Кыргыз эли мындай кыйын кезеңди 1916-жылы, кийин жарандык согуш, колхоздошуу кезинде баштан кечирген. Он миңдеген адамдар Кытайга качууга мажбур болгон.
Илимпоздор ушу таптка Үркүндүн картасын түзүп, ага канча киши кабылганын, оор трагедиянын себеп-жөндөрүн такташууда. Долбоордун авторлорунун бири илимпоз Гүлзада Абдалиева менен маекти сунуштайбыз.
“Азаттык”: Гүлзада айым, жаңы долбоор деп атасыз анын чоо-жайына токтоло кетсеңиз.
Дагы караңыз Бекназаров: Үркүн жакшы изилденген жокГүлзада Абдалиева: Эки жылдан бери “Айгине” маданий-изилдөө борбору менен 1916-жылкы көтөрүлүштү иликтеген эл аралык долбоорду ишке ашырып келебиз. Ага жалаң эле кыргыз окумуштуулары эмес, борбор азиялык окумуштуулар да катышып жатат.
Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандын окумуштуулары бар, булардан сырткары АКШ, Улуу Британия, Жапония, Австралиядан келген эксперттер биз менен чогуу иштешүүдө. Ар бир окумуштууга бирден эл аралык эксперт бөлүнгөн, изилдөө иштери улантып келебиз.
Буга чейин 1916-жылкы көтөрүлүш картага түшүрүлө элек болчу, беш карта жасалды. Франциялык изилдөөчү Кэтрин Пужель карта боюнча изилдөө жүргүзөт экен.
Долбоордун катышуучулары беш карта даярдадык. Алар кандай карталар? Мисалы, көтөрүлүштүн жүрүшү Пишпек анан Пржевальск уездинде өтө күчтүү болгон.
Көтөрүлүштүн чыгышы, анын жетекчилери, алар кайсы аймактан болгон? Качкындар кайсы жолдор менен качып, Кытайдын кайсы айылдарына барган? Көтөрүлүшкө арналган эстеликтер кайсы жерлерге коюлган, кимдер коюшкан деген суроолор камтылды.
“Азаттык”: Көтөрүлүштө кыргыздардын канча пайызы жок болгону тууралуу болжолдуу пикирлер айтылып келет. Жаңы иликтөөлөрдүн натыйжасында кыргыздар канча пайызга азайганы дайын болдубу?
Гүлзада Абдалиева: 1917-жылдын 1-майында Тынышбаевдин баяндамасы чыккан экен. Ал архивде бар. Бул совет доорунда деле белгилүү болгон. Калктын азайышы Кушбек Үсөнбаев агайдын маалыматына дал келет. Негизи андан көбүрөөк, калктын азайышы 50–55% түзгөн деп айтсак болчудай.
Фактыларга кайрылсак, Убактылуу өкмөт, кийин большевиктердин бийлиги кыргыздарды өз жерине кайтара баштаган. Совет өкмөтү тарыхчы Белек Солтоноев менен көтөрүлүштүн бирден бир жетекчиси Мөкүш Шабдановду Кытайга экспедицияга жөнөтүшкөн. Алар кыргыздар кайсы жерлерге чейин барышканын жакшы билишкен.
Бул тууралуу Кушбек Үсөнбаевдин да маалыматтары бар. Анда кайтып келген кыргыздардын он миңдейи набыт болгону белгиленген. Муну Белек Солтоноев да жазган. Совет доорунда бул маалымат ачык айтылган эмес.
Кушбек агайдын жазганы ачыкка чыкпай калган. Убактылуу өкмөттөн кайтарган кыргыздардын көбү набыт болушкан. Кыргыздардын Кытайга качышы 1916-жыл менен токтогон эмес, процесс кийин да уланган. Көтөрүлүшкө катышкандар совет доорунда да куугунтукка алынган. Бул архивдик маалыматтарда сакталып калган.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 2015-жылы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата Кытайга илимий экспедиция уюштурган. Биз ошондо элдин апаатты кантип эсинде сактап калганына кызыктык. Анда чогултулган маалыматтарды бүгүн кеңири пайдаланып жатабыз.
“Азаттык”: Сиз кыргыздардын жер которушу 1916-жылдан кийин дагы улантылган деп айтып жатасыз, айыл чарбасын коллективдештирүү - колхоздоштуруу, ага чейин бай-манаптарды жок кылуу, аларды кулак катары же социалдык “жат элемент” катары сүргүнгө айдоо, көбүн атып, жок кылуу болгон. Ошондо кыргыздардын канча пайызы жер которууга мажбур болгон?
Бизге 1916-жылдагы бир эле Үркүн белгилүү. Кытайдагы кыргыздар арасында “Чоң Үркүн, Орто Үркүн, Кичи Үркүн” деген түшүнүктөр бар экен.
Гүлзада Абдалиева: 2015-жылдагы илимий экспедицияда элдин эс- тутумунда сакталып калган оозеки тарыхты жыйнаганбыз. Ошондо “Сиз кайсы Үркүндө келгенсиз?” - деген сурообузга алар кайра “Кайсы Үркүндө?” - деп суроо беришти. Бизге 1916-жылдагы бир эле Үркүн белгилүү. Кытайдагы кыргыздар арасында “Чоң Үркүн, Орто Үркүн, Кичи Үркүн” деген түшүнүктөр бар экен.
Жылдарын, хронологиясын тактап келсек, 20-кылымдагы “Чоң Үркүн же Улуу Үркүн” деген түшүнүк менен 1916-жылдагы, башкача айтканда, Орус империясына каршы көтөрүлүштө качкандар айтылат экен. Андан кийинки жарандык согуш мезгилиндеги социалдык составын карап көрсөк, бай-манаптар, кулактар, этникалык составын карап көрсөк, татарлар, орус кулактар, ошондой эле кыргыз бай-манаптар.
Ал эми үчүнчү этабы болсо, колхоздошуу мезгилине туш келет дагы, бул “Кичи Үркүн” деген ат менен белгилүү. Бизди ушул үч Үркүндүн айтылганы таң калтырды.
Хронологиялык жактан карасак, аталыштары дагы хронологияга дал келет. Качкан адамдардын саны дагы дал келет. Мисалы, Улуу Үркүндө 164 миң адам качууга аргасыз болгонун билебиз. Орто Үркүндө оогондордун саны Белек Солтоноевдин экспедициясындагы таблицалар менен берилген сандарга дал келет. Солтоноевдин айтуусунда, биринчи качкындык доор 1916-жылдагы көтөрүлүш, экинчиси 1918-1920-жылдарга дал келет. Бул жерде курам өтө эле аз. Мисалы, 5000 - 6000ге жетпеген адамдын саны айтылат.
1930-1933-жылдар аралыгында Кыргызстандын түндүк, түштүк аймактарында антисоветтик көтөрүлүштөр чыккан. 1930-жылы Таласта, Дмитриевкада көтөрүлүш болуп, 200дөй адам аскерлер аткан пулеметтун огунан набыт болгону жөнүндө тастыкталган булактар бар.
Кичи Үркүнгө келе турган болсок, болжол менен 20 миңдей адам түндүк аймактан болгону гана айтылат. Менин изилдөөм түндүк аймакка гана байланыштуу. 1930-1933-жылдар аралыгында Кыргызстандын түндүк, түштүк аймактарында антисоветтик көтөрүлүштөр чыккан. 1930-жылы Таласта, Дмитриевкада көтөрүлүш болуп, 200дөй адам аскерлер аткан пулеметтун огунан набыт болгону жөнүндө тастыкталган булактар бар.
Алматыда биринчи президент атындагы архивден Орто Үркүн боюнча тастыкталган маалыматтарды алып келдик, анда канча киши атылгандыгы жөнүндө тизме бар. Ага чейин борбордук архивден 3000 киши атылганы жөнүндө маалымат алганбыз, эң кызыгы, Алматыдагы архивде 84 адамдын атылганы, так тизмеси менен берилип жатат.
Мөндүровду - Бондаревди ал жерде “мунт” (бунт) дешет. Бондаревдин көтөрүлүшүндө 84 адам Пишпекте атылган деп белгиленип жатат. Этникалык составын карап көрсөк, жалаң гана орус кулактар эмес, жергиликтүү калктын дагы катышканын байкайбыз. Көтөрүлүштүн жетекчилери, Абдрахманов деген киши жөнүндө айтылат. Каймана аты Манас, 40 жигити бар экен.
Ал дагы көтөрүлүшкө түздөн-түз катышыптыр, кийин Кытайга качып кетип, кайра Нарынга кайтып келген экен. “Беш балка” деген түшүнүк бар экен. Алар ким десек, Нестеровдордун беш бир тууганын эл “Беш балка” деп атап коюшканы жөнүндө маалыматтар кездешет.
Дагы караңыз Үркүндү түрк тыңчылары уюштурганбы?Бишкектеги социалдык документтер сакталган жер мурда партархив деп аталган. Партархивге колхоздошуу мезгилиндеги качкындардын тизмеси берилген, ушундай кызыктуу маалыматка туш болдук. Алар кимдер болгон, эмнеге качкан? Башкача айтканда, НКВД алардын туугандарын түздөн-түз көзөмөлгө алган. Ошол тизмеде атайы түштүк жактагы качкындардын тизмеси, алар ким болгон, кулак, басмачы деп берилген. Көбүнчөсү басмачы деп берилген, бирок мен аларды басмачы деп айтуудан алысмын.
Алар колхоздошууга каршы адамдар болгон. Кулакка тартуу процесси, ачарчылык, колхоздошуу башталган, алардын Кытайга качуудан башка жолу калган эмес. Казыбек казалчынын ырларын окуп отуруп, “Үркүндөн кийин Үркүн” деген сөз мага аябай таасир калтырды. Эмне үчүн “Үркүндөн кийин Үркүн?” деген суроо пайда болду.
Ат-Башыдагы Көгарт жергесинде 200дөй адам атылган. Андан тогуз жаштагы Курманакун гана жалгыз аман калган. Анын эскерүүсүнө караганда, атасы пулемет атылып жатканда “мени бекем кучакта” деп айткан экен. Атасын кучактап эси ооп калат. Бир убакта кулагына шыңгыраган суунун үнү угулат, бул каяктагы суу десе адамдардын каны суудай агып жаткан экен.
1962-жылдан кийин Кытай жергесиндеги акыркы качкындар кайтып келишкен. Алар мекенине кайтып келгенден кийин дагы көзөмөлдө болуп турушкан. Экинчиден, жергиликтүү эл дагы аларды жактырган эмес.
Бирок бул окуя Совет доорунда эч айтылган эмес. Бул маалыматтарга оозеки тарыхты жыйнап жүрүп туш келдик. Биздин айылда “Начальник кокту” деген жер бар, ал жердин аталышы дагы Ак-Чубак көтөрүлүшүнө байланыштуу. Ак-Чубак көтөрүлүшүнүн жетекчиси Абдулла Кулчун, басмачы болгон деп окуганбыз.
Абдулла Кулчун менен чогуу Казыбек казалчы качкан. Көтөрүлүшкө чыккандар ошол жердеги чек арачылардын начальнигин набыт кылып, чек ара ачылгандан кийин Кытайга качууга аргасыз болушкан. Биз тактоонун үстүндө иш жүргүзуп жатабыз жана дагы такталат деген ойдобуз.
1962-жылдан кийин Кытай жергесиндеги акыркы качкындар кайтып келишкен. Алар мекенине кайтып келгенден кийин дагы көзөмөлдө болуп турушкан. Экинчиден, жергиликтүү эл дагы аларды жактырган эмес. Ошентип “кытайчы” деген топ пайда болуп, аларга паспорт жана отурукташуу укугу берилбей кыйналышкан.
Кыргызстандын башка аймактарына көчүрүлүп, 10 жылдай убакыт өткөндөн кийин башка себептер менен өзүнүн мекенине отурукташканын билебиз. Күнөө коюлуп, көпчүлүгү репрессияга кеткени дагы маалым.
“Азаттык”: Гүлзада айым, сиздин ишиңизге ийгилик!