Штирлиц кыргыздан корккондо...

Чалгынчы Исаев (Штирлиц) тууралуу кыргыздар да көп анекдот айтышаар эле. Айтып да келишет. Айта деле беришет окшойт...

Штирлиц деген укмуш баатыр да!

Совет доорунун акыркы он жылдыгындагы азил. Тарыхчы мугалим окуучудан сурайт:
- Азамат, айтчы, Гитлер качан жана кандай жагдайда өлгөн?
- Жылы эсиме келбей атат, агай! Бирок аны Штирлиц өлтүргөн.

* * * * *

Кыргыз чалгынчыны алып кеткиле!

Бир жолу Штирлиц “Чоң Жерге” купуя сөздөр аркылуу шашылыш кабар жөнөттү.
“Бизге жапон дипломаты катары жиберген кыргыз чалгынчыңарды шашылыш кайра артка чакырып алгыла!”
“Эмне болуп кетти? Ал жакшы эле иштеп жатпайбы?” – деген жооп сыр сөздөргө катылып Маскөөдөн Берлинге келди.
“Ал кеңседе учураган немистин баарына эл көзүнчө он эки атасына чейинки санжырасын жатка айттырып кыйнап жатат. Мага кезек келсе, калпым чыгып тутулуп калчудаймын”, - дептир Штирлиц.

* * * * *

Штирлиц ыйлаганда

Бир жолу ССтин группен-фюрери Генрих Мүллер өтүп баратса, Штирлиц ыйлап отурат дейт.
- Ой! Фон Штирлиц, деги сага эмне болду?
- Эми болгонун айта берейинчи! Мага “Чоң Жерден” айтышты, үчүнчү уулдуу болдуң дешти!
- А-а, куттуктайм! – Мүллер бейкапар өтүп кетти.
Штирлиц болсо жубайын 15 жылдан бери көрө элек тагдырын ойлоп үшкүрдү.

* * * * *

Кабардын эң жаманы

Мүллер Штирлицке капысынан кайрылды:
- Фон Штирлиц, менде Сиз үчүн эки жаңылык бар. Бири жаман, экинчиси – андан да жаман. Кайсынысынан баштайын?
- Болуптур, жаманынан баштаңыз.
- Орус радист кыз сиз тууралуу баарын айтып салды!
- Эми эң жаман кабарды айтсаңыз.
- Ал болгонун болгондой кылып бизге эмес, Сиздин аялыңызга айтып салды.

* * * * *

Кабаттан адашкан байланышчы

Империялык кеңсаларды жетектеген Мартин Бормандын батирин түнүчүндө бейтааныш бирөө каккылайт.
- Ким бул?
- Берлинге Аяз ата келди, - деп орус акценти менен шыбырайт сырттагы киши.
- А-а, силер үстүңкү кабаттагы Штирлицке келгенсиңер го. Ошол жакка барыңыз. Деле тынч уктатышпай коюшту, - деп күбүрөндү Борман.

* * * * *

Жеңишке бир жылдай калды

Мүллер Штирлицке:
- Сизден шектенип жүрөм...
- Бүгүн кайсы күн болду экен? – Штирлиц теманы башкага бурду.
- 1944-жылдын 6-июну.
(“М-да, эптеп чыдай турайын. 9-майдагы Жеңиш күнүнө чейин бир жылдай эле убакыт калды!” – деп Штирлиц ичинен күн санап оор улутунуп койду).

* * * * *

Телефон үчүн карыз эмес

Мүллер Штирлицке кайрылат:
- Фон Штирлиц, эмнеге Сиз Маскөөгө бир далай чалганыңызга карабай телефон кызматы үчүн төлөбөй жатасыз?
- Мүллер мырза! Мен Сталинград согушунан кийин акча үнөмдөө үчүн Маскөөгө Скайп (Skype) менен гана чыгып калгам.

* * * * *

(Пост-советтик жаш окурман менен көрөрманга:
Макс Отто фон Штирлиц (немисче Max Otto von Stierlitz) – бул совет доорундагы орус жазуучусу Юлиан Семеновдун калемине таандык көркөм чыгармадагы кейипкердин - советтик чалгынчы полковник Исаевдин (Всеволод Владимирович Владимировдун) Германияда чалгында жүргөндөгү жасалма аты.
Штирлиц тууралуу анекдоттордо совет доорундагы бир катар жосунсуз жоруктар, идеологдор менен цензорлор даңазалаган жалган кейипкерлер, калайык арасындагы сабатсыздык, ж.б. шылдыңга алынган).


* * * * *
ТЧ.