Кадр артында: сүрөттөгү тарых

Режиссёр Геннадий Базаров өзү тарткан "Буктурма" тасмасында. 1968-жыл.

Эл артисти Гүлнара Чокубаева Каныкейдин образында.

Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова "Көчө" тасмасында. 

"Көчө" тасмасынан алынган кадрлар.

1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына карата тартылган көркөм тасма.

Манастын 1000 жылдыгына карата көркөм тасма тартуу учуру. 1995-жыл.

Кинорежиссёр Геннадий Базаров менен кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиев. 1974-жыл.

Геннадий Базаровдун "Буктурма" тасмасын тартуу учуру. 1968-жыл.

Кыргыз ССРнин эл артисти Алиман Жангорозова “Каныбек” фильминде.

"Ак кеме" тасмасын тартуу учурунда. 

Геннадий Базаровдун “Буктурма” тасмасында. 1968-жыл.

Геннадий Базаровдун “Буктурма” тасмасын тартуу учуру. 1968-жыл.

“Токтогул” фильминдеги кадрлар. 1960-жыл.

Кинорежиссер Төлөмүш Океев жазуучу Аалы Токомбаев менен.

Геннадий Базаров кино тартуу учурунда. 1968-жыл.

"Каныбек" көркөм тасмасын тартуу учуру.

"Буктурма" тамсасын тартуу процесси.

Бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун түптөлгөнүнө 80 жыл толду. 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзеде (азыркы Бишкек) “Кыргызфильм” киностудиясынын пайдубалын түптөгөн хроникалык-даректүү тасмалар студиясы ачылып, алгачкы жолу “Советская Киргизия” деген кинохроника тартылган. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган.