""Хизбуттан" кайтканыма курсантмын" дейт Хафизулло Насыров сөз арасында. Ал уюмдун катарында жүрүп көп адамдын тагдырына жоопкерчиликсиз мамиле кылганын баса белгилейт. Хафизулло узак убакыт ойлонуп, карама-каршылыктуу ой толгоолордон кийин ушул чечимге келгенин айтты:
- Мени амир деп билген же аалым деп ишенген, жакшы көргөн башка бурадарларга насыятым бул: "Хизбут-Тахрирдин" катарынан чыккыла. "Хизбут-Тахрир" саясий максатта сунуш кылган исламдан бүтүн дүйнө тааныган кең исламга өтүүгө, Алла-Таала берген уруксаттардан пайдаланууга, машакаттарды жоюуга үгүт кылам. Өзүңүздү машакатка салбаңыз.
Андан ары ал өзү бир кезде жетекчилеринен болгон «Хизбут-Тахрирдин» ишмердигин сынга алды. "Анык диний жол-жоболорду көңүлгө алуунун ордуна саясий маселени баарынан жогору коюуда" деди Хафизулла. Мунун арты көп көйгөйдү жаратканын эске салган мурдагы лидер өзү башкарган уюмдан чыгып кетүү зарыл экенин баса белгиледи:
- Хизб - бул дин эмес. Хизбден чыгуу динден чыгуу же мазхабдан чыгып кетүү дегенди билдирбейт.
Хафизулло Насыровдун бир нече мүнөттүк видеокайрылуусу «Азаттыктын» өзбек кызматына келип түшкөн. Аны жөнөткөн адам кайрылуу күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан быйыл ноябрда жаздырылганын кошумчалаган.
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу кызматкери «видеокайрылуу кызматтык колдонуу үчүн жаздырылган. Аларда муну таратуу планы жок эле. Сыягы, кызматкерлердин бирди-жарымы Интернетке жарыялап салган го» деп кесиптештерге атын атабастан маселенин чоо-жайын түшүндүрдү.
Видеодогу киши чын эле Хафизулло Насыров экенин анын туугандарынын бири ырастады.
Насыров 47 жашта. 1997-1999-жылдары «Хизбут-Тахрир» диний уюмунун Өзбекстандагы «амири» же лидери болуп саналган. 1999-жылдын 16-февралындагы Ташкенттеги удаама-удаа жардыруулардан көп өтпөй кармалган. «Конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү», «мыйзамсыз уюм түзүү» жана башка оор айыптар менен 20 жылга кесилген.
«Азаттыктын» өзбек кызматынын кабарчысы Сирожидин Ислам ошондо сот процесстерине катышып жүргөн. Акыркы сөзүндө Насыров мусулман өлкөлөрүндө «халифат» куруу кыялы бар экенин айтканын белгилейт. Мен ага азыноолак суроо узаттым:
- Азыр Өзбекстанда бул уюмдун таасири, абалы кандай?
- Таасири жокко эсе. "Хизбут-Тахрирдин" көп тарапташтары Ташкенттеги жардыруулардан тартып 2005-жылга чейин миңдеп камалган. Жүздөгөн мүчөлөрү камакта өлдү. Жүздөгөн тарапкерлери азыр да отурат. Жыйырма жылдай отуруп, өз турумунан кайтпагандары да бар. Мөөнөтү бүтүп, эркиндикке чыкканы да бар. Бирок эркиндикте алар же башка мүчөлөрү өз идеологиясын таратып жатат деп айта албайбыз.
- Насыров өз тарапташтарын "Хизбуттун" идеологиясынан баш тартууга чакырып атат. Аны канчалык угушат деп ойлойсуз?
- Ал иш жүзүндө амир эле бойдон. Камалгандан кийин башкасы амир болот. Бирок мунун лидер катары дагы эле таасири бар. Албетте, уга тургандар көп, укпагандары да чыгат. "Жыйырма жыл чыдап, бир жыл чыдай албады", "көбүнө чыдап, азына түтпөдү" деген пикирлер биздин сайтка келип жатат. Ойлоп көрсөңүз, 20 жыл бир идея үчүн абакта отуруп, акыркы жылында «жок, жаңылган экенмин» дегени кандай?
«Хизбут-Тахрирдин» ишмердигине Орусияда, Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да тыюу салынган. "Уюмдун мүчөлөрү диний адабиятты таратууга аракет кылган" деп, атайын кызмат аларды такай кармап келет. Акыркы ирет быйыл сентябрдын аягында Ысык-Көл облусунан 29 жаштагы эки жаран ушул уюмдун мүчөсү катары кармалган.