Лиллис: Өкмөт Бабакуловго ашыкча реакция жасады

Жоанна Лиллис.

"Фергана.ру" сайты менен журналист Улукбек Бабакуловдун айланасындагы соңку жагдай тууралуу Борбор Азия боюнча британиялык эксперт, Eurasianet.org басылмасынын баяндамачысы Жоанна Лиллис "Азаттыкка" маек курду.

«Азаттык»: Кыргызстанда "Фергана.ру" сайты кайрадан тосмолонду. Кыргыз өкмөтү анын кабарчысы Улугбек Бабакуловду этностор аралык кастыкты козутту деп айыптап жатат. Бабакулов болсо кыргыз социалдык тармактарындагы толеранттуулук маселесине көңүл бурууну көздөгөнүн айтып жатат. Сиз медиа эксперт катары бул окуяга кандай баа бердиңиз?

Жоанна Лиллис: Менимче, басма сөз эркиндиги жаатынан алып караганда бул кабатырланчу окуя. Кыргыз өкмөтүнүн медиа эркиндигин сактоого аракет кылып келатканын билебиз. Борбор Азиядагы башка бардык өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда журналисттер эркинирээк. Бирок Улугбек Бабакуловго ачылган кылмыш иши тынчсыздануу жаратат. Ал өзүнүн макаласы аркылуу социалдык тармактарда улуттук азчылыктарга сабырсыз мамиле жасалганын көрсөтүүнү көздөгөнүн айтып жатат.

Менимче, маанилүү маселеге көңүл бурдурууну каалаган журналистти кылмыш иши менен бутага алуу өтө кабатырлантат. Бул окуя Кыргызстанда башка журналисттер менен маалымат каражаттары да сот жообуна тартылып жаткан учурда болуп жатат. Мындай жагдай басма сөз эркиндиги начарлап жатканын көрсөтөт.

Улукбек Бабакулов

“Азаттык”: Кыргыз президенти айрымдар өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирип жатканын ишара кылып, журналисттер өз макаласы менен чет өлкөдөн баш калка алууну көздөйт деди. Эгер биз окуяга өкмөттүн көз карашы менен карасак, бийликтин да өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо укугу барбы?

Жоанна Лиллис: Албетте, бардык өкмөттөр өлкөдөгү туруктуулукту сактоого укугу бар. Ошол эле учурда кастыкты козуткан сөздөр медиага чыгып кетпешин да алдын алууга укугу бар. Бирок бул маселеде өкмөт колдонгон инструменттер кабатырлануу жаратат. Эмне үчүн өкмөт Улукбек көңүл бурган социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү иликтегендин ордуна, аны кылмыш иши менен бутага алып жатат? Бул тынчсыздануу жараткан жагдай.

Ошол эле учурда өкмөт өлкөдөгү бардык топторду, алардын ичинде улуттук азчылыктарды кастыкты козуткан билдирүүлөрдөн сакташы керек.

“Азаттык”: Ошондо сиздин оюңузча өкмөт ашыкча реакция кылып жатабы?

Жоанна Лиллис: Жеке оюм боюнча, өкмөт ашыкча реакция кылып жатат. Бул өтө маанилүү маселе. Ошол эле учурда этностор аралык мамилени чагылдырганда журналисттер да жоопкерчиликтүү болушу керек. Бул бардык өлкөлөрдө, өзгөчө 2010-жылдагы трагедиялуу окуяларды баштан кечирген Кыргызстанда маанилүү. Этникалык маселелер тууралуу жазганда журналисттер жоопкерчиликтүү жана этикага туура келгендей мамиле кылышы керек. Ошол эле учурда өкмөттүн кастыкты козуткан билдирүүлөр айтылбаган шарттарды түзүп, сөз эркиндигин камсыз кылганы маанилүү.

“Азаттык”: Сиз айтып өткөн этностор аралык мамилени чагылдыруу маселесине келсек. Бул маселе өтө кылдаттыкты, этияттыкты талап кылаары бышык. Журналисттер этностук азчылыктардын маселесин көтөрүү менен кастыкты козутуу түшүнүгүнүн ортосундагы чекти кантип аныкташы керек?

Жоанна Лиллис: Жакшы суроо. Кайсы гана өлкөдө болбосун, анын ичинде Кыргызстанда журналисттер этникалык маселелерди чагылдырганда жоопкерчиликтүү болушу керек. Бейтарап чагылдырышы зарыл. Комментарийлер да объективдүү болгону жакшы. Бул негизги эреже. Мындан тышкары алар медиа уюмдун этикалык эрежелерин сактаганы маанилүү.

Бул маселеде Борбор Азиядагы башка көптөгөн медиалар сыяктуу эле кыргыз маалымат каражаттары да кээде жоопкерчиликсиз мамиле жасашат. Айрым учурда алар объективдүү боло алышпайт. Кастыкты козуткан комментарийлерди басып чыгарышат. Андыктан бул маселеде бейтараптуулук жана этика – негизги талап. Албетте, бул эрежелер башка маселелерди чагылдырганда да эске алынышы кажет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.