Жакында айтылуу илимпоз “Азаттыктын” Бишкектеги студиясына келип кызыктуу маек куруп берди.
“Азаттык”: Гүлзура айым, кыйла жылдардан бери түрк туугандарга кыргыз адабияты менен маданиятынын мыкты өкүлдөрүн тааныштырып келе жатасыз. Бул ишке кандайча киришип калдыңыз?
Жумакунова: Ал жакта иштеп, жашап жатканыма чейрек кылымга жакын убакыт болуп калды. Эгемендиктин алгачкы жылдары кеттим эле. Анкара университетинин Тил, тарых, география факультетинде иштеп жатам. Башында түркчө-кыргызча сөздүк түзүүгө кириштим. Алардын сөздүктөрүн, эмгектерин көрүп бир чети намыстанат экенсиң, "Манастын тили болуп туруп" деп... 7 жылдык эмгегим 2005-жылы жарык көрдү. Андан кийин кыргызды тааныта турган дөөлөттөрдү чыгарууга кириштим.
Токтогулдун 150 жылдыгы 2014-жылы өттү. Токтогулдун китебин даярдай баштадым. Анын өмүрү ырларында калган экен. “Ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” деп ат койдум. Ошол ырлары менен күүлөрүндө калган өмүр баянын, музыкасын, шакирттер менен байланышын, өмүрүнүн урунттуу учурларын камтыдык, чоң китеп болду.
Музыкалык жагын изилдеш үчүн аябагандай көп булактарды карап чыгыш керек болду. Баары хронологиялык жагынан берилди. Балалыгы, эр жетиши, күрөшкө чыкканы, сүргүнгө айдалышы, кайра кайтышы ж.б. Кийинки учуру буга чейин жакшы берилбеген экен. 9 ай азап тартканы, алты ай бир орустун үйүндө жатканы, үч ай басалбай калганы... Ошолорду бүт айтып келип анын музыкалык чыгармачылыгы “Шыңгырамасы”, “Камбаркандары”, “Ботойлору” - булардын ар бирине өзүнчө аныктама берилди. Өмүр баянына биздин сүрөтчүлөр тарткан сүрөттөр пайдаланылды. Музыкасы CD диски менен коюлду, ноталары берилди. Нотасы жалгыз Виноградовдо гана калган экен, аны Искусство институтунан сурап алып, көчүрүп койдук. Кыскасы академиялык, Токтогулдун кимдигин аныктаган жакшы китеп болду.
Анан аны жалаң түрктөргө эле таанытып тим болбой, азербайжан, казак, түркмөн, түрк, кыргыз, өзбек - алты тилде 6 китеп болуп жарык көрдү. Баары бипбирдей, мен аларды алты жолу редакцияладым окшойт. Замандын жетишкендиги ушул экен, мен аны үйүмдө отуруп алып эле бири-бирине байланыштырып, редакциялап, даяр кылдым. Бир жылдын ичинде даяр кылдык, аны бастырыш иши да өзүнчө жомок.
“Азаттык”: Токтогулду биз үстүртөн билээрибиз буга чейин эле айтылып келаткан. Андан башка деле бир топ иштерди жасагансыз, мисалы, Чыңгыз Айтматовду түрк дүйнөсүнө жеткирүү боюнча. Ушуга токтоло кетсеңиз?
Жумакунова: Айтматовду түрктөр аябай жакшы көрүшөт. Китеп дүкөндөрүнө кирсеңиз, анын жарыяланбаган чыгармасы жок. Бүт китептери коюлган. Биздин китепканаларда деле ошончолук деңгээлде коюлган эмес. Айтматовдун 70 жылдыгынын алдында “Шекерден дүйнөгө ачылган терезе” деген көлөмдүү макала жаздым. Анын чыгармачылыгы “Манастан” келгенин ырастап, “Улуу сөздүн узандысы” деген макала жазгам. Абдан көп макалалар жазган экемин, буюрса китеп кылып чыгарсамбы деп турам. 10 жыл бою ТРТда кыргыз кызматын башкарып турдум, ошондо Айтматов менен бир топ маектешүүлөрдү уюштурдум. Андан тышкары, университеттеги доктордук сабактарымда “Айтматов таануу” деген курсум бар. Көптөгөн конференцияларды уюштурдук.
“Азаттык”: Сиздин илимий изилдөөңүз “Манас” эпосуна байланыштуу болчу. Анын лингвистикалык проблемаларын иликтеп кандидаттык диссертация жазгансыз. “Манаска” байланышкан иштер тууралуу айтсаңыз.
Жумакунова: Түркиядагы алгачкы эмгегим “Манастын” тили – кыргыз адабий тилинин булагы” деген болчу. Тилдин калыптануу булагы, стилдик курумдарынын өнүгүшүнө бу “Манас” эпосу кандай негиз болгону, андан адабий тилибиз кантип куралганы, кыргыз тилинин укмуш байлыгынын негизинде ушундай бир уникалдуу чыгарма жаралганын далилдешке аракет кылдым. Тарыхый-салыштырмалуу планда иликтегем. Карап отурсам “Манаска” байланыштуу макалаларым жыйырма экиге жетип калыптыр.
(Маекти толугу менен аудиодон угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.