Молотов-Риббентроп пактына 75 жыл толду
Германиянын тышкы иштер министри Иоахим фон Риббентроп (cолдо), советтик лидер Иосиф Сталин жана СССРдин тышкы иштер министри Вячеслав Молотов (оңдо) Кремлде келишимге кол коюлардын алдында, 1939-жылдын 23-августу.
Молотов келишимге кол коюп жатат. Советтер Союузу келишимге кол коюлгандан кийин согуш башталгыча өз армиясын күчтөндүрүп алганга жетишкен.
Иоахим фон Риббентроп пактка кошумча Достук, кыматташтык жана демаркациялоо жөнүндө келиишмге кол коюлгандан кийин Иосиф Сталиндин колун кысууда.
Германия менен СССР Борбордук жана Чыгыш Европаны өз кызыкчылыгына жараша бөлгөн жашыруун протоколдун акыркы барагы.
Германия менен СССР Борбордук жана Чыгыш Европаны өз кызыкчылыгына жараша бөлгөн жашыруун протоколдун акыркы барагы орус тилинде.
Молотов-Риббентроп пакты боюнча демаркацияланган карта 1939-жылы 18-сентябрда "Известия" гезитине басылган. Андан бир күн мурун Советтик армия Польшага кирген.
Немисттик жана советтик аскерлер "Тынчтык чек арасы" деп аталган демаркация сызыгында жолугушууда. 1939-жылдын сентябры.
Советтик комиссар Владимир Боровицкий немисттик аскерлер менен Брест-Литовск (азыркы Беларустагы Брест шаары) шаарында Польшаны бөлүү боюнча сүйлөшүүдө.
Немисттик жана советтик жоокерлер Брестте жолугууда, 1939-жылдын 22-сентябры.
Советтик жана немисттик армия Брест шаарында, 1939-жылдын 22-августунда алар бирге параддан өтүшкөн.
Брестте советтик комиссар Боровицкий советтик жоокер менен брондолгон техниканын жанында турат.
Немисттик полковник Густав-Адольф Рибел менен советтик командир Семен Кривошеин Брестте өткөн советтик-немисттик биргелешкен парадда кол алышууда.
"Правда" гезитине жарык көргөн Молотов-Риббентроп пакты, 1939-жылдын 28-сентябры.
"Newsweek" журналынын сыртына басылган Сталин менен Риббентроптун сүрөтү, 1939-жылдын 9-октябры.
Молотов (солдо) Берлинде, 1940-жылдын 14-ноябры. 1941-жылы 22-июнда Германия Советтер Союзуна кол салганга чейин өз ара кол салышпоо жөнүндө пакт күчүндө турган.