Иранды өзгөрткөн ислам ыңкылабы
1978-жылдын 7-сентябрында Шах Мухаммед Реза Пехлевиге каршы массалык иш таштоо башталып, нааразылык акциясына чыккандар Тегеранды басып алышкан. Бул күн "Кара жума" катары тарыхта калган. Бүт өлкө боюнча митинг өтүп, нааразы топ шахты "АКШнын куурчагы" деп айыпташкан. Аскердик күч төрт күндөн кийин киргизилген.
Аскердик абалга карабай, шах Мухаммед Реза Певлевинин бийлигине каршылыгын билдирген миңдеген демонстранттар 1978-жылдын 9-октябрында Тегерандын көчөлөрүндө жүрүшкө чыккан.
5-ноябрь, 1978-жыл. Өкмөткө каршы чыккан демонстранттар Тегерандын көчөлөрүнө өрт койгон. Ушул эле айда Тегеран университетинде студенттер менен куралдуу күчтөрдүн кагылышуусу орун алып, андан каза тапкандар болгон.
Ирандык студенттер Тегерандагы нааразылык акциясы учурунда "Шахка өлүм!" деп кыйкырып жаткан учур. 28-ноябрь, 1978-жыл. Шах Мухаммед Реза Пехлеви Иранды 1941-жылдан бери башкарып келген. Ал өлкөнү учурдун талабына жараша башкарууга аракет кылганы менен саясий эркиндиктерге жол берген эмес, элдин көбү анын эбегейсиз байышына коррупция алып келди деп катуу нааразы болушкан.
Шахка каршы нааразылык акциясы учурунда, демонстранттар куугунтукталган ислам лидери Аятолла Хомейнинин плакатын кармап турат. 1978-жылдын 10-декабрында Тегеранда нааразылык акциясы күчөгөн.
.
Молдолор жана башка жарандар, Тегерандагы базарда куугунтукталган ислам лидери Аятолла Хомейнинин акыркы сөздөрүн окуп жатат. 16-декабрь, 1978-жыл.
Тегерандагы башаламандык учурунда "Пепсинин" логотиби түшүрүлгөн жүк ташуучу автоунаа күйүп жатат. 27-декабрь, 1978-жыл.
1979-жыл, 1-январь. Шахка каршы нааразылык акциясы күчөгөн учур. Демонстранттар Аятолла Хомейнинин плакатын массалык нааразылык акциясына көтөрүп чыгышкан. Хомейни 14 жыл куугунтукта жүргөн. Анын аудио кассетага жазылган сөздөрү жашыруун түрдө өлкөгө алынып келинген, ал толкундоолордун күчөшүнө себеп болгон.
Армия офицеринен (солдо) таяк жеген митингдин катышуучусун жоокер жерден тургузуп жатат. Тегеран шаары. 14-январь, 1979-жыл.
15-январь, 1979-жыл. 100 миңдеген киши Тегеран базарынын жанындагы мечиттин астына чогулушкан. Аскерлер, "Жашасын Хомейни!", "Шахка өлүм!" деп ураан чакырган демонстранттар менен бир катарда турушат.
16-январь, 1979-жыл. Шах Мухаммед Пехлеви жана анын жубайы ханыша Фарах самолетко отуруу үчүн Тегерандагы Мехрабад аэропортуна бара жатат. Шах расмий эс алууга чыгып, Ирандан биротоло кетип жаткан учуру. Өлкөнү 37 жыл башкарган Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес. 13 айдан соң ал каза тапкан.
Тегерандагы Шахтын кулатылган айкели. 18-январь,1979-жыл.
Тегеран аэропортуна бара турган жолду аскерлер тосуп турат. Аятолла Хомейнини Парижден алып келүү үчүн жөнөгөн Иран аба каттамдарынын учагынын жерден көтөрүлүшүнө армия мүмкүндүк берген эмес.
Шах өлкөдөн чыгып кеткенден кийин жүздөгөн кишилер жана чет өлкөлүк жарандар Ирандан кетүү үчүн Мехрабад аэропортунун учуу залына чогулушкан. 25-январь, 1979-жыл.
Туруксуз саясий кырдаалдан жана өлкө башчынын жоктугунан улам 26-январда олуттуу кагылышуу башталган. Бийликке каршы чыккан демонстранттар иран армиясынын ок атуусунан жашынып жаткан учур. Тегеран шаары.
Аятолла Хомейни Тегеранга жөнөгөн Air France самолетуна отуруу үчүн үйүнөн чыгып бара жатат. Париж. 31-январь, 1979-жыл.
1979-жылдын 1-февралында Аятолла Хомейни Тегеранга келип түшөт. Хомейнини коштоп Парижден 120 журналист кошо учуп келет. Шах өлкөнү таштап чыгып кеткенине карабай, Хомейнинин келиши, Ислам революциясынын чыныгы башаты болуп калат.
Хомейни мыкты коргоочулардын курчоосунда аэропорттон чыгып бара жатат. Ал Тегеран шаары аркылуу өтүп, Бехешт-Захра күмбөзүн көрүүгө жөнөгөн.
Бехешт-Захра күмбөзүнүн жанында Хомейнинин жактоочулары чогулуп, автоколоннаны тосуп алышууда.
Куугунтуктан кайтып келген Хомейни Бехешт-Захра күмбөзүнүн жанында элге кайрылуу жасап жатат.
Хомейни уулу Ахмад менен чогулган элдин алдында сөз сүйлөп жатат. 4-февраль, 1979-жыл.
Жансакчылардын кайтаруусу менен Мехди Базарган Тегеран университетинин алдында сөз сүйлөп жатат. Иран бийлигин колго алыш үчүн Хомейни Базарганды атайын тандап алган. Базарган Ислам режимине орун бошотуп берүү алдында, Ирандын жашоосунун ар бир этабында экономиканы жаңыртып жана эркин шайлоо өткөрүүгө Аллахтын атынан сөз берип жатат.
Тез жардам унаасы көчөдөгү кагылышуудан жараат алгандарга жардам көрсөтүү үчүн бара жатат. Тегеран. 10-февраль, 1979-жыл.
15-март, 1979-жыл. Аятолланын жактоочулары Тегерандагы АКШ элчилигинин алдында турушат. Бир күндөн кийин алар элчиликке чабуул жасашкан. Элчилик барымтага алынып, бир нече сааттардан кийин АКШга кайра кайтарылып бирилген. АКШ элчилигине ноябрь айында кайра чабуул жасалып, анда элчилик 444 күнгө барымтага алынган.
Аятолланын жактоочулары жараат алган адамды АКШ элчилигинен көтөрүп чыгып баратышат.
АКШ жараны Хомейнинин жактоочусунун жанынан буюмдарын көтөрүп бара жатат. АКШ элчилигине болгон чабуулдан соң 100гө жакын АКШ жарандары Ирандан кетүүгө аракеттенишүүдө.
Хомейнинин куралчан жактоочулары Тегерандагы Мехрабад аэропортун кайтарууда. 1979-жылдын 18-февралында АКШнын жүздөй жараны атайын рейс менен Ирандан эвакуацияланган.
Аятолла Хомейнинин ислам мыйзамдарын кабыл алуу үчүн 10 миңден ашык аялдар Тегеран шаарында чогулушкан. Ал жерде аялдар мындан ары кара түстөгү узун көйнөктөрдү кийип жүрүшү шарт экени айтылган. 16-март, 1979-жыл.
27-ноябрь, 1979-жыл. АКШ элчилигинин эшигине кулпу илинген учур. Демонстрант-студенттер чабуул жасап, 52 америка жаранын барымтага алышкан. Барымта 444 күнгө созулган.
Динчилдер Кумедеги Хомейнинин үйүнүн жанынан өтүп бара жатышат. 1979-жылдын 17-декабрында Хомейни Ирандын башкы лидери болуп тандалган.