Чүйдө беш киши “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын лидери жана мүчөcү деген шек менен кармалды.
"Инкарчылар Чүйдөгү уюгу"
Милиция Чүйдө “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын элүүдөн ашык мүчөсү аныкталганын жана анын лидери катары мурда экстремизм беренеси менен соттолгон 52 жаштагы К.Н аттуу тургун кармалганын маалымдады.
Экстремисттик кыймылдын лидери деп шектелген киши менен кошо төрт мүчөсү кармалган. Шектүүлөрдүн кичүүсү 26, улуусу 56 жашта болгон. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) беренесине шек саналып, №1 тергөө абагына камалды.
Милициянын маалыматына ылайык, кыймылдын лидери экени айтылган киши Москва районундагы бир нече жерге жатаканасы менен медресе уюштуруп, тыюу салынган уюмдун үгүтүн жүргүзгөн.
Милиция жана атайын кызмат жыйырмадан ашык даректе тинтүү жүргүзүп, тыюу салынган диний материалдарды табышкан.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева буларды билдирди:
“Кармалган жарандардын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүнүн жыйынтыгында бул уюмга тийиштүү ар кандай китептер, баракчалар, флеш-карталар, дептерлер, уюлдук телефондор жана DVD дисктер алынган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган далил буюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган”, – деди ал.
"Йакын инкар" коркунучу
Кыргызстанда күч органдары өлкөдө тыюу салынган “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү кармалганы боюнча кабарларды байма-бай жарыялашат. Бирок, учурда жалпы канча киши бул кыймылдын мүчөсү экени жөнүндө маалымат жок. ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын өкүлү Манас Аманбаев “Азаттыкка” курган маегинде “Йакын инкар” Кыргызстанда коркунучтуу идеология экенин белгилеген.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы үч коркунучтуу идеология бар. “Салафизм”, “Хизб ут-Тахрир” жана “Йакын инкар”. “Йакын инкардын” идеологиясы баарыбызга айкын болуп калды. Булардын заманбап жашоого каршы чыгышы, 14 кылым мурдагы пайгамбардай жашаш керек деп, биздин мыйзамдарга баш ийбейт. Кала берсе Мусулмандар дин башкармалыгына дагы баш ийбей, өзүм билемдик менен даават иштерин жүргүзгөндүктөн, соттун чечими менен тыюу салынган. Азыр көпчүлүгү көмүскөгө кирип кетишти. Бул багытта иш алып баруудабыз”.
Аманбаев мындай топтордун түпкү идеологиясы светтик түзүлүштүн ордуна шариятка негизделген “диний халифат” орнотуу экенин кошумчалады.
Бул “Йакын инкар” кыймылынан баш тартканын айтып жаткан жарандын милиция тараткан видеосу.
"Инкарчылардын" катары калыңдап жатат
Дин тармагындагы адистер шектүү агымдарга азгырылышынын негизги себебин - билимсиздик, дин жөнүндө маалыматтардын жетишсиздиги жана социалдык-экономикалык көйгөйлөр менен байланыштырып келет.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин (муфтий) мурдагы орун басары, дин таануучу Кадыр Маликов “инкарчылардын” катарынын калыңдашы жана алар менен күрөшүү ыкмалары жөнүндө пикирин ортого салды.
“Экстремисттик топ дегенде дароо эле кандайдыр бир саясий мааниде болуп, терроризм менен байланыштуудай сезилет. Аларда андай деле максат жок. Тыюу салынганына карабай Кыргызстан боюнча алардын мүчөлөрү бар. Аларды сырткы келбетинен дароо аныктаса болот. Тыюу салуу менен эле кыймыл жок болуп кетпейт. Идеология мээде болот. Алар тыюу салуу менен көмүскөгө кетти. Алар менен күрөшүүнүн жолдору туура эмес болуп жатат. Макул, 10-20-200 мүчөсүн кармап, түрмөгө отургузду. Алар түрмөдө реалдуу радикал топторго кошулуп кетиши мүмкүн. Аларды деструктивдүү кыймыл катары тыюу салып, камабастан, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек. Бул муфтияттын жумушу. Азыр эми бул кыймылдын катары калыңдай берет. Жалпы элди жан дүйнө ачкачылык, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, ичкилик, зомбулук, экономикалык каатчылык, жакырчылык басты. Айрымдар бул көйгөйдөн качып, ушундай агымдарга кирип кетет”, - деди Кадыр Маликов.
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгындагы үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Жоробай Шергазыев муфтияттын өкүлдөрү аймактарды кыдырып, имамдардын билимин көтөрүү менен ар кандай шектүү агымдарды ооздуктоого аракет көрүлүп жатканын билдирди.
“Негизги себептердин бири адамдардын диний сабатсыздыгы. Алар ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенип алып жатат. Ошондуктан биз колдон келишинче ханафи-мазхабынын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыр бардык аймактарда жүрөбүз”, - деди муфтияттын өкүлү.
Буга чейин Кыргызстанда бул топко мүчө болгондор балдарынын мектепке барышына, алардын телевизор көрүшүнө, телефон колдонушуна тыюу салган окуялар катталган. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун сайтындагы маалыматка таянсак, “Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Алар чачын бир аз өстүрүп, узун көйнөк кийип жүрөт. Заманбап жашоодон баш тартып, турмушун динге гана байлоого чакырышат. Диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.
Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун макаласында алар мамлекеттик институттарга баш ийбестен, мусулман коомчулугунун ажырымын пайда кылат деп жазылган. “Инкарчылар” катарына жаңы адамдарды даават аркылуу тартып, алгач Нарын, Ысык-Көл облусунда пайда болгон.