АКШнын атайын өкүлү Борбор Азияда

Холбрук Ооганстан боюнча Борбор Азиялыктардын пикирин укканы баратат

АКШнын президенти Барак Обаманын Ооганстандагы жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук бүгүн Борбор Азия регионуна сапарын баштады. Холбрук бүгүн Өзбекстандын жана Кыргызстандын президенттери менен сүйлөштү. Жолугушуунун чоо-жайы айтыла элек.
Борбор Азиядагы беш мамлекетке сапарын баштоонун алдынан Ричард Холбрук Пакистандын жана Ооганстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Марк Тонер журналисттерге Холбруктун визитинин чоо-жайын кеңири түшүндүргөн жок. Бирок кайсыл жерлерге бараары такталганын айтты.

“Бул – Холбруктун Ооганстан жана Пакистандагы атайын өкүл катары Борбор Азиядагы беш мамлекетке тең жасап жаткан алгачкы сапары. Региондогу үч өлкө Ооганстан менен чектешет. Жалпы бешөө тең регионго карайт. Андыктан атайын өкүл алардын баарынын жетекчилиги менен бетме-бет сүйлөшүүгө кызыкдар”, - деди ал.

Башкы маселе - Ооганстан

Холбрук Ооганстан жана Пакистан боюнча өкүл болгондуктан, АКШнын азыр Ооганстандагы аракеттерине Борбор Азиядагы мамлекеттердин катыштыгы кандай болоору тууралуу маселе да сүйлөшүүлөрдө көтөрүлөөрү бышык. Бирок Марк Тонер алар тууралуу айтуудан баш тартты.

“Менимче, ал жөн гана ошол өлкөлөрдүн өзүндө ушул маселелердин айрымдары боюнча адаттагы консультациялык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт го, - деди Мамдепартаменттин расмий өкүлү Марк Тонер. - Ич-ара кызматташууну арттыруудан башка да маселелер каралар-каралбашы тууралуу маалыматым жок”.

АКШнын Борбор Азия региону боюнча кызыкчылыгы энергетикадан баштап, коопсуздук жана демократиянын жайылышы өңдүү кеңири алкакты камтыйт.

Кесилишкен кызыкчылыктар

Региондун жаратылыш байлыктары: мунай, газ, уран ресурстарынын көптүгү; Орусия, Ооганстан жана Кытай менен жакын жайгашканы аны Америка үчүн жакын өнөктөштүккө жетүүгө кызыктырат. Вашингтон аймакта стабилдүүлүктүн сакталышы үчүн демократиянын жайылышын да колдойт.

Өзбекстанда 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин, Вашингтон Ташкенди адам укуктарынын орой бузулганы үчүн катуу сындап, ортодо мамиле начарлап кеткен эле. Өзбекстан өзүнүн аймагындагы Американын аскерий базасын да жапкан. Бирок соңку мезгилдерде ортодо кызматташтык кайра жандана баштаганы айтылууда. Айрымдар Американы Өзбекстан менен кызматташууда аскерий, саясий кызыкчылыктарды алдыга коюп, адам укуктарын эске албай жатат деп сындаганы да бар.

Америкада жашаган өзбекстандык көзкарандысыз байкоочу Абдуманноб Пулатов “Азаттыкка буларды айтат.

“Албетте, Америкадан жогорку даражадагы бийлик өкүлдөрү Ташкенде сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү келишкенде, адам укуктары боюнча да сөз болот. Андыктан бул жолу да “саясий себептер менен” түрмөдө жаткандардын бир-экөө бошотулушу мүмкүн. Бирок алдын ала айтыш кыйын, - дейт ал. - Анжиян окуяларынан кийин алака кескин начарлап кеткен эле. Бирок кызматташуу азыр эки тарапка тең керек. Америка Өзбекстанга, Өзбекстан Америкага керек. Ошондуктан мамилени оңдогонго аракет болуп жатат”.