Аватар кыргыз

Цивилизациядан тышкары калган бир аралга кыргыз да барган дешет...
Мухитте кеме кыйрап, бир белгисиз аралга кыргыз, казак, орус жана дунган түшүп калыптыр.

Үч айдан кийин аларды куткаруу үчүн баргандар оболу дунганды табат. Ал бакчылык менен жан багып атыптыр.

Андан ары барса, орус чакан өнөр жай менен алектенип, кен иштетип атыптыр.

Казакты издеп барышса, ал бир таякты ары-бери айлантып, чыйт түкүрүп үстөлдө отурат дейт.

- Мен милийсамын, тетиги дыйкандар менен кенчилерди тескеп турам.

Көпкө чейин кыргызды таба албай убара болуп издеп жүрүшүп, акыры аралдын төрүндөгү бир коктуга келишсе, алиги кыргыз жергиликтүү жапайы кишилердин урууларын чогултуп, жыйын куруп, ураан чакырууга үйрөтүп жатыптыр:

- Оторчулар кетсин! Колонизаторлор кетсин!


* * * * *