Кыргызстан көмүр кендерин Кытай менен иштетет

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул аптада Кытайдын премьер-министри Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип, эки өлкө ортосунда 12 документке кол коюлду. Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар.

“Кыргыз көмүр” ишканасы казылган көмүрдүн 70% кытайлык инвестор, калганын мамлекет аларын билдирүүдө.

70% инвестордуку, 30% мамлекеттики


Кытайлык компаниялар иштеткиси келген көмүр кендери Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облусунда жайгашкан. Энергетика министрлигинин маалыматында, “Кыргызкөмүр” ишканасы Тегене, Сүлүктү талаа – 11 көмүр кенин казууга, ал эми “Торугарт” деп аталган кенди биргелешип чалгындоого келишим түзүлгөнү айтылат.

Мындан тышкары, Кытайдын дагы бир компаниясы менен “Эркечтам” өткөрмө бекетине ленталык конвейер менен көмүр логистикалык борборун куруу пландалууда.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басары Сүйүнбек Мамашов буларды айтты:

"Сүлүктү талаа – 11" кенине 50 млн доллар инвестиция салынып атат. “Торугартты” чалгындоо, ошондой эле көмүр өндүрүү иштерине 26 млн доллар, “Эркечтамдагы” ленталык конвейерине 50 доллардан ашык акча салынат. Ал эми Тегененин биринчи этабына 7 млн доллардан ашуун инвестиция салынат. Алгач Сүлүктү талаа – 11 менен Тегене иштей баштайт”.


Тегене көмүр кени Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарынан 30-35 чакырым алыстыкта, Кара-Суу дарыясынын сол жээгинде жайгашкан. Анын баланстык запасында 47 млн тонна таш көмүр бар. 2015-жылы аны иштетүү укугуна аукцион жарыяланып, кийин “Кыргызкөмүргө” өткөрүлгөн.

Ал эми Сүлүктү талаа – 11 кенинде 114 миллион тонна көмүр бар экени айтылат. Кендин аянты 800 гектардан ашык экени белгилүү.

Сүлүктү шаарындагы көмүрчүлөр ассоциациясынын төрагасы Замир Мирзали уулу азырынча иш баштала электигин билдирди:

“Жергиликтүү элде кытайлар менен болгон келишим боюнча толук маалымат жок. Анткени азыр эч ким келе элек. Алар техникасын алып келе баштаса, элдин пикири ошондо билинет. Негизи Сүлүктү шаар болгондуктан, инвесторлорго мамиле жаман эмес. Буга чейин да көп шахталарга кытайлар келген. Бирок баары банкрот болуп кеткен. Ошондуктан бул жолу иштетип кетишине ишене албай турам. Балким, мамлекет кийлигишип атканы үчүн казып кетет”.

Баткендин Сүлүктү шаарында бир нече көмүр кени жайгашкан. Ал жакта "кара алтынды" шахта жолу менен казып алышат.

Булардан айырмаланып, Торугартта канча кара алтын бар экени, кандай жол менен казып алса болору белгисиз. Кен Нарын облусунда экени белгилүү. Жердин аталышына карап, кыргыз-кытай чек арасына жакын жайгашкан деп божомолдосо болот.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын маалыматына таянсак, жогоруда аталган үч кендин лицензиясы “Кыргызкөмүр” ишканасына таандык болуп кала берет. Бирок казылган көмүрдүн 70% кытайлык инвестор, калган 30% мамлекет алат. Ошол эле учурда алгач жергиликтүү тургундар камсыздалып, андан ашканы сыртка сатыла турганын айтып жатышат. Буга чейин өлкөнүн түштүк облустарынан казылган көмүрдүн көбү Тажикстан, Өзбекстанга сатылып келген. Чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан менен соода токтогон.

“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы директору Расул Умбеталиев Кытайдын көмүр кендерге кызыгуусун өндүрүштүн өсүп атышы менен байланыштырды. Анын айтымында, 30-70 келишими Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес.

“Жок дегенде 60% Кыргызстанга, 40% Кытай инвесторуна болуш керек. Анткени байлык, суу, жер, электр энергиясы биздики болуп атпайбы. Бизде жумушчу күч арзан, салыктар төмөн. Ошон үчүн кызыгып атат да. Ошол эле Монголияда 30% инвестор, 70% мамлекет алат. Бизде тескери болуп жатпайбы? Мындан тышкары, Тегене менен Сүлүктүнү казам деген ички инвесторлор болгон. Бирок кытайларга берип атышат”.

"Кыргызкөмүр" ишканасы үч кенди иштетүүгө байланыштуу чыгымдарды кытай инвесторлору көтөрө турганын айтууда.

Ленталык конвейер. Көмүр экспортун көбөйтүү аракети


Көмүргө байланыштуу дагы бир келишимге ылайык, кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтамда” көмүр логистикалык борбору курула турганы айтылууда. Андагы ленталык конвейердин узундугу 7,5 чакырым болот. Кытай өз тарабындагы конвейерди куруп койгонун “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.

2022-жылы Кыргызстан Кытайга 117 миң 290 тонна көмүр экспорттогон. Бул күнүгө Кытайга эки-үч эле машине көмүр кирип жатканынан кабар берет. Буга “Эркечтамда” жүк ташуучу машинелер туруп калганы да себеп болуп жатканы айтылат. Эгер ленталык конвейер курулса, анда Кытайга көмүр экспорту 100 эсе көбөйөт дейт “Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басары Сүйүн Мамашов:

“Эркечтамда" дайыма унаа көп. Мындан улам көмүр ташууда маселе жаралып калат. Болбосо кыргыз көмүрүнө Кытайда талап жогору. Азыркы тапта Шиңжаң автономиялык облусу эле 15 млн тонна көмүр сурап атат. Аны бере албай жатабыз. Анткени өзүбүз 3,5 млн тонна эле өндүрөбүз. Эгер кендер ишке кирсе, абал өзгөрөт деп турабыз. Алгач көмүр логистикалык борборго ташылып келет. Ошол жерден иргелип, андан соң ленталык конвейер менен Кытайга өтүп кетет".

“Кыргызкөмүрдүн” дымактуу пландары качан, канчалык ишке ашарын азыр айтуу кыйын. Анткени азыр күн сууп бараткан кезде Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы байкалып, айрым учурларда баасы кымбаттап кетүүдө.

Ошол эле маалда коомчулукта кытай инвесторлоруна каршы маанай, чочулаган көз караш бар экени жашыруун эмес. Мисалы, 2019-жылы кытай инвесторунун Ат-Башыга соода-логистикалык борборун куруу планы ишке ашкан эмес. Жергиликтүү тургундар ар кандай акция уюштуруп, аябай каршы болгон. Мындан тышкары Солтон-Сары, Макмал алтын кенинде да кытайлык инвесторлорго каршы чыр-чатактар болгон. Тогуз-Тородогу окуяда алтын иштеткен ишкана өрттөлгөн.