Талашка түшкөн балдар хосписи

Орусиядагы онкологиялык борборлордун бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова «Биринчи балдар хосписи» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгүн парламенттик комитеттин отурумунда сындап чыкты.

Анын айтымында, хоспис Саламаттык сактоо министрлигинен жасалма дем алдыруучу жабдуу жана дары-дармек сурап жатат. Бирок хоспистин жетекчилиги депутаттын айткандарын четке кагууда.

Ал арада хоспис жайгашкан имарат да талашка түштү. 4,5 жаштагы тубаса майып, көзү көрбөгөн, буту баспаган Байтикти апасы Гуля Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылынан Бишкекке ташып, адистерге көрсөтөт. Жол киреси жок, баш калаадан батирге тыйын таба албай кыйналганда ал «Балдардын биринчи хосписинен» баш калка тапты. Эми бул жайдын талашка түшкөн имаратына кейип, кокус жабылып калса кайда барарын билбейт:

«Биз айылда тургандыктан, массаж, дагы башка медициналык тейлөөдөн пайдалана албайбыз да. Бишкектен батирге акчабыз жок. Ошол хосписке барып, массаж ж.б. атайын балама керектүү процедураларды алып турабыз. Кечээ депутаттардын «имаратты алыш керек» дегенин угуп аябай жаман болдум. Уулумду көтөрүп алып аларга баргым келди, бир күн менин баламды карап беришсинчи! Карай албайт да. Мен күнүгө кантип айылдан 1,5 саат жол жүрүп барып келип турам?»

«Расмий уруксаты жок»

Хоспистин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова 11-майда социалдык маселелер боюнча тармактык комитетте сөз козгогон.

Ал өз сөзүндө кайрымдуулук уюм катары ачылган бул жайда эмнеге лицензияланбаган медициналык жардам көрсөтүлүп жатканына нааразы болуп, ээлеген имарат да мамлекеттики экенин эскерткен:

Евгения Строкова.

«Хоспис болсо дагы, ал тургай өлүм алдында жаткан балдарды караса деле баары бир медициналык жардам көрсөтүш үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен мыйзамдуу расмий уруксат керек. Мындай лицензиясы жок экенин министрдин орун басары айтып отурат. Анан эмнеге булар министрликтен жасалма дем алдыруучу жабдуу, дары-дармек сурап жатышат? Анан калса азыр алар жайгашкан имарат да мыйзамсыз берилген. Учурунда Албек Ибраимов мэр болуп турган кезде берип, коммуналдык төлөмдөрдөн да бошотуп койгон. Ал имарат Улуттук фтизиатрия борборунун балдарына керек эле да. Мейли, аны койдум, бирок өлүм алдында оор абалда жаткан балдарды дарылаганга аларда уруксат жок, эч кандай отчётторсуз эле иш алып барганы мыйзамга туура келбейт».

«Акча эмес, жардам сурадык»

«Балдардын биринчи хосписинде» азыр жасалма дем алдыруучу 2 жабдуу бар. Бул жабдууларды ата-энелер алышкан. Хоспистин жетекчиси Ольга Труханова карантин маалында балдардын дем алуусуна керектүү, жабдууга тагылчу каражаттарды, айрым дары-дармектерди таба албай калышканда гана Саламаттык сактоо министрлигинен акчалай эмес, ошол каражаттарды таап берүүсүн өтүнүшкөнүн айтты:

Биз акча да сураган жокпуз. Бул балдар ооруса деле министрликтин бейтабы да.

«3-мартта мен Саламаттык сактоо министрлигине бизде дарыланып жаткан 4 балага жасалма дем алдыруучу жабдууга туташтыруу үчүн керектүү каражаттардан жардам берип коюшун өтүнүп кат жазгам. Жабдуу талап кылган эмеспиз. Трахеостомия, зонд сыяктуу майда түтүктөргө бир бала үчүн айына кеминде 20 миң сом кетет. Биз акча да сураган жокпуз. Бул балдар ооруса деле министрликтин бейтабы да. Керектөөчү каражат сураганбыз. Бирок ала албай, ата-энелер, коомчулук акча чогултуп, акыры таптык. Экинчиси - өлүм алдында жаткан бала катуу кыйналып, тырышып калат. Ошого чет өлкөдөн кымбат дарылар керек. Карантин маалында ата-энелер ала албай калгандыктан, аны алганга да көмөк сураганбыз. Акчасын деле бермекпиз. Ал дарыларды хосписте иштегендер ичмек беле? Ооруган балдарга беребиз да. Депутат айымдын дооматтарын такыр аңдай албадым».

«Балдар хосписине кол салган болбойт»

Депутат Евгения Строкованын комитеттеги кайрылуусунан кийин социалдык тармактарда да бул тема кызуу талкууга алынды. Онкологиялык ооруларга чалдыккан бейтаптардын башын бириктирген уюмдардын жетекчилери депутаттын айткандарына нааразы болуп чыгышты.

Дагы караңыз Эрте соолуган балалыкка соңку жардам

«Өсмөгө каршы бирге» коомдук фондунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова «Балдардын биринчи хосписи» кайрымдуулук уюмунун имараты бийлик алмашкан сайын талашка түшкөнүнө нааразы болду:

«Бизде чечимдер туруктуу эмес болуп жатат. Мурдагы парламенттин учурунда хосписке имарат берилди. Андан кийин келген эл өкүлдөрү аны мыйзамсыз деп, кайра имаратты талашып жатышат. Муну кандай деп түшүнсөк болот? Бийлик ар бир кабыл алган чечимдин натыйжасын ойлонбойбу? Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө өлүм алдындагы балдар жаткан хоспистерге эң жакшы имараттар берилет. Маселен, Беларуста абдан кооз аймактан жер тилкесин беришти. Балдар акыркы күндөрүн жакшы өткөрүүгө шарт түзүлөт. Бизде хоспис жер сурап жаткан жок. Жөн эле иштеп жаткан уюмга коомчулук жардам берип койсо болбойбу?»

Хоспис 2015-жылы түптөлүп, 2016-жылдан тартып Бишкек шаар башкармалыгынын чечими менен балдардын кургак учугунун алдын алуу боюнча мекеменин мурдагы имаратына жайгаштырылган. 2019-жылы бул жайдан катуу ооруган 13 баланы акыркы сапарга узатышкан. Хосписте ата-энелерге, балдарга психологиялык жардамдан тышкары күнүмдүк керектүү дарылар, гигиеналык каражаттар да берилип, акысыз жата алышат. Айыккыс оорусу бар 8 бала ата-энеси менен жашагыдай шарт түзүлгөн, 60 бала бул жайга келип-кетип жардам алып турат. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев хоспистин талашка түшкөн ишмердүүлүгү жана имараты боюнча атайын комиссия түзүлөрүн билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​