“Улуттук музейди ачуу менен маселе чечилбейт”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Улуттук тарых музейи беш жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүлөргө кайрадан эшигин ачты. Адистердин баамында музейдин ачылышы өкмөттүн жана илимпоздордун алдына жаңы милдеттерди жүктөдү.
Ушул жана башка маселелер “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды. Талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев жана тарых илимдеринин кандидаты Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кубат Табалдыев катышты.