Чыгыш поэзиясын которгон акындын табылгасы

Акын, котормочу Кубанычбек Басылбеков.

Акын, котормочу Кубанычбек Басылбеков соңку жылдары ыр менен жазылган омонимдер сөздүгүн түзгөн. Бир катар чыгыш берметтерин кыргызчага которгон. Акын ушу тапта Бишкек мэриясына караштуу ардагерлер борборунда.

- Арыбаңыз, Кубанычбек агай. Жакында эле төкмө акын Амантай Кутманалиев социалдык тармактагы баракчасына сиздин саламаттыгыңыз тууралуу жазып, чыгармачылыгыңызга бийлик башындагылардын, элдин көңүл буруусун өтүндү эле. Ден соолугуңуз жакшыбы?

- Эки жылдан бери кеселмин. Жазуу иштери менен соңку кездери көп отуруп койгон окшойм, башым катуу ооруп жыгылган элем. Дагы жакшы инсульт эмес экен. Болгону зыңылдап катуу ооруп жатат. Ичпеген дарым калган жок. Азыр дагы тумандын арасында калгандай кыйналып отурам. Басканда теңселем, шаар араласам, адашып кетем.

- Дарыгерлер кандай диагноз коюшту?

- Кайрылбаган догдурум калбады. Жалпы жарым миллион сомдой каражатым кетти окшойт. Так аныктамасын эч ким билген жок. Томографиядан башым таза чыкты, рак сыяктуу жаман оору жок экен. Болгону башым басылбай ооруп жатат. Азыр ардагерлер борборунда эс алуудамын, жакшы карап жатышат. Бул жерде үч маал бекер тамак беришет, бардык шарт бар.

- Оору менен күрөшүп жатсаңыз, чыгармачылыгыңыз аксап калгандыр?

- Азыр ыр менен жазылган “Омонимдер” деген китеп даярдап койдум эле. Буга чейин да ушул багытта “Туюктар” деген китебим чыккан. Ага да омонимдер (айтылышы бирдей, мааниси ар башка сөздөр) менен жазылган ырлар камтылган. Жалпак тил менен айтканда, омонимдер менен “туюктар” окшош эле. Мындай жанрдагы ырларды кыргыз поэзиясында буга чейин эч ким жазбаптыр. Ал эми 14-15-кылымдардын ортосунда жашап өткөн өзбек элинин классик акындары кайрылган экен. Алар: Лутфи, Захиреддин Бабур, Алишер Навои, Юсуф Амим жана Атаи, Мухаммед Риза Агахи жана Хамза Хаким-заде Ниязи.

Кыргыздардан мен 1975-жылы алгачкылардан болуп “туюктарга” кайрылып жазып, мындай ырларым жаштардын “Учкун” жыйнагына чыккан. Ушул “туюктардан” бир-экөөнү окуп берейин.

Чыкканча үйүнөн таз чачын тарап,

Той бүтүп, келишкендер кеткен тарап.

Ошондон калган окшойт макал болуп,

Кылыгы анын элге тегиз тарап.

***

Көкөлө аруу сүйүү, байлап канат,

Тынымсыз кан тамырда чурка кан-ат.

Зор иште, жанды эзип, ыйлат, канат,

Жыргалга азаптан соң моокум канат.

***

Торгой сайрап, жер көгөрүп келди жаз,

Аны тосуп, ага арнап ырды жаз.

Жаштык барда жетип анын баркына,

Гүлдөй жайнап ойноп-күлүп черди жаз.

Кубанычбек Басылбековдун "Туюктар" китеби.

Ушул “туюктарды” улап олтуруп ыр менен жазылган омонимдер сөздүгүн түзүп, даярдап койдум. Мында “а” тамгасынан баштап “я” тамгасына чейин ар бирине ыр чыгарып койдум. Мындай ырлар менен биздин тилибиз бай экенин даңазалагым келди. Бул биздин адабият үчүн жакшы эле иш болду деген ойдомун. Бирок ушул алакандай эмгекти чыгарганга каражат таппай жүрөм, демөөрчүлөр чыкпай жатат. Мына өзүм да ооруп калып, билинбей арадан эки жыл өтүп кетти.

- Бул ырлар боюнча адабиятчылар, калемдештериңиз кандай пикир айтып жатышат?

- “Омонимдер” деген жаңы эмгегимдин баш сөзүн филология илимдеринин доктору, адабиятчы Лайли Үкүбаева жаган. Ал бул эмгек бизде жаңылык болгонун айтып, жакшы баасын берди. Андан сырткары өткөн айларда Арашан чыгармачылык үйүндө бир топ калемдештерим менен чогуу эс алгам. Ал жерден эң аксакал жазуучубуз Калканбай Ашымбаев да омонимдер сөздүгүн алып окуп, ал да жакшы пикирин билдирди. Ушул китебим чыгып калса жакшы болот эле. Негизи омонимдер сөздүгүн профессорлор түзүшү керек эле да. Менин онунчу класс эле билимим бар, жогорку окуу жайын бүткөн эмесмин. Мына ушул себептен мага эмгек сиңирген ишмер деген наам бербей коюшту. Тескерисинче, билими жок туруп шык, аракет менен эмгек кылган кишиге баа берилиши керек эле да. Билимди сатып алса болот. Андайлар деле бар да арабызда.

Басууга даярдалган омонимдер сөздүгү.

- Өмүр баяныңыздан Кеминдеги маданият үйүндө он жылдай эмгектенгениңизди окудум. Ал маданий жайда кандай кызмат аркаладыңыз?

- Ооба. Мен Кеминдеги маданият үйүндө 1973-жылдан баштап эмгектендим. Комуз чертип, аккордеондо ойночумун. Жай-кышы дебей элеттеги элди кыдырып концерт берчүбүз.

Маданият үйүнүн китепканачысы да болдум, кино койгон механиги да болдум, актёр да болуп иштедим. 1975-жылдары Кыргыз эл акыны, драматург Жалил Садыковдун "Чакмак таштын сыныгы" спектаклинде башкы каарман Дердеш Мергендин ролун аткаргам. Бул спектакль менен ошол учурда өлкө боюнча театр сынагында үчүнчү орунду алганбыз. Театрдагы он жыл ичинде да мен калемди таштап койгон жокмун.

- Сизди калемдештериңиз котормого да арбын мээнет кылганыңызды айтышат.

- Котормого өмүрүмдү арнаган кишимин десем болот. Чыгыш акындарынан элүүгө жакынынын ырларын кыргызчаладым. Мына бул “Акыл кенч” деген китебимде Ирандын жыйырмадан ашык акындарынын котормосу кирген. Мында Рудакиден баштап Сайидо Насафиге чейин ырлары менен катар өмүр таржымалын камтыгам. Кытай акындарынан Ли Бодон баштап бир тобунун поэзиясын кыргызчаладым. Анан Индиянын акындарын бизде эч ким которбоптур. Анча-мынча эле кара сөздөрү которулган экен. Алардын да акындарын кызыгып котордум, Индиянын элчилиги “Өмүр боёктору” деген китебимди чыгарып берген.

Кубанычбек Басылбеков - баш-аягы жыйырмага чукул китептин автору.

- Айтылуу грузин акыны Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” дастанын да которо баштаган, бирок айрымдар муну “Алыкулдан өтмөк белең” деп токтотуп койгон дешет. Ушул чынбы?

- Көпчүлүктүн катарында мен деле Алыкулду классик акын катары таанып, чыгармаларын сүйүп окуп чоңойгом. Анан орус тили аркылуу дүйнөлүк адабиятты казып окуп олтуруп Шотанын бул дастанын кантип окубайын. Анан аны терең окугандан кийин Алыкул аны которбой эле чыгарманы жаңыча иштеп чыкканын билдим. Анткени ал орусча жакшы билген да. Алыкул дастанды которсо өмүрү жетмек эмес. Анткени чыгарма өтө татаал, он беш муундан турган төрт сабы тең уйкашып турат. Муну түшүнгөн акын ошондуктан чыгарманын өзөгүнөн чыкпай 11 айдын ичинде эле жазып чыккан. Эл эркин которгон дей беришет, мен буга кошулбайм. Менимче, “Жолборс терисин кийген баатырды” улуу классик Алыкулдун өзүнүн чыгармасы деп тартынбай айта берсек болот. А мен жакшыбы-жаманбы, ортозаарбы, бул чыгарманы которуп көрдүм. Теңин бүткөм. Үзүндүлөрү “Ала-Тоо” журналына да чыккан.

- Кыргыз адабиятында орус, кыргыз тилинде бирдей жазган калемгер аз эмеспи. Сиз эки тилди кантип адабий деңгээлде өздөштүрө алдыңыз?

- Мен туулган Кемин районунун борбору Быстровканын 80% эли орус улутунан болчу. Кошуна, классташ, досторум - бүт орустар эле. Ошондуктан орус тили менин өз тилимдей болуп калган. Бирок ошол эле убакта мен кыргыз тилимди да унутуп койгон жокмун. Ушу кезге чейин эки тилде бирдей жазып, которуп жүрөм. Эрнис Турсунов, Түмөнбай Байзаков өңдүү чоң акын, котормочулар менин устаттарым эле. Ошолордун далай кеп-кеңешин алдым.

- Бүгүнкү күндө кыргыз адабиятында котормо тармагы кандай жолдо баратат, кандай баа бересиз?

- Бул жакшы суроо болду. Котормочулук өнөрү бизде Союз убагында жакшы өнүгүп келе жаткан. Сын макалалар жазылып, талкуулар болуп, байма-бай китептер чыгып турчу. Азыр доор алмашкандан кийин котормо солгундай түштү. Кызыккандар да аз, кээ бири муну даяр чыгарманы көчүрүп койгондой кабыл алышат. Чынында адабиятта котормо биринчи бааланышы керек. Котормосуз адабият өнүкпөйт, муну көбү түшүнбөй жатат. Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов да чыгармачылыгын алгач котормо менен баштаган.

- Агай, маекке чейин да бир аз кобурашып олтуруп тагдырыңыз оор болгонун айтып кейип алдыңыз.

- Ооба, турмушум жакшы болбой калды. Жубайым экөөбүздүн отубуз күйүшпөй калды. Алты кыздуу болуп, кийин бир уул багып алганбыз. Кийин үйлөндүм, бирок алар менен да жашай албадым. Азыр ар жерде батирлеп жалгыз жашап жүрөм. Кыздарым менен катташам, бирок алар чет мамлекетте. Үчөө Москвада, бирөө Италияда, бирөө Швецияда. Улуу кызым Бишкекте, менден ошол кабар алып турат.

Акындын "Сырдуу саптар" аттуу ыры. Бул ырды оңунан да тетирисинен да окуса болот.

- Ичиңизде дагы кандай көксөөлөр бар?

- Кыскасын айтканда, менин беш долбоорум бар. Ошого жогору жактагылар көңүл бурушун каалайм. Биринчиси - ыр жазуунун жаңы ыкмасы. Мисалы, бул жерде “Сырдуу саптар” деген ырым бар.

“Сырдуу саптар”

Булакка окшоштурам сени, гүлүм,

Кулакка жагымдуу эң, шаңдуу үнүң.

Күнүгө болоюнчу жаныңда мен,

Узакка, калмайынча бүтүп күнүм.

Эми бул ырды тетирисинен окуса дагы мындай ыр чыгат:

Гүлүм, сени окшоштурам булакка,

Үнүң шаңдуу, эң жагымдуу кулакка.

Мен жаңыңда болоюнчу күнүгө,

Күнүм бүтүп калмайынча, узакка.

Эми ушул эле ырдын биринчи-экинчи саптарын алмаштырып окуса дагы түрдүү ыр чыга берет. Айтор бир ырдын ичинде төрт ыр бар. Экинчи долбоорум – кышында от жакпай, жайында салкын болгон үй салуу боюнча ойлорум бар. Үчүнчү долбоорум - ден соолугу чың балдардын төрөлүшү боюнча. Төртүнчүсү дагы ушул эле саламаттык жаатында. Башкача айтканда азыр рак оорусунан көп адамдар көз жуумп жатат. Ушул багытта дагы олуттуу карап иш кылсак жакшы болмок. Ал эми бешинчи долбоорум бул малдын тоюту боюнча. Азыр малды семиртебиз деп эле дары, химияларды кошуп аралаштырып берип жатышат. Зыяны жок тоют менен мал багуу да биздей тоолук элге эң керек нерсе. Бул жаатта да идеяларым бар. Эгер жогору жактагылар ушул оюмду угабыз десе, кеңири айтып берет элем.

Кубанычбек Басылбеков 1949-жылы 17-мартта Чүй облусунун Кемин районуна караштуу (Быстровка) азыркы Кемин шаарында жарык дүйнөгө келген. 1957-64-жылдары туулган жериндеги сегиз жылдык орус мектепте окуган.

1973-83-жылдары Кемин райондук маданият үйүндө актёр, музыкант, механик болуп эмгектенген. "Туюктар", "Акыл кенчи", "Өмүр боёктору", "Чыгыштын чырактары" баш болгон баш-аягы жыйырмага чукул котормо жана автордук китептери жарык көргөн.

1995-жылдан бери Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.