Бул азилдердин айрымдары мурдагы-ы-мурдагы кыргыз президентининтушунда жаралган дешет.
* * * * * *
Кремний мааракеси
Бир жолу кыргыз президенти өлкөдөгү кремнийден абда-ан көп чип чыгарып, дүйнөдөгү компүтерлерди жабдып, Ала-Тоону бай Швейцарияга айлантуу ураанын жарыялайт.
Анан бир күнү жабык жыйын чакырып, менин ураанымдан жыйынтык чыгарылып атабы? деп акыры-ын сурайт.
Аспиранттарынын бири (башминистр болсо керек эле):
- Биздин кремнийден эчтеке чыкпай жатат. Чипке айланбай жатат.
- Анда эмне кылсак? – дейт мамбашчы.
- Оттук таш кылалы десек, ширеңке андан арзан жана оңой, - дейт айласы куруган башминистр.
- А-а, таптым! - - деп сөзгө мамкатчы аралашыптыр. – Биз келээрки шайлоолордун бирине туштап Кожо-Бакырган-Сай менен Он-Арчанын жүз миң жылдык мааракесин өткөрөлүк. Бул жерлерде байыркы кремний таш куралдары табылган деп археологдор айтып жүргөн! Кремнийди ошол мааракеде “байыркы таш жаргычтардын чип жабдуусу” деп көрсөтмөгө коюш үчүн колдонобуз.
* * * * * *
Машийне өндүрүшү
Бир жолу кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн бири тойдо бапылдап сүйлөп «пост-советтик Борбордук Азияда биринчилерден болуп чет өлкөлүк машийне чыгарабыз» деп мактанып калыптыр.
- Ой, каяктын машийнеси экен?
- Түштүк корейлердики. «Жигули» менен «Запорожецтерге» караганда мыкты!
Андан кийин эле бир нече ай тымтырс болуп калат. Баягы тойдо жолуккан кишилердин бири алиги аткаминерден көңүлүнө кетпесин деп акыры-ын шыбырап сурайт:
- Ой аксакал, корей машийне ишканаңар эмне болду?
- Э-э, бардыгы дурус эле макулдашылып, такталып келаткан. Майда-бараттан улам тигилер баш тартып койду.
- Эмне, бурамалардан маселе чыктыбы?
- Паранын көлөмү аларды үркүтүп койду...
* * * * * *
Дубай дүкөнүндө
Бир пост-советтик бай киши Дубай шаарына барат. Уулунун каалаган нерсесин эстеп, компүтер дүкөнүнө кирет.
- Мага жаңы жана эң сонун компүтер керек.
- Ушул турган компүтерди сунуш кылабыз. Үч миң доллар.
- Болуптур, орогула.
Беркилер мониторун алып келишет.
Алиги «жаңы бай» мониторду көтөргөн бойдон башкаларын албай дүкөндөн чыгып кете бериптир.
* * * * * *
Мигрант неберени айылга алдыруу
Бир күнү чал-кемпирге алыскы чет өлкөдө иштеп жүргөн уул-келини телефон чалат. Уюкфон шыңгыраар замат аны алган чал-кемпир ой-да бир жакшылап сүйлөшүп жатып, арасында чоң ата айтат дейт:
- Ой балам! Неберем, айла-анайын, силерди жүдөтүп жатат ко, бизге эле жибергилечи. Өзүбүз эле багып турабыз.
- Ата, бир жаштагы ымыркайды кантип жөнөтөбүз?
- Факс менен эле салгыла, факс менен! – дептир куудулданган чал.
* * * * * *
ТЧ.