Уулум Макс гана жалкоо эмес!

Татьяна Бакиева "Биринчи лэди" кезинде элдин турмушун жеринен үйрөнгөн имиш.
Татьяна Бакиева 2010-жылдын март айынын башында Бишкек көчөлөрүн кыдырып баратып жанындагы курбусунан сурайт:

- Тетиги заңкайган чоң дүкөндү ким курду?

- Максим курду.

- Береги көп кабаттуу жаңы турак үйдү ким салды?

- Максим салды.

- А тиги имараты жаңы курулган ишкананын кожоюну ким?

- Максим да!

- Деги бул өлкөдө менин бечара уулумдан башка тынымсыз жумуш жасап, оокат кылганды билген киши барбы?

* * * * *