Ишкерликтин көркүн ачкан көргөзмөлөр

Астанада "Expo" көргөзмөсүнүн сувенирлери сатылган жер. 18-ноябрь, 2017-жыл.

Бишкек жана Ош шаарларында жаз, күз айлары эл аралык көргөзмөлөргө бай болуп жатат. Апрель айында Бишкекте "Медэкспо", "Фудэкспо", "Билдэкспо" сыяктуу бир нече жармаңке болду.

Кыргыз ишкерлигинде көргөзмө маданияты калыптанып келатабы? Ар кыл "эксполор" жергиликтүү бизнести өнүктүрө алабы? Мамлекеттен бул багытта колдоо керекпи?

Чакан болсо да талап көп

Кыргызстанда эл аралык масштабдагы көргөзмөлөр азырынча чакан форматта болсо да өтүп жаткан кези. "Бизнес менен бизнестин башын бириктирүү" же "B to B" түрүндөгү жармаңкелерди азыр Бишкек шаарындагы Дене тарбия институтунун манежинде гана болуп жатат.

Аларды уюштурган "BiExpo" компаниясынын менежери Эдил Алымкулов атайын экспо залы болбогондуктан, катыша албай калган компаниялар көп экенин айтты:

Эдил Алымкул уулу.

- Жаз, күз - эки этап менен өткөрөбүз. Жазгысын медицина, тамак-аш, курулуш тармактарындагы компаниялардын башын бириктиргенбиз. Ушуну менен "экспо" сезону аяктады. Эми кийинки күз мезгилин Ошто ушул эле ыраатта улантабыз. Жылдан-жылга Кыргызстанда көргөзмө маданияты өнүгүп жатат. Мен башынан бери бул тармакта жүрөм. Биринчиден, географиясы кеңейди. Экинчиден, катышууну каалаган компаниялар былтыркыга салыштырмалуу быйыл 19 пайызга көбөйүп, 18 павильон курулду. Биздеги кемчилик - "экспо" үчүн атайын жайдын жоктугунда. Себеби, катышууну каалаган бир топ компаниялар орун жок батпай калып жатышат.

Социалдык долбоорлор да камтылат

Көргөзмөлөрдө жалаң эле менчик компаниялар эмес, социалдык долбоорлор менен иш алып баргандар да өз ордун табууга аракет кылышууда. Биз барган курулуш товарлары, энергетика, коопсуздук жармаңкесинде кыргызстандыктардын үйлөрүн жылуулай турган каржылык долбоордун координаторун да жолуктурдук. Ушундан улам Кыргызстандагы мындай иш-чаралар жалаң эле бизнес эмес, элдин турмушуна да түздөн-түз тиешеси бар десе болот.

Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын инженери Салават Соронбаев чакан павильондо элге үйдү жылуулоонун заманбап технологиялары, каржылык булактары тууралуу маалымат берип жатыптыр:

- Биз бул көргөзмөгө 2013-жылдан бери жыл сайын катышабыз. Мына, быйыл бешинчи жолу келип отурабыз. Биздин долбоор Европа өнүктүрүү банкынан каржыланат. Өзүн өнүктүрүүнү каалагандарга, ошондой эле ишкерлик уюмдарына жеңилдетилген гранттарды берип, имаратты же үйдү жылуулоо боюнча адистик кеңештерибизди айтуунун эң мыкты, ыңгайлуу жайы ушул көргөзмө болуп атат.

Заманбап шарттар жок

Ишкерлик чөйрөсүндө 5-6 жылдан бери жаңылык катары кабылданган "эксполорду" уюштурууда жана ага катышууда кандай жагдайларга көңүл буруш керек? Деги эле кыргызстандык бизнесмендер, компаниялар "экспо" аркылуу өзүн тааныта билеби? Бул суроого Ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин жетекчиси Умбриэл Темиралиевден жооп алдык:

Умбриел Темиралиев.

- Албетте, көргөзмөлөр - азыркы замандын талабы. Бирок ага катышуунун алдында бир нерсени түшүнүш керек. Экспо-борборго чыгуу - ийгиликтин эң акыркы өңүтү болот. Анткени бир нерсени элге алып чыгаарда биринчи кезекте биздин бизнес даяр болушу керек. Эн негизгиси - биздин ишкерлерде тажрыйба, билим, ал эми өндүргөн товары тастыкталган болушу зарыл. Эл аралык деңгээлге стандарттык сертификаттар менен гана чыкса болот. Бишкекте да көргөзмөлөрдү өткөрчү кеңири жай жок. Ушундан улам ишкерлер ирденип алмайынча көргөзмөлөргө кадимкидей катыша албай жатышат.

Түркия көргөзмөлөр өлкөсүнө айланууда

Түркия азыр эл аралык көргөзмөлөрдү уюштуруу жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Стамбулда күн сайын ар түрдүү багыттагы жармаңкелер өтөт. Стамбул шаарын негизинен "көргөзмөлөр шаары" деп атап коюшат. Себеби шаарда атайын курулган эки чоң борбор бар. Акылай Биримкулова иштеген фирма да ири көргөзмөлөрдөн кыя өтпөй, пайда булагына айландырган:

- Албетте, ишкерлик үчүн салымы чоң. Анткени мен иштеген компания катышып жаткан текстиль көргөзмөсүнө дүйнө жүзүнөн текстиль өндүрүш фирмалары, дүңдөн сатып алуучу кардарлар, дизайнерлер келишет эмеспи. Ошондуктан келечегин ойлогон ар бир жергиликтүү түрк фирмасы ушул сыяктуу көргөзмөлөргө катышып калууга аракет кылат.

Орто эсеп менен Стамбулдагы көргөзмөдө 1 чарчы метри 300 доллардан баштап ижарага берилет. Бир павильон 12 миң долларга айланат. 5 күндүк көргөзмө үчүн ар бир фирма 25 миң доллардын тегерегинде каражат сарптайт. Өкмөт көргөзмөлөргө катышкан фирмаларга кошумча колдоо көрсөтөт. Түркиядагы жармаңке уюштуруучулардын алдын-ала түзгөн программаларына ылайык 2018-жылы 515 эл аралык көргөзмө пландаштырылган.

Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде көргөзмөлөргө кам көрүлөбү?

Бул суроону экономика министринин орун басары Элдар Абакировго бердик:

Элдар Абакиров.

- Эми азыр бизде "экспо" деп уюштуруп жаткандар менчик фирмалар да. Аларга жөн гана чакырууларын таркатуу жагынан көмөктөшөбүз. Элдик өнөрпоздорго, социалдык маанайдагы жармаңкелерге Бишкектеги "Кожомкул" спорт сарайын акысыз сунуш кылабыз. Ал эми "BiExpo" сыяктуу көргөзмөлөргө конок катары эле барабыз.

Чындыгында Кыргызстандагы экспо бизнесин өнүктүрүш үчүн мамлекет да кошо киришпесе иш илгерилебеси анык. Умбриэл Темиралиевдин айтымында, биринчи кезекте мындай иш-чаралар сырттан келген компаниялардын эмес, Кыргызстандын кадыр-баркын эл аралык стандартка алып чыгат.

Электрондоштурулган, заманбап павильондору бар алгачкы көргөзмөлөр өлкөдө 2013-жыла башталган. Аларга эң көп дегенде 20га жетпеген алыскы-жакынкы чет өлкөнүн компаниялары катышууда. Ошентсе да адистер көргөзмөдөн бизнесин өнүктүрүүгө үмүт арткандар жылына 19 пайызга арбып баратканын белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.