Иран президенти Раисинин өлүмү. Дүйнө коомчулугунун реакциясы

Кытай, Бээжин. Көчөдөгү чоң монитордон Эбрахим Раисинин өлүмү тууралуу кабарды көрүп жаткандар..

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Раисинин өлүмүн "кайгылуу окуя" деп сыпаттады. Анын "кытай эли мыкты досунан айрылды" деген сөзүн өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин таратты. 
 

Ирандык аял 19-майда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак кырсыкка кабылды деген маалыматтан кийин ал үчүн дуба кылып жатат. 

Өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 63 жаштагы Раиси менен 60 жаштагы тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиандын сөөктөрү  табылган соң беш күндүк аза күтүү жарыялаган. Тик учактын калдыктары менен маркумдардын сөөгү 20-майда табылган.  

Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер Тегеранда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатат. Анын жанында Раисинин орду кара мата байланып, бош турат.  

Хаменеи убактылуу президенттикке Мохберди дайындаган. 20-май, 2024-жыл. 

Аба кырсыгы тууралуу жаңылык Иранда гезиттердин биринчи бетине чыкты. 

 

Ирактын Нажаф шаарында зыярат кылып жүргөн ирандык шийи аял телефонунан Раисинин өлүмү тууралуу жаңылыкты көрсөтүп жатат.

Көбү ультраконсерватор Раиси Ирандын кийинки жогорку руханий лидери болот деп күтүп жатышкан. 

Дин кызматкерлери Хаманеинин Нажафтагы өкүлчүлүгүндө Раиси жана аны менен бирге каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып жатат.  

Раиси каза болгондон кийин ыйлап жаткан аял. Тегеран

Ирандын Берлиндеги элчилигинин алдында өкмөткө каршы акциянын катышуучусу Раисинин сүрөтүн кармап турат.  

1980-жылдардын этегинде миңдеген саясий туткундун өлүм жазасына тартылышын көзөмөлдөгөн соттордун бири болгону үчүн Раиси  "тегерандык касапчы" деген атка конгон. 

Берлинде акцияга чыккандар Ирандын өкмөтүнө каршы ураандарды кыйкырып турат. 
Amnesty International жана Human Rights Watch баштаган укук коргоо уюмдары Раисини айыптап келген.

Amnesty International анын адамзатка каршы кылмыштарга катышын иликтөөгө чакырган. 

Ливанда өкмөттүк имараттын үстүндөгү мамлекеттик желекти түшүрүп жаткан киши. Убактылуу премьер-министр Нажиб Микати Ливанда үч күндүк аза күтүү жарыялады

Ирандын Орусиядагы элчилигинин алдына коюлган гүлдөр. Ал жерде "Аза-кайгыңарды тең бөлүшөбүз" деген жазуу да турат. 

Орус президенти Владимир Путин Раисини "таасирдүү саясатчы" жана "Орусиянын чыныгы досу" деп атады.

Москвадагы элчиликтин жанында “Иран - 19.05.2024”  жана “Иран, биз сени мененбиз” деп жазылган плакаттарды кармап тургандар. 

Индонезия. Ирандын Жакартадагы элчилигинде Раисинин сүрөтүнүн алдына гүл коюп жаткандар.  

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель шаркет  "чын дилинен көнүл айтат" деп билдирди.  

19-майда Ирандын президенти Эбрахим Раиси тик учак менен Азербайжандагы иш сапардан кайтып келатканда кырсыкка кабылган. Бортто тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиан, Ирандагы Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем болгон. Алардын баары каза тапты.

Ирандын президенти Эбрахим Раиси баштаган бир нече аткаминердин тик учак кырсыгында каза тапканына дүйнө коомчулугунда ар кандай реакция болду. "Тегерандык касапчы" атка конгон Раисинин өлүмү кандай кабыл алынды?