тегеран көп чет элдик инвесторлорду тарта алат. Бул Иран экономикасына чоң түрткү болмок.
Иран бир эле мунай жана көгүлтүр оттун эбейгесиз көп запастарына ээ болбостон, Борбор Азия мунайын жана газын Европага жеткире турган, Орусияны айланып өтчү кыска жолду сунуштай алат.
Президент Хасан Роухани бул тууралуу өткөн айда Түркмөнстандагы сапары маалында билдирген. Ал эми Ирандын Улуттук газ компаниясы февраль айынын башында азербайжан жана түркмөн газын Түркия аркылуу Европага жеткире турганын жарыялады.
Евробиримдик Орусиянын газынан көз карандылыкты азайтуу үчүн көгүлтүр отту ар кайсы булактардан алууну издейт.
Евробиримдикке газ жеткирүү үчүн курулуп жаткан “Түштүк газ коридору” долбооруна Азербайжан жана Түркмөнстан кирет, эми жакында ага Казакстан менен Өзбекстан да кошулушу мүмкүн.
Марттын ортосунда Түркия менен Азербайжан Трансанатолиялык газ куурун салууну расмий баштады.
ТАНАП деп аталган куур аркылуу Азербайжандын “Шах деңиз-2” кенинен чыккан көгүлтүр от Батыш Европага жеткирилет.
Ошону менен катар эле байкоочулар билдиргендей, Иран аркылуу энергетикалык ресурстардын экспорттолушу үчүн бери дегенде беш же он жыл керектелет.
Эксперттердин айтуусуна караганда, Иран менен Түркиянын ортосунда аймактагы лидерлик боюнча атаандашуу башталышы мүмкүн жана албетте, ал Европага газ менен мунай жеткирүүдө өз кедергисин тийгизбей койбойт.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 7-апрелде Иранга барды. Эки лидердин ортосундагы сүйлөшүүдө көңүл чордонундагы суроонун бири – газ боюнча маселе.
Вашингтондогу иликтөөчү Алекс Ватанка менен көз карандысыз эксперт Хусейин Ариандын айтканына таянсак, ирандыктар Ислам Революциясын Борбор Азияга жеткирүүнү кыялданган учурлар артта калды. 1990-жылдардын башында Иран Борбор Азиянын сунниттерине өз таасирин күчөтүү кадамдарын баштаган эле.
Ватанканын айтымында, учурда Иран Орусиянын Борбор Азиядагы лидерлигин талашууга даабайт. Ошол эле маалда Борбор Азия менен Иран азыр экономикалык жактан гана алака түзүүгө кызыкдар экенин Ариан белгилейт.
Борбор Азия өлкөлөрү буга чейин ар кандай деңгээлде Иран менен байланышын кармап келген. 1990-жылдардын соңунда Иран менен Түркмөнстанды туташтырган газ кууру курулган. Иран менен Казакстандын ортосунда мунай заттары боюнча макулдашууларга кол коюлган.
Өткөн жылдын аягында Казакстан, Түркмөнстан жана Иранды байланыштырган темир жолу ачылды. Ирандык компаниялар Тажикстандагы долбоорлорго, маселен “Сангтуда-2” ГЭСинин курулушуна инвестиция салган.