2020: Чычкан жылы келсе деле мейличи!

Жаңы жыл ирегесиндеги Бишкек. 31.12.19.

Чычкан жылы күлкү менен коштолсун! “Күлкү кербендин” Жаңы жыл майрамына арналган кезектеги чыгарылышы 2020-жылдын ирегесинде тартууланды.

* * * * * *

–– Чычкан жылы өтө турган шайлоодогу депутаттыкка талапкердин эң чоң кыялы кандай болот деп ойлойсуз?

–– Алар “атаганат, дароо эле 12 жылга созулчу бир мүчөлдүк мөөнөткө шайлансам!” деп кыялданышат.

* * * * * *

–– Эмне үчүн кээ бир бажычылар тээ Анталияга Жаңы жыл тосууга кетип калып, жарытылуу эс ала албастан, кыжаалат боло беришет?

–– Анткени алар “мен Жаңы жылды тосуп атканда ордума башка бирөө пара алып жатат ко” деген ойдон улам ичкени ирим болуп кыйналышат да!

* * * * * *

–– Аяз Ата жомокто эле болоорун алгачкы ирет качан аңдадыңыз?

–– Аяз Атанын белектерин өз тун балам үчүн балатынын түбүнө каткан чагымда...

* * * * * *

–– Алтыным, сага Жаңы жылга кандай белек орундуу: чет өлкөдөгү климаты ысык шаардагы курортко эс алууга жолдомо сатып берейинби, же жаңы тон алып берейинби?

–– Деңиз боюндагы курортко эле жолдомо алсаң, чет өлкөгө, анткени ошол жактагы дүкөндөрдө жаңы тондун баасы кескин арзандап жатат дешет...

* * * * * *

Жаңы жылдан кийинки бир гезиттеги жарыя:

Урматтуу окурмандар! Гезитин өткөн санында редакциянын атынан окурмандарыбыз үчүн жарыяланган

“Жылан! Жылыңыз кут болсун!”

деген куттук сөзүндөгү алгачкы илеп белгини жокко чыгарып окушуңуздарды өтүнөбүз!

Бул катага жол койгондорго редакция тарабынан сөгүш жарыяланганын да кошумчалай кетмекчибиз.

* * * * * *

–– Эмнеге Жаңы жыл ээн-эркин жүргөн жемкорлорго бардыгынан маанилүү майрам болуп сезилет?

–– Себеби жөнөкөй эле. Ушул артта кала берип жаткан жылы да абактан аман-эсен калдык деген сезим андайларды сүйүнтөт да!

* * * * * *

–– Жаңы жылдын келишине мамилеңиз кандай?

–– “Мейли, келсе, келе берсинчи!” деген сабырдуу турумда болуп жатабыз.

* * * * * *

–– Алыскы Нарында Жаңы жылды ызгаар сууктун кырдаалында тосуп жатышат дешет ко?

–– Жок, бизде, Нарында, болгону минус 10 градустай суук.

–– Маалыматтарда “минус отуз градуска түштү” деп жатышат ко?

–– Жо-ок, синоптиктер үй ичин эмес, көчөдөгү суукту эле чагылдырып жатышат!..

* * * * * *

(TT)