“Азаттыктын” окурманы Орозбек Бөрүгулов “Күлкү кербенге” сунуштаган ар кыл азилдер.
Өнөрпоздорго боор ооруп…
Кара-Кулжа районунун элдик театрынын өнөрпоздору Алайкууга барып калышат.
Турдумамет аке боор ооруй сүйлөйт:
- Ка-ап, бекер эле келипсиңер. Элде акча жок.
- Акчаңар жок болсо, курут-май берсеңер деле боло берет, - дейт артисттердин бири.
- Курут-май жок калган. Баса, айран берсек болобу?
* * * * *
Ууруга ашык болгон тоок
- Биздин айылда чоң ууру бар эле, - дейт ысыккөлдүк бир таанышым.
Ал “кайран” каучук жип өткөзүлгөн жүгөрүнү тоокко жуткузуп, анан жиптин бир учунан тоокту жетелеп келатса, аны көргөндөр минтип таңданыптыр:
- Бул кишини биз "ууру" деп айтканыбыз туура эмес экен. Көрсө, тооктор өздөрү аны жакшы көрүп ээрчип алышат тура.
* * * * *
Уйкунун сыры
- Эртең менен саат он болгондо да турбай, келинчегим экөөбүз кайра күүгүм киргиче уктаппыз.
- Ой-и-ий, эмне үчүн анттиңер?
- Кимибиз мурда ойгонсок, ошонубуз мешке от жагышыбыз керек болчу да!
Орозбек Бөрүгулов,
“Азаттыктын” окурманы.