«Ат-Башы» хабы «Хоргоско» атаандашабы?

«Ат-Башы» индустриялык соода логистикалык борборунун долбоору

Ат-Башы районундагы Кытай менен чектешкан аймакта жалпы суммасы 275 миллион долларды түзгөн соода-логистикалык борборунун курулушу башталды.

Экспорт-импорт, жүк ташуу, өндүрүшкө байланыштуу бардык функцияларын камтыган комплекстин аянты 200 гектарды ээлейт. Кытайдын көмөгү менен курула турган ири долбоордун келечеги кандай болот?

Кыргыз өкмөтүнүн дымагы

11-декабрда соода-логистикалык борбордун курулушуна капсула салууга барган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул долбоор Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болорун билдирди.

Абылгазиев сегиз жыл аралыгында курулуп бүтөрү пландалып жаткан «Ат-Башы» деп аталган индустриялык соода-логистикалык борбору ишке кирсе, өлкө казынасына тыгынчык болорун белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана ишкер Эмилбек Абдыкадыров

- Эки мамлекет ортосундагы достук мамилени чыңдаган үчүн инвестор ишенип келип жатканын көрүүдөбүз. Борбор дегенибиз менен чоң шаарча курулганы жатат. Нарын облусуна гана эмес, Кыргызстандын экономикасына да салым кошо турган долбоор болот.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча соода-логистикалык комплекс Ат-Башыдагы Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун жанына салынып жатат. Бул комплекс - ири кампалар, жүк ташууга байланыштуу терминал, өндүрүш ишканалары, бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу соода-сатыкка байланыштуу кызматтарды камтыйт.

Өкмөт логистикалык борбор салынып бүтсө, 15 миңге жакын жумушчу орун түзүлүп, аймакта чоң шаарча пайда болору пландап жатат. Ошондой эле логистикалык борбор Кыргызстандын Кытай мамлекети менен соода алакасынын көлөмүн көбөйтөрү күтүлүүдө. Бирок азырынча так экономикалык божомолдор жок.

Долбоордун инвестору ким?

«Ат-Башы» индустриялык соода-логистикалык борборунун курулушунун расмий башталышына Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень да катышты.

Комплекс Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында кол коюлган макулдашууга ылайык ишке ашканы жатат. Ири долбоорго ишкерлер Эмилбек Абдыкадыров жана Лю Ин негиздеген «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» инвестор экени белгилүү болду.

2019-жылдын июнь айында кыргыз-кытай бизнес-форумунда 7.5 млрд. долларга бааланган жалпы 24 документке кол коюлган. Ал документтердин ичинде 280 млн. долларга «Нур Строй Монтаж» жана «One Lead One (HK) Trading Limited» компаниялары биргелешкен соода- логистикалык борбор курулары кабарланган.

Интернеттеги ачык маалыматтарга ылайык, Бишкектеги көп кабаттуу үй салган «Нур Строй Монтаж» компаниясына Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Абдыкадыров бир катар мамлекеттик кызматтарда да иштеп кеткени белгилүү. Ал эми Лю Индин Кыргызстанда Эмилбек Абдыкадыров менен чогуу түзгөн «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагынан» башка дагы эки ишканасы бар.

Ат-Башы районундагы жер тилкеси курулушка 49 жылдык мөөнөт менен ижарага берилген. 200 гектар айыл чарба жеринин жоготуулары 49 жылга 43 млн. 5 миң сом деп эсептелди. Анын эсебинен жергиликтүү бюджетке октябрь айында 1 млн. 782 миң сом которулган. Жакында өкмөт бул долбоор үчүн 200 гектардан сырткары дагы 200 гектар жер бөлүнүп берилерин кабарлады.

Эксперттер эмне дейт?

Айрым экономисттер курулушу башталганы турган «Ат-Башы» терминалы Казакстандын Кытай менен чектешкен жериндеги «Хоргос» соода борборуна атаандаш хаб болорун айтып келишкен.

Кыргыз бийлиги эгерде соода-логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат деген дымактуу пландарын жарыя кылышты.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын башчысы Алмазбек Батырбеков Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында соода терминалынын маанисине токтолду.

- Мен 50гө чыгайын деп калдым. Союз тарагандан бери эле Ат-Башыга Кытай менен чектешкен жерге терминал салынат экен деп угуп келатабыз. Ушул убакытка чейин инвестор жок ишке ашкан эмес. Бүгүн инвесторлорду биринчи жолу көрдүм, долбоору менен тааныштым. Анда өндүрүшкө жана «Хоргос» базарындагыдай системаны иштетебиз деп жатышыптыр. Эми салып койгону менен анын иштетип кетүү жагын да карашыбыз керек. Ишке ашса, Нарын облусу үчүн аябай пайдалуу болот.

Ат-Башыга соода логистикалык борбор салынары айтылып келе жатканына кеминде 10 жылдай болду. Учурда логистикалык борборду салууга бел байлаган инвесторлордун шарттары, экономикалык негиздемелери толук айтыла элек.

Андыктан айрым серепчилер азыр «Ат-Башы» терминал комплексинин келечеги жөнүндө сөз кылуу эртелик кылат дешет. Бизнес жаатындагы эксперт Сейтек Качкынбай буларды айтты:

- Ал инвестордун ниетин эми угуп жатабыз. Долбоордун майда-чүйдөсүн билбегенден кийин бир нерсе деп айтыш кыйын. Өкмөт мындай чоң долбоорлорду элге жарыялап, ачык кабар бериши керек. «Инвестор келип, мынча акча бөлдү, бул жакта коррупция жок» деп ачык айтышы керек болчу.

Долбоор эркин экономикалык аймактын алкагында ишке ашууда. Кыргызстанда эркин экономикалык аймактарында экспорт жана импортко бажы артыкчылыктары каралган.

Нарын - Кыргызстандагы тоолуу аймактардын бири. Аймакта чет өлкөлүк инвестиция салынган ири долбоор жок эсе. Беш жылы мурун Орусия Нарын дарыясына ГЭС каскаддарын курууну пландап, бирок ишке ашпай калган. Андан бери кыргыз өкмөтү бул долбоорго инвестор таппай келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​