Ич кийим экспортун өздөштүргөн Элина

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр жаш ишкер пандемия шартында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын чекесинде чакан цех ачкан. Мурда мээлей, көйнөк, шым тигип көнгөн эжелер эми ич кийим тигүүгө адистешти. Элина Глазунова өзү кыялданып жүргөн ишти баштаган. Бир жылда эле өндүрүш экспортко ылайыкталган брендге айланды. Азыр ал өз колунан чыккан ич кийимдерди Орусияга, Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатат.